ЭМИ ЫРЧЫЛАРДЫН 90 ПАЙЫЗЫ САХНАДАН АЙДАЛАБЫ?

Элге ачык айтпаганы менен ырчылар арасында тымызын Көркөм кеңешке болгон сокку күч алууда. Катуу кысым болсо пикет-митингге деле чыккандан кайра тартпагандар бар экенин билебиз. Маданият жана туризм министрлигинин алдында түзүлгөн Көркөм кеңештин мүчөлөрү буга кандай көз карашта? Дегеле, Көркөм кеңеш бизге керекпи?..

Кеңештин курамына маданият чөйрөсүндөгү төмөнкү инсандар тандалып алынган.

Түгөлбай Казаков: “БИЗДЕ КОРРУПЦИЯ БОЛБОЙТ”
– Өз жолубузду таба турган мезгил келди. Уккан музыкабыз, ырыбыз, кийген кийимибиз кыргыз жыттанып турганда гана чыныгы искусство жана талант тарыхта калат. Анан да Көркөм кеңештин төрагасы катары айта кетчү нерсе, бизде эч кандай коррупция болбойт. Эгерде эле кеңештин мүчөлөрүнүн бири табитсиз, себепсиз эле бир начар ырды же ырчыны колдоп-коштоп туруп алса, анын коррупционер экендиги билинип калат. Анын өзүн кеңештен четтетүү жөнүндө сүйлөшөбүз. Комиссиянын мүчөлөрү таза, так иштеп берет деп ишенебиз (теледе сүйлөгөн сөзүнөн).


Канат Култаев: “ТАЛАНТЫНА ЖАРАША БААЛАНАТ”
– Чындыгында, менин моюнума биринчи ирет ушундай чоң жоопкерчилик жүктөлүп жатат. Бул кеңештин курамында өзүмдүн бар экендигимди биринчи жыйын болордон бир күн мурун гана билдим. Калыс жана так түзүлгөн деп ишенем. Тизмени Маданият министрлиги өзү түзгөндүктөн, эч кимдин жеке кызыкчылыгы жок. Кеңештин сыноосуна келген бардык ырчылар талантына жараша бааланат.



Жаныбек Чилетиров: “БИЙЧИЛЕРГЕ ДА СЫН КЕРЕК”
“Мен ырдайм” дегени эле чыгып ырдай бербей, сахнага чыныгы таланттар чыкса жакшы болмок. Буга, албетте, Көркөм кеңеш жардам берет. Ал эми хореограф катары айтсам, ырчыларды коштоп бийлеген бийчилерге да сын керек. Кийген костюмунан тарта ар бир кыймылы бийлеп жаткан музыкага жана ырдын сөзүнө төп келиши керек.




Таалай Зулпуев:
УЙДУ ДЕЛЕ МӨӨРӨТҮП КОЙСО БОЛОТ”
– Көркөм кеңеш түзүү деген маселе дал убагында козголду деп ойлойм. Себеби азыркы ырчылар студияга барып үнүн кооздоп, жетпеген жерине коштуруп алып эле аншлаг менен концерт берип, элди алдап жатышат. Уйду деле студияга алпарып мөөрөтүп, ыр кылып чыгарып койсо болот да. Кеңешти түзүү менен чыныгы таланттарды колдоп, элди сапаттуу ыр, сапаттуу музыка менен камсыз кылсак деген эле максат.

Анатай Өмүрканов: “ТУУРА ЭМЕС ЫРЛАР ТИЛГЕ ТААСИР БЕРҮҮДӨ”
– Ушул кеңеш, менимче, эң керектүү. Себеби акыркы кезде таптакыр эле түшүнүксүз сөздөр менен жазылган ырларды аткарып калышты. Таң каласың. Төрт сап ырдын бирин өзбекче, бирин англисче, дагы бирин тажикче ырдап жатышпайбы. Мындай баш аламандык тилибизге да терс таасирин тийгизүүдө.

Гүлшайыр Садыбакасова: “КЫЗ-БУРАК” ӨТПӨЙ КАЛСА ТЕРИКПЕЙМ”
– Көркөм кеңештин курамындагылардын 90 пайызы тажрыйбалуу инсандар. Бирөөнү көтөрмөлөп, бирөөнү бутка теппейбиз деп ишенем. Моюнга алыш керек, акыркы кезде ырлардын сөздөрү да, обондору да, аранжировкасы да эптеп эле болуп калды. Мисал катары “Кыз-Бурак” тобун эле алсам. Бизде деле мааниси начар ырлар болгон. Эми кеңешчи топтун сынынан ал ырлар өтпөй калса, мен терикпейм.



Тазагүл Закирова: “СӨЗ ӨНӨРҮН СЫЙЛАШ КЕРЕК”
– Бул кеңештин түзүлгөнүнө абдан кубанычтамын. Себеби акыркы кезде, өзүңөр билгендей, каалаган адам каалагандай жамактап ыр жазып же музыкасына төп келтирбей эле ырдап жатышпайбы. Өнөр адамы болгон соң сөз өнөрүн да сыйлаш керек. Акыркы кезде биздин көркөм-эстетикалык табитибиз таптакыр туура эмес жолго түшүп бараткан эле.

Рахман Разыков: “КУУДУЛДАР ТОЛИК СЫНЧЫНЫ ЭСКЕ АЛЫШЧУ”
– Мурдатан эле ушул сыяктуу сахнадагы аша чапкандыктарга тизгин салуу керек экенин ойлоп жүрчүмүн. Башкасын коюп сатира жаатын айтканда эле, акыркы күндөрү тамашаларда уят сатиралар абдан көбөйдү. Эч ким тескебейт. Кээ бир куудулдар гана силердин гезиттеги Толик сынчынын сынын эске алып сатира жазып калышпаса, дээрлик көпчүлүгү сынды ойго албайт. Эми андай тамашаларга бөгөт коюлат.



Саламат Садыкова: “КИЙИМДЕРИН ДА КӨРСӨТҮШҮ КЕРЕК”
– Акыркы кезде ырчы кыздарыбыздын, кечирип коюшсун, жоон сан, балтырын көрсөтүп той-топурда болобу же концерттеби, ырдап жүргөнүн көрөсүң. Эми тойго сакалын жайкалткан карыялар, ак элечек энелер барышат дегендей. Эч тартынып койбостон алардын алдына чыгып ырдай беришет. “Эл адамы болгон соң жаштарга ушул силер айтпайсыңарбы...” деп бизге да нааразы болушат. Эми ырчылар мамлекеттик мекемелерде концерт берер алдында бир ай мурун концертке кийип чыкчу кийимдеринин сүрөтүн алып келип биздин сынга бермей болушту. Ал эми ырларынын тексттери, музыкасы, үнү туурасында айтпай эле коёюн.



Курмангазы Азыкбаев:
“ЫРДАЙ АЛБАГАНДАР СӨЗ ЧЫГАРЫШУУДА”
– Коомчулукта “ушунун эмне кереги бар эле?” деген пикирлер болууда. Аны ырдай албай коркуп жаткандар чыгарып жатышат. Азыр Совет мезгилиндегидей кеңеште чиновниктер отурган жок да. Ал илгери болчу, маданият дегенди түшүнбөгөн эле адамдар чечип койчу. Азыр баары сапатка, талантка байланыштуу. Бул цензура эмес, ыйык сахнаны коргоо.




Замира Молдошева:
“ӨЗ ТАБИТИМДИ ТАҢУУЛАБАЙМ”
– Мага чалып “сизди Көркөм кеңештин мүчөсү кылып тизмеге киргизип койдук” дешти. Чогулуштарына барып жатам. Бул иштерди мен жөн гана ырчыларга жардам берүү деп түшүндүм. Ар бир адамдын табити ар башка. Сөзсүз эле Замира Молдошевага жаккандай кийим болушу керек эмес. Мен өз табитимди аларга эч качан таңуулабайм. Болгону, багыт берем.




Жамиля Муратова:
“ФОНОГРАММА МЕНЕН ЫРДАБА ДЕБЕЙБИЗ”
– Көркөм кеңеш бул – жөн гана жаштарга жол көрсөтүп, жардам берүү дегендик. Азырынча “фонограмма менен ырдаба” дегенге акыбыз жок. Анткени бул тууралуу мыйзам кабыл алына элек. Ал эми концерт берүүчүлөрдүн репертуарларын текшерүүгө кириштик десем болот. Мисалы, мен жакында чыгармачылык кечемди өткөрүп, концерт бергени турам. Ошол концертте ырдалчу ырларымды Көркөм кеңешке текшертип, уруксат күбөлүгүн алдым.




Өмүрбек Андарбеков:
“МЕН ЖАШ ЫРЧЫЛАРДЫ СЫНДАЙМЫН”
– Бул кеңешке мүчө болгондон бери эл арасында “жаш бала кантип сындамак эле?” деген сөздөр айтылууда. Албетте, мен буга капамын. Себеби мен улуу муундагы тажрыйбалуу ырчыларды эмес, жаш ырчыларды гана сындаймын. Туура, менин улуу муундарды сындаганга укугум да, тажрыйбам да жок.




АЛ ЭМИ КӨРКӨМ КЕҢЕШТИ ЫРЧЫЛАР КАНДАЙ КАБЫЛ АЛЫШУУДА?

Дайыр Исмадияров: “ЫРЛАРЫМДЫ СЫНАТПАЙМ”
– Биз жеке ырчы болгондуктан, эч кимге көз каранды эмеспиз. Мен ырларымды сынатпайм. “Сен муну ырда, тигини ырдабайсың” дей тургандай алар бизге айлык төлөп берип жатыптырбы?! Көркөм кеңештин ар бир мүчөсүнө жага албайсың да. Өздөрүнүн эле “балдарын” чыгарышат. Анан баягы эле жагалданмай, коррупция дегендер башталат. Эгер Көркөм кеңеш иштесе, биздин шоу-бизнес өспөйт. Алардын сызган сызыгы менен эле кетсе, кандай өнүгүү болмок эле?



Айчүрөк Иманалиева:
“ТААНЫШ-БИЛИШ БОЛУП КЕТПЕСЕ ЭЛЕ...”
– Мага Көркөм кеңеш деген сөз жат эмес. Анткени мен жаңыдан ырдап чыга баштаган чакта эле алар бар болчу. Бирок ал кезде 30-40 жыл эмгеги бар акын, композиторлордун сынынан өтчүбүз. Ал эми азыркы Көркөм кеңештин курамында кимдер бар экенин билбейм. Эгер тааныш-билиш, дегеле кыргызчылык болуп кетпесе, ырчыларга мындай кеңеш керек.



Айбек Карымов:
“ЧЫГАРМАЧЫЛ АДАМДАРГА БӨГӨТ КОЁТ”
– Көркөм кеңеш демократиялуу өлкөдө чыгармачыл адамдарга бөгөт коёт. Анткени жаңы чыгып келе жаткан ырчылардын жылдызы жанбай калышы мүмкүн. Коррупцияга да ачылган жол. Жеке мен үчүн Көркөм кеңештин кереги жок. Кеңештин курамында кимдер бар экенине да кызыккан жокмун. Бирок мыйзам кабыл алынса, кайда качып-кутулмак элек, баш иебиз да. Мен ырларым үчүн жооп бере алам.



Бактыгүл Бадыева:
“МЕН СЫНДАН КАЧПАЙМ”
– Көркөм кеңеш тууралуу сиздерден биринчи угуп жатам. Чынын айтсам, кубандым. Кеңештин курамындагы адамдарды атаганыңызда, бардыгы эле мен сыйлаган инсандар экен. Андыктан ырларымды сынатыш керек болсо качпайм. Кокус бир ырымды өткөрбөй коюшса, капа деле болбойм. Ырчылык менин хоббим эле.




Максат Бегалиев:
“КОМУЗ МЕНЕН ЫРДАЙ БЕРСЕК АРТТА КАЛАБЫЗ”
– Мен жандуу үн менен ырдагандан же кийимден качкан жокмун. Бирок Көркөм кеңешке каршымын. Түшүнөм, бир чети ырчылар жайнап кетти деп жатышкандыр. Анткен менен бул жерде ырчыларды кайра артка тартып жатышат. Көркөм кеңешсиз эле биздин таланттар эл аралык сынактарга чейин катышып жатышпайбы. Аларга эч ким жардам берген жок. Ырчыны эл сындайт. Теледен көрүп калдым, “комуз менен ырдаш керек, даңк-дүңк ырлар толуп кетти” деп жатышканын. Комуз менен эле ырдай берсек артта калабыз да. Жаңы муун болгондон кийин өсүшүбүз керек.



Бекчоро:
“ЫРЧЫЛАРДЫ ЖАРГА ТАКАШТЫН КЕРЕГИ ЖОК”
– 200 пайыз каршымын. “Ырчыларга эч кандай шарт жок” деп нааразы болуп эле келе жатабыз го. Анан кошул-ташыл болуп Көркөм кеңештин түзүлгөнү туура эмес. Мисалы, мен бир ырды 500 долларга жаздырам, анан ал чыгармам аларга жакпай калып өткөрбөй коюшса менин акчам, ырым күйүп кетмек беле? Балким, радиодо ал ыр хит болуп кетет. Эл өзүнө жаккан ырды угуп, жакпаганын укпай коё алат. Минтип ырчыларды жарга такаштын кереги жок. Буга чейин чыгып келген стилимди алар өзгөртө алышпайт. Көз айнегимди чечпейм. Баары бир тааныш-билиш болот да, ачык айтылбаса да, акча табуунун жолу болуп калышы мүмкүн.



Султан Садыралиев:
“ЫРЫМДЫ ӨТКӨРБӨСӨ ӨТКӨРБӨЙ КОЮШСУН”
– Мага Көркөм кеңеш барбы, жокпу, айырмасы жок. Ал тургай курамында кимдер бар экенинен да кабардар эмесмин. Ырымды өткөрбөсө өткөрбөй коюшсун, коркпойм.





Ильяз Андаш: “ЫРЧЫЛАРДЫ КАРАГАН БИРӨӨ БОЛУШУ КЕРЕК”
– Анча-мынча саны бар, сапаты жок ырчылар жоголсо жакшы эле болмок. Андыктан Көркөм кеңеш түзүлгөнү абдан жакшы болду. Ырчыларды да караган бирөө болушу керек.






Сапар Эркебаев: “ОЙМО-ЧИЙМЕ КИЙИМ КИЙБЕЙМ”
– Менин музыкалык билимим бар. Алэми угушума караганда, Көркөм кеңеште музыкалык билими жоктор да бар экен. Эми ушундай болмок беле? Замира Молдошева кийим жагын карайт экен. Мисалы, мен ал тиккендей оймо-чийме кийимдерди кийгенди жаман көрөм. Анан стилим ага жакпай калса сахнага чыкпай каламбы? Мага Көркөм кеңеш деген жаккан жок.




«Супердин» сурак бурчу

СИЗ КӨРКӨМ КЕҢЕШТИН МҮЧӨСҮ БОЛСОҢУЗ, КАЙСЫ ЫРЧЫНЫ СЫНДАН ӨТКӨРБӨЙ КОЁТ ЭЛЕҢИЗ?



Айнура Жумабекова, педагог:

– Бир хит ыры жок ырчы Ома деле Көркөм кеңештин мүчөсү экен го. Демек, мен деле мүчө болсом жарашмак, ага караганда. Өзүмдү ошол орунда элестетип көрүп, Айпери Кубик кызын өткөрбөй коймокмун деп ойлодум. Ал кыз кичине коё турса болмок сахнаны. Атасынын эле ырлары менен чыгып жүрөт.


Эмил Шыгаев, студент:
– Мага ырчыларды сындоо мүмкүнчүлүгү берилип калса, анда Султан Садыралиевди өткөрбөй коёт элем. Өзү популярдуу болгону менен, "сүйөм-күйөм" деген жеңил-желпи ырларды көп ырдайт. Аны эптеп эле акча тапсам деп жүргөн ырчы катары эсептейм.


Бегимай Муратбек кызы, менеджер:
– Кийим жагынан алганда, Каныкейди өткөрмөк эмесмин. Анын боёнгону, кийген кийими сахнага туура келбейт деп ойлойм. Ал эми ырдаган жагынан алсам, Бактыгүл Бадыева, Айгерим Расул кызы, Айпери Кубик кызынын үндөрү жок, ырдай алышпайт. Минтип мен эле эмес, көпчүлүк ойлосо керек.



Алмаз Теңизбаев, ишкер:
– Өткөндө бир концертке барып калдым. Жандуу ырдашмак экен ырчылар. Ошондо Эрлан Андашевдин үнү жок экенин байкадым. Такыр жандуу ырдай албады. Мындай ырчылардын санын, чынында, азайтыш керек. Көркөм кеңештин мүчөсү болгонумда ушул жигитти, анан Бактыгүл Бадыеваны өткөрмөк эмесмин.



Алия Турар кызы, пенсионер:
– Мен Казакстандан Бишкекке конокко келдим. Бирок кыргыз жылдыздарын тааныйм. Айрыкча Роза Аманова аттуу ырчыңарды ушунчалык жакшы көрөм. Көркөм кеңеш түзүлгөн болсо абдан жакшы. Мен да ал жакка мүчө болсом, бардыгын тең бирдей өткөрмөкмүн. Аракет кылып жатышат да жаш ырчылар деле.



Уран Жумалиев, жеке ишкер:
– Бактыгүл Бадыева, Даниель, Дайыр Исмадияров – үнү жок экендиги аз келгенсип сапатсыз ырларды ырдаган ырчылар. Эл жүрөгүндөгү Бек Борбиев сыяктуу ырчылардан өтөрү жок. Мен ушул үч ырчыны өткөрмөк эмесмин. Ырдаганды үйрөнүшсүн, анан сахнага чыгышсын.


Айгерим Мавлянова, студент:
– Бекчоронун стили жүрөк түшүрөрлүк. Айрыкча көз айнекчен сахнага чыгып жатканын колдобойм. Көркөм кеңештин мүчөсү болуп калсам, ушул ырчыны өткөрбөй коймокмун. Анткени стили гана эмес, ырдаганы деле көңүлгө толбойт.

Венера Кабакбек кызы

 Кыстарылган видео 
Ырчылар Көркөм кеңешти кандай кабыл алышты?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (51)
u86
2012-03-01 01:41:31
Ырчыларды тазалайбыз дешсе, анда чет элдиктердин баарын тазалаш керек. Эгер чын эле тазаласа, жаштардын көбү чет элдик ырларды угуп калышат. ансыз деле кыргызчаны аз угат. Кенеш ашып кетсе, өтпөй калган ырларды мамлек-к радио-телеканалдардан бердиртпей коёттур, аларды жаштардын көбү угуп көрөт дейсиңерби. Азыр Интернет, телефон арк. эле тарайт да, билесиңер. Көрсө эле, чет элдик каналдарды көрүшөт, аларды т
0
nurik.91kg
2012-12-25 01:57:39
u86, Кобуроок кыстарып койсо откозуп деле койушат, бул ырчылардын налоговый инспекциясы экенда
0
jasgul
2012-03-01 11:12:56
Султан менен Мирлан Баеков коркпостон корком кенешке барса болот,ал эми Айпери Кубик кызы, Сайкал, Айгерим, мынкылдаган Даниелге да кыргыз сахнасынан орун жок, Канат байкеси эмне кылаар экен Алихан менен Даниелин ммм....
0
jasgul
2012-03-01 11:17:44
бирок корком кенештин составы туура эмес тандалган, Молдошева 5-каналдабы же элТРдеби кийинуу стили боюнча болуп жаткан коргозуудо эч жаман дебейт, эптемей кийинип чыкса деле мага жакты дей берет, ал жерде деле ошондой болуп отурса керек, Т. Казаков туура багыт берет деген ойдомун башкаларга, Омага не жок....
0
hstkind
2012-03-01 13:04:22
men baaaaardyk estradada jurgon yrchylardy synga alam! sebebi degende fonogramma menen yrdait , keede fonogramma jok bolso , studiyada jazylgan yrdy koidurat dagy oozun kyimyldap eldi aldai yrdai berer, alardyn ichinen atai ketsem - atabekov, bekchoro, sultan, omar, jana bawkalar, betteri jok! rossiyanykyndai ele myizam turundo alyp salsa oool sonun bolot, owondo gana talanttuular kalsyn.. atabekovdu minusovkany koyup turup chynygy oz unu menen yrdatyp korsonor eki yrdan kiyin bolboi ele kalat
0
nurik.91kg
2012-12-25 02:00:33
hstkind, Хех))) сенин вкусун не то го ээээ же ырды угушту билбейт окшойсун
0
taira
2012-03-03 00:32:56
Тузулгону го жакшы бирок профессионал композиторлор аз экен. Омурбек озун туура баалаптыр тажрыйбам жок деп. Ордунду бер.Роза Аманова ж.б эже агайларга. Канат Култаевга кудай берди.Т.Казаков гана туура шайланган.
0
kezjibek
2012-03-03 10:40:52
сапар кандай мындай
0
tokish
2012-03-04 01:21:07
Урматтуу корком кенеш! Сиздерге ишенели дейин сиздерге мучо болгон Култаевдин "МУЗ ОБО" беруусунон 2-3 кун мурда Чолпонай деген ырчынын Ша-ла-ла-ла деген ыры берилди. Бир аз уктум,эч мааниси жок! Анан башка каналга которуп десем жибердим. Ша-ла-ла-ла деген эмне деген соз?! Негизинен раио, ТВларды ушуга окшогон ырлардан тазалоо керек. Ырдагыла ырчылар,бирок созу обонуна конул болгуло. Элди алдабай жандуу ырдагыла. Эми уну жок ырчылар без конца тырындашаары турган кеп. Баарынарга рахмат!
0
u86
2012-03-04 03:31:02
Андай болсо корком кенештин мучолорун эл шайлашы керек.
+1
u86
2012-03-04 03:37:52
Жакпаган ырды укпай койсонор эле өзүнө-өзү жок болот, эмнеге кыйналасынар. Жаштар бузулганына тигини-муну күнөөлөбөй балдарыңырды ар-кимиңер өзүңөр тарбиялагыла.Пайдубалы жакшы түптөлгөн үй гана кырсыкка туруштук берет.
0
kyrgyzajym
2012-03-04 15:22:08
Kandaj sonun.Myna ushintip ushul ubakyt da kelip kalganyna Men abdan kubany4tamyn!:)
"Korkom Kengesh"!!!
Chyndap ele jogoruda ajtylgandaj:"Eldi aldap,jalgan un,jalgan talant menen karapajym Kalkty aldap,konzert kojup,ozulorunun kap4ygyn kompojtkon yr4y "Lampo4kalaldan" kutulabyz!!!
Tomondogu okurman BiLLy Beck korsotkon jana da bashka "Lampo4kalardan" bizdin sachnany tazalash kerek!
Konzert koebu je toj-ke4elerge baraby,Eldi aldabaj "Janduu Un" menen yrdashsyn degen
0
kyrgyzajym
2012-03-04 15:28:15
talap kojulushu kerek!
Yrlarynyn maanisine da 4ong Konul Bolushu kerek!!!
Yr4ylardyn"Ajabaj jagymduu,janduu Unu" bolushu kerek!
Meni da KK koshup kojgula;)(tamasha)
0
Melis-Aruuke
2012-03-05 01:41:13
Мага такыр Нон стоп дуэти жаккан жок,анан Кенеш тобунун аялынын уну жок,Дайырдын ырлары да жаман,Добр,Кундуз ой жаза берсен баары эле...
0
kirpik
2012-03-08 23:51:57
жаны ырчылардын 90%открбой коюпсунар анда ким ырдайт бизге ар кимдин оз табити анан кенешчилер каалагандай тандап койсо кимди угабыз мисалы магм мирбек атабеков жакпайт бир ырын деле укпайм андан коро элге кою керек
0
kirpik
2012-03-08 23:56:03
саламат садыкова озу миний юбкачан журуп кимге узун койнок кий деп сындайт биринчи озунорду карагылачы кузгудон
0
kirpik
2012-03-09 00:00:07
комуздун озунун орду бар кошо турган кошпой турган ал деген кылымдап жашаган нерсе ал эми карветти коюп компьютерди ыргыткан мумкун эмес жамиля муратова бекер ырдаса да ким угат
0
№ 486, 24-февраль - 1-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан