"Ата Мекендин" депутаттары болгон Өмүрбек Абдрахманов менен Равшан Жээнбековду фракциядан чыгарышат" деген кеп Ак үйдү аралап жүрөт. Алардын партиянын позициясын колдобогону жана негизги маселелерде принципке таянып каршы чыгып жаткандары буга себеп болууда делет. Маселе жакында “Ата Мекен” партиясынын отурумунда чечилмекчи.
Өмүрбек Абдрахманов Равшан Жээнбеков экөөнү “Ата Мекен” партиясынан чыгаруу каралып жатканын билбегенин айтты. Бирок экөөндө партия лидери Өмүрбек Текебаев менен болгон түшүнбөстүктөр бар экенин билдирет. “Менин интригадан башка кыла турган маанилүү иштерим бар. Эгер бизди чыгарып салышса, анда биз “эркин” депутат болобуз ”,- дейт ал.