ЖКнын депутаты Исмаил Исаков “электр жарыгын экспорттоонун өздүк наркы
1 сом 8 тыйын болсо, анда эмне себептен Казакстанга 1 сом 3 тыйындан арзан сатылып жатат?” деп катуу сындады.
“Кыргызстандагы ГЭСте өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркы 2000-жылы 1 тыйын болчу. Акаев аны 3 тыйынга жогорулатты, Бакиев 5 тыйынга көтөрдү. Биз ага да макул болдук. Жакында өздүк наркты эсептеп чыктым, ал 7,26 тыйынды түзөт. Сатууда ал 19 тыйынга көтөрүлүп, үстүнө электр энергиясын керектөөчүлөргө жеткирүүчү станциялардын кызматы катары 12 тыйын кошулат. Жалпысынан 1 кВт электр энергиясы 31 тыйын эле болот. Анан эмнеге бааны кымбат кылабыз деп жатасыңар?”- деди ал.
Электр энергиясы учурда Кыргызстанда карапайым калкка
1 кВт 70 тыйындан сатылат. Эгерде Исаковдун сөзүнө ишенсек, ал электр жарыгынын өздүк баасынан эки эсе кымбат.