Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Кыргызстандан чыккан космонавт Салижан Шариповду 2010-жылкы Ош коогалаңын уюштурууга катышкан болушу мүмкүн деди. "Ош коогалаңын уюштурду" деген күнөө менен сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров мүлкүнүн бир бөлүгүн Салижан Шариповдун атына каттатканынан күмөн санайт. Ош коогалаңынан кийин Кыргызстандан качып кеткен Батыров Швециядан баш паанек алган.
Салижан Шарипов Кыргызстанда эч кандай мүлкү жок экенин айтып: “Эгерде жок дегенде бирөөнү тапсаңар, аны силерге бекер берүүгө даярмын. "Атамбаев ушинтип айтты" дегенге ишенбейм. Жакында ал расмий сапар менен Москвага келгенде жолугуп сүйлөшөм”,- дейт.
"Эл сыйлаган космонавт менен Кадыржандын кандай катышы бар?" деп баары айран-таң. Көрсө, Кадыржан мырзанын “Дустлик” ААКсын 2011-жылы 15-июлда космонавт Салижан Шарипов сатып алганы ачыкка чыгыптыр. Кээ бир булактардагы маалыматтарга ылайык, Батыровдун жубайы Карамат Салижан мырзаны жардам берүүгө чакырган, анткени ал космонавттын жубайы менен жакшы тааныш экен. Шарипов боорукер, саясатчылардан баштап укук коргоочуларга дейре жардам бергенден улам ушуга кабылды дешүүдө.