– Мен Кыргызстандын атуулу катары элиме кайрылып жатам. Биз шайтанга азгырылып, алдамчылык, ыймансыздык, "булбул", "тоту куштардын" артынан ээрчибей, элибиздин бүтүндүгү үчүн андайларды арабыздан тазаласак. Кызматка жетпей калып, кызмат үчүн элдин бүтүндүгүнө бүлүк салгысы келген саясатчылардын куралы болбойлу. Болбогон акчага абийирибизди сатып, митингге чыгып тоту куштай үйрөткөн сөздү айтып кыйкырбайлы. Жергиликтүү паракорлорго жалпы журт каршы чыгып, өлкөнү өнүктүрүүгө ар бирибиз иш жүзүндө салымыбызды кошсок, бакубат жашоого жетебиз.
Азыркы өкмөт жакшы программаларды иштеп чыгып, турмушка ашырууга жан үрөп жатат. Аларга бут тосуп, тоскоолдук кылганды ким дейбиз? Менин өзүмдүн жеке оюм, эл душманы дээр элем. Бабанов менен Атамбаев элди бакубат турмушка жеткиребиз деп бир ой, бир максат менен иштеп жатышат, ал иштерден жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк берели.
Касымбек Карабаев,
Кара-Буура району, эмгек ардагери