ЭЛИЗАБЕТ ЙЕГГЛЕ
Элизабет Йеггле Германиянын депутаты парламенттер аралык кызматташуу боюнча отурумда "Германия эски автоунааларды Кыргызстанга экспорттоого тыюу салса жакшы болмок" деген сунушка:
“Германия экспорттобой эле, Кыргызстан өзү колдонулган автоунааларды сатып алып жатат”,- деп тамашалады.
АХМАТБЕК КЕЛДИБЕКОВ
ЖКнын комитетинде бюджетти талкуулоо учурунда Адилет министри Алмамбет Шыкмаматов менен “Ата Мекендин” депутаты Өмүрбек Абдрахманов кызуу талашка түшкөндө:
“Силердин оппозицияда эле жүргөнүңөр жакшы экен”,- деп мыйыгынан жылмайды.
Турдугул Каримова
politika@super.kg