Ассоль Молдокматованын интернеттеги социалдык тармактарга жүктөлгөн сүрөттөрүн көргөн адамда “Мушкер Алмазбек Раимкулов экөөнүн ортосунда кандай мамиле бар?” деген суроо пайда болору турган кеп. Чынында эле Америкада жашап жүргөн кыргызстандык мушкер менен шоу-вуменди эмне байланыштырып турушу мүмкүн? Достукпу же сүйүүбү? Жүктөлгөн сүрөттөргө караганда, экинчисине көбүрөөк ыктайт экенсиң. Андан да ошол сүрөттөрдү талкууга алууда экөө бири-бирине жооп кылып жазган билдирүүлөрү кызыгууну жаратпай койбойт.
Баса, Алмазбек мырза жубайы менен бир жыл мурун ажырашканын жарыялоого да жетишти. Эки атактуунун сүрөттөрүнө төмөндөгүдөй билдирүүлөр келип, алигиче оозун жыя электер, жакасын кармап таң калгандар көп, бакыт тилегендер да бар. Экөө интернет аркылуу сезимдерин айтып, агынан жарылып жаткан маал.
Ассоль айым өзүн-өзү пиарлаганды жакшы көрчү эле. Эгер бул сүрөттөр да атын чыгаруу аракетинде интернетке жарыяланган болсо, анда Ассоль максатына жетти.
Жакшылык Матан: – Мына сага сүйүү!
Токторалы Осконбаев: – Койгулачы? Куттуктайм! Бактылуу болгула!
Aimira Bekmuradova: – Куттуктайм! Бакыт силерге! Эми силерде 3 чемпион болуп калат тура.
Assol Moldokmatova: – Ооба. Алмаз, Жан жана Шабданчик.
Akylai Moldokmatova: – 3 чемпион бар экен. Эми ханыша эле жетишпей турат го дейм. Менин эмне жөнүндө айтып жатканымды түшүнгөн чыгарсыңар.
Almazbek Raiymkulov: – Сени ар дайым колума көтөрүп жүрүүгө даярмын!
Nazgul Nasieva: – Ассоль, мен эч нерсени түшүнгөн жокмун. Алмаздын сүйүктүү жары жана балдары бар го. Же ал аларды унутуп калганбы? Ушул жоругуңду түшүнбөдүм, кесиптеш?!
Assol Moldokmatova: – Сиз кабарлардан артта калган окшойсуз. Суроону Алмаз тарапка багыттайм.
Assol Moldokmatova: – Алардын ажырашканына бир жыл болуп калды.
Almazbek Raiymkulov: – Балдарымды жетим калтырбайм.
Almazbek Raiymkulov: – Ассоль, сен өзгөчөсүң!
Assol Moldokmatova: – Алмаз, сен дагы менин эң өзгөчөмсүң!
Almazbek Raiymkulov: – Ах, кандай кереметсиң, Ассоль!
Almazbek Raiymkulov: – Дайыма менин Ассолумду коргойм.
Assol Moldokmatova: – Биз менен пикирлеш болгон адамдарга рахмат!
Almazbek Raiymkulov: – Таарынбай, жылмайып жүр. Сен менин жан дүйнөмдүн нурусуң!
Nazgul Nasieva: – Мда-а, мен экөөңөрдү тең сыйлайм. Бирок бул сүрөттөрдү көргөн Алмаздын жубайына өтө оор болсо керек.
Assol Moldokmatova: – Адамдар табышат, ажырашышат жана ар бир адам бактылуу болгонго укуктуу. Назгүл, менимче, менин Алмазымдын айта турган ою бар болуш керек.
Almazbek Raiymkulov: – Назгүл айым, мен баарын өзүм чечем. Ким эмне көрөрүнөн же ойлоорунан кабатыр болбой эле коюңуз. Бардык нерсе эчак эле чечилген. Бойдок адам катары тандоо укугуна ээмин. Мени башкалар эмне кылары кызыктырбайт.
Nazgul Nasieva: – Вауув, кандай гана реакция! Кудай жалгасын!
Assol Moldokmatova: – Күчтүү, ак көңүл жана акылдуу менин Алмазым!
Almazbek Raiymkulov: – Бир гана сени менен жана сен үчүн!
Assol Moldokmatova: – Жан биргем менин!
Almazbek Raiymkulov: – Сени коё бергим келген эмес. Бирок кайра эле көрүшөбүз да...
Assol Moldokmatova: – Албетте...
Almazbek Raiymkulov: – Ал саатты жана күндү ишенип күтөм!
Saltanat Abdrahmanova: – Ассоль "Таш-Рабаттагы" Уландын акчасын бүтүргөн го. Өкүнүчтүү, өтө өкүнүчтүү, жасалма сүйүү.
Almazbek Raiymkulov: – Аныктап, түшүндүрүп жазып берсең жакшы болмок.
Saltanat Abdrahmanova: – Ассоль аныктап түшүндүрүп берген жокпу, бүт Кыргызстан билет. Эгер Ассолду чын дилиң, жүрөгүң менен сүйгөн болсоң, бакыт каалайм. Бирок сак бол. Бул жоопсуз сүйүү. Араңарды бузуу – максатым эмес, бирок Ассолдун мырзалар менен түзгөн мамилелерин элдин баары билет. Сени дагы ошол массага кошуп койбосо экен деген гана үмүт.
Almazbek Raiymkulov: – Элге менин жашоом ушунчалык кызык бекен?
Saltanat Abdrahmanova: – Балким, кызык эместир, бирок сен үчүн элге жарыялоо кызык болгон окшойт.