Демейде жаркылдап шайыр жүргөн Добр редакциябыздын босогосун аттаганда эле эмнегедир маанайы суз болуп, салкын саламдашты. Жан дүйнөсү буулугуп тургандай сезилди...
– Салам, Добр, кандайсың? Неге маанайың суз?
–Жакшы эле, баары жайында. Аба ырайынан го.
– Ошондой эле болсун. Чыгармачылыгыңда эмне жаңылык?
– Акыркы бир айдан бери мага илхам келбей жатат. “Патриот” жана “Мигрант” деген ырларды баштап койгом. Бирок аягына чыгара албай жатам. Чет жакка гастролго барып, ал жактагы мекендештерибиз менен баарлашып калганда ар кандай тагдырларды, ый-муңдарды угасың. Ошол нерселердин баарын “Мигрант” деген ырымда чагылдырып жатам. Буюрса, эң мыкты ырлардан болот. Мындан сырткары ушул жылы жети дубанды кыдырып концерт берүүнү чечтим. Көлдөн баштадым. Эми Нарынга сапар алууга даярдык көрүп чуркап жүрөм. Продюсерим жок болгондуктан, концерт уюштуруу абдан кыйын болууда. Бирде жетишсем, бирде жетишпей калам.
– “Продюсерим жок” дейсиң. Ишиңди жеңилдетер продюсер караштырып көрүүнү ойлоно элексиңби?
– Көп эле мыкты продюсерлерден сунуш түшкөн. Бирок чыгармачылык тушоом кесилгенде эле алдыма өз күчүм менен ийгиликтерге жетишим керек деген максат койгом. Ошондуктан баарына өзүм жетишүүгө көнүшүм керек деп жүрөм. Кыскасы, мага продюсердин кереги жок.
– Чыгармачылык демекчи, “Кел, бийле” деген чыгармаңдын артынан мурчтуу сындар айтылды. Деги эле сен ыр жазууда маанисине эмес, уйкаштыкка көңүл бурат окшойсуң?..
– Андай эмес. Сөзсүз түрдө маанисине андан да башкысы, тарбиялык жагын карайм. Ооба, “Кел, бийле” ырына сын-пикирлер көп айтылып жатат. Мен муну билип туруп эле жазгам. Себеби мындай стилде жазылышында бир сыр бар.
– Кандай?
– Сыры жөпжөнөкөй. “Кел, бийле” ырымды 3 тилде жазгам. Эгер башка тилдерди билсем, аларды деле текстке кошуп салмакмын. Муну менен мен башка улуттун угармандарын кыргыз ырларына тартылсын деп чалма ыргытууга аракет кылдым десем болот. Мисалы, англис тилдүү угарман капысынан кыргыз ырынан өз тилиндеги сөздү укканда сөзсүз “бул эмне ыр, кайсы тилде ырдалып жатат?” деген кызыгуу жаралат да.
– Иниң Эрболду сахнага чыгарам деп айтып жүрдүң эле...
– Сахнага чыгарайын деген оюм деле жок болчу. Бир жолу Эрбол “байке, мен да сизге окшоп ырдагым келет. Сиз менен чогуу ырдап көрөйүн” деп калды. Ырдатып көрсөм, шыгы бар өңдөнөт. Андыктан алдыңкы пландарымда иним менен чогуу ыр жаздыруу бар.
– Чыгармачыл чөйрөдө сени “музыкалык билими жок, стили өзүнө жарашпайт” деп сындашат. Айтылган сынга карата түздөлөсүңбү же өзүңдүкүн бербейсиңби?
– Айтылган сындагы кемчиликтерди оңдоого тырышып эле келе жатам. Негизи эле сын мыкты болууга түрткү болот. Менин шоу-бизнесте алдыга жылып жатканыма канчалык бир деңгээлде айтылган сындар таасир берди болуш керек. Ошондуктан сындай беришсин, мен кабыл ала берем.
– Эми сөздү үй-бүлөңө бурсак. Үй-бүлөңдө толуктоолор күтүлө элекпи?
– Мм, үй-бүлө... Учурда өзүмдүн үй-бүлөм менен эле жашап жатам.
– Кандайча өзүмдүн?
– Жылдызай экөөбүз чогуу жашабай калдык. Жубайым менен жылдызыбыз келишпей ажыраштык. Кыскасы, ушуну эле айта алам. Тагдыр ушундай экен. “Сенден кетти, менден кетти” деп урушуп-талашпай эле акырын чечишип алдык.
– Экөөң тең жашсыңар, кайра элдешели деп аракет кыларсыңар?
– Азырынча эч кандай ашыкча сөз айткым келбей турат. Эмне дээримди да билбейм. Жашоонун өз мыйзамдары болот экен. Ошолорго баш ийип жашаш керек экенбиз.
– Ооба, жашоо өзү дайым биз күтпөгөн нерселерди даярдап турат эмеспи. Жеке маселеңерди чечип, бирге болчу күн бардыр...
– Жок, баары жакшы эле. Баары жакшы болот.
– Өткөндө базар аралап жүрсөм, диск саткан сатуучу “Добр пираттар аркылуу популярдуу болду” деп калды. Пираттар менен көп иштешет окшойсуң?
– Алгачкы ырларым телефондон телефонго өтүп таралганы чын. Анан дисктер чыга баштады. Пираттар менен түздөн-түз иштешпегеним менен, алар менин ырларымды таркатышты. Каршы эмесмин.
– Кыргызча рэпти алгачкылардан болуп алып чыктың. Эл аралык деңгээлге алып чыга алам деп айта аласыңбы?
– Адам алдыга максат койгондо кененирээк коюш керек экен. Албетте, кыргыз рэпин эл аралык аренага чыгарууга аракет кылам. Жок дегенде Евразияга чыгарууга болгон аракетимди жумшайм. Көпчүлүк сынга алып жаткан “Кел, бийлени” ушундай деңгээлге чыгаруу максатында жазгам. Бул аракетим акталат болуш керек. Себеби клубдарга барып ырдап калсам, башка улуттун өкүлдөрү да бийлешет. Анткени чет өлкө жыттанып турат да.
– Рулда жүргөнүңө 2-3 жыл болуп калды. Машинаңдын бузулган жерин өзүң оңдоп алууга жарап калдыңбы?
– Айдаган жактан сөз жок. Анча-мынча жерин оңдоп деле алам. Досторумдун, тааныштарымдын көбү эле “момундай машина алсам, тигиндей болсо” деп көп кыялданышат. Мен андайлардан эмесмин. Чынын айтсам, азыркы айдап жүргөн машинам деле атамдыкы. Ошол себептен атама бир машина алып берүүнү пландап жатам.
– Карындаштарың бой жетип калбадыбы. Аларды катуу кармайсыңбы же?..
– Кээде жумшак болсом, кээде катуу, абалга жараша. Кээде экөөнү отургузуп алып түшүндүрүү иштерин өткөзүп турам.
– “Спорттун самбо түрү менен машыккам” деп айтканың бар. Азырчы?
– Азыр деле самбо менен машыгып жүрөм. Негизи, спортко кызыгуум 7-класста башталды. Классташ балам «самбого катышам» деп эле өзүнчө кыйын болуп жүргөнүнөн мен деле барып көрөйүнчү деп, анан кызыгып кеткем.
– Мырзалардын көбү эле мушташтан кайра тартпайт. Сенде деле ошондой жоруктар катталса керек...
– Жаңжалга жакын эмесмин. Менин дарегиме жаман сөздөр айтылса кызаңдап, жообун кайтаргым деле келбейт. Бирок ата-энеме, бир туугандарыма жамандык каалагандарды карап тура албайм.
– Маегиңе рахмат.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg