“ТАҢ СЫРЫНДАГЫ” ТАБЫШМАКТУУ СУЛУУ– АЙТМАТОВДУН ЖУБАЙЫ

МАЭСТРО, МУЗЫКА!
«Маэстро»! Кесиптештери дирижёр, КРнын Эл артисти САРДАРБЕК ЖУМАЛИЕВди ушинтип чакырышат. Ал эми биз бул ысымды укканда сонун кайрыктарды, обондорду эстейбиз.
Баса, Луи Арагон Чыңгыз Айтматовдун “Жамийласын” “махабат жөнүндөгү эң сонун баян” десе, мен Аскар Исаев менен Сардарбек Жумалиевдин шедеври болгон “Таң сыры” ырын “ашыктык тууралуу эң сонун ыр” деп атамакмын. Анткени ырдын ар бир сабы өзүнчө сөз кыларлык. Филармониянын босогосун аттаганымдын бир шылтоосу ушул ырдын тарыхына кайрылуу болсо, дагы бир себеби даанышман музыкант Сардарбек ага болду.
Журналист калкы ушундайбыз да, каарман менен узак кепке түшүп алып, аны кагазга батыра албай калмайыбыз бар. Баарыбыз билген “Бишкегим”, “Бульварым”, “Таң сыры” сыяктуу ырларга обон жараткан Сардарбек ага бир ырдын тарыхы менен кошо өзүнүн өмүр жолунан кеп салып берди.

КРнын Эл артисти Сардарбек Жумалиев: «ГҮЛБАКТАН АЛГАН ЭРГҮҮ...»
– Мен 1941-жылы 5-февралда Кант районунун Жар-Башы айылында төрөлгөм. Кичинемден баштап музыкага жакын өстүм. Ал кезде радио деген жок болчу да. Комузда кол ойнотуп, мандолина черткенди айылдык агаларыбыздан үйрөндүк. Музыкага болгон кызыгуум бала кезден артты десем болот. Музыкалык сабатымды өнүктүрөйүн деген ой менен Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищенин алдында балдардын музыкалык мектебине тапшырдым. Мектепти бүтүрүп, кайрадан училищеге тапшырып, андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда композиция жана теория боюнча жогорку билим алгам.
1958-жыл эле. Москвада кыргыз искусство жана адабиятынын декадасы болуп калып, 16 жашымда катышып келгем. Карамолдо Орозов атындагы оркестрде иштеп калдым, ал ортодо аскерге барганга да үлгүргөм. Мына ошондон бери оркестрде эмгектенип келатам.
Бейшеналиева атындагы окуу жайда окуп жүргөн кезде “Бульварым” деген ырга обон жаздым. Адамдын ой толгоосунда обон болсо, аны жаратмайын жаны жай албайт. Гүлбактын жанынан өткөн сайын эргүү келе берчү. Анын үстүнө ашканабыз да ошол тарапта болгон үчүн көчө укмуш кооз көрүнчү. Жаштарга толгон жашыл гүлбакта эс алгандар арбын болуп, Бишкектин кооздугуна көрк кошор эле.
Аалы Токомбаев, Кубанычбек Маликовдор Дзержинкада отуруп калышчу. Аларды көрүп кайрадан суктануу... Ошонун негизинде “Бульварым” ырына обон чыкты.
Бала кездин жаркын элеси катары “Ысык-Ата-Арашан” ырына обон жаратканымды айта алам. Андан кийин “Сары-Челек”, “Толкундар” сыяктуу ырларга обон чыгардым.

«ТАҢ СЫРЫНЫН» ТАРЫХЫ...»
– “Таң сырын” элдин көбү ырдап жүрбөйбү. Убагында япон, корейлер да биздин тилде ушул ырды ырдашкан. Ырдын сөзүн жазган Аскар Исаев агам болот. Бул ыр Японияга кеткен кыргыз кызы жөнүндө.
Кыргыз кызы Японияга кетип калат. Канча бир жыл өткөн соң баягы кыз Кыргызстанга кайтып келет. Анан ырдын автору ага жолугуп, студент кездеги сүйүүсүн эстеп, ошол кызга карата сезим менен кошо ыр пайда болгон экен. Ал кыз менен Аскар байке Москвадагы жогорку окуу жайдан таанышып, жакшы сүйлөшүп жүрүшөт. Бирок кыз Японияга турмушка чыгып кетип калганда анан:

“Кала берем мекенимде сени эстеп,
Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо.
Өтүнөрүм көкүрөгүм элестеп,
Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо...”
деп ырдап жатпайбы. Жанар тоо дегенде Япония деп түшүнөбүз да биз.

“Таңшыгыча табышмактуу таң сыры,
Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү.
Табалабайм кайрылганда айт чынын,
Артык бекен башка жердин көркөмү?
Арбалсаң да бир келерсиң,
Ала-Тоону көргөнү,
Сагынганда бир келерсиң,
Саргайганда бир келерсиң,
Ала-Тоону көргөнү...” деп күйү­түнөн жазып жатпайбы. Чынында, кыргыздын балдар-кыздары чет мамлекетке барышат, бирок баары бир өзүнүн жери тартып туруп алат. Куса болот, сагыныч күчөйт эмеспи.
Дагы бир кызык жери, ошол кыздын Кыргызстанга келе албай жүрүп келгени болуп жатпайбы. Азыркыдай башка өлкөнүн жарандыгын алып жашоо, Совет кезинде өтө кыйын эле, мыйзам деген катуу болчу да. Мария Япониядан өз өлкөсүнө кайта албай калып, анан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жардамы менен келген окшойт. Анда Чыңгыз Айтматов кыргыз кинематографиясынын катчысы болчу. Мария Айтматовдун кол алдында иштеп калат. Ошондон уламбы, Чыңгыз Айтматовдун сүйүүсү же кандайдыр бир сезими пайда болсо керек, анан экөө баш кошуп, жазуучунун жары болуп калган. Ал эми Аскар байке азыр үй-бүлөлүү.
Ырдын сөзүн окуп, Аскар байкеме “ушул ырыңызды бериңиз, мен обон чыгарайын” дедим. Кудай жалгап ошондо жакшы обон жаралып калган экен, бүгүнкүгө чейин кары-жашына карабай ырдап жүрүшөт.

«ЖАЛГЫЗМЫН ДЕГЕН ӨКҮНҮЧ ДАЛЕ ЖАШАП КЕЛЕТ»
– Үй-бүлөдө уулдан жалгызмын. Үч эжем бар болчу, эки эжем кайтыш болуп кетишкен, улуусу 83 жашта. Ата-энем анык колхозчулар эле. Эртең менен кетип, кечинде күн батарда келишчү. Атам комуз чертип, кээде жамактатып ырдаган, апам темир комуз черткен адамдар эле. Мен ойлойм, ата-энемдин таасири мага тийди деп.
Уулдан жалгыз болгонум үчүн жалгызмын деген өкүнүч ушул убакка чейин жашайт. Атаңдын көрү, менин да иним же агам болгондо кандай жакшы болот эле. Тууган-урукка байып, Жумалиевдердин тукуму көбөймөк беле деп өкүнөм! Айрыкча айылга, ата конушка барганда жалгызсырайм. Бирок Кудайга шүгүр, уулум, неберелерим бар.
Жубайым Гуля тарых илимдеринин кандидаты. Экөөбүз 35 жылдан бери түтүн булатып келебиз. Үч балалуу болдук. Балдарымдын баары жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү. Неберелер үйгө чогулганда майрам.

«ФИЛАРМОНИЯ – ЭКИНЧИ ҮЙҮМ»
– Мен Карамолдо Орозов, Ыбрай Туманов, Саякбай Каралаев сындуу улуу муундарды көрүп калдым. Асанхан Жумахматов, Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов, Мукаш Абдраев менен чогуу иштештим. Алардан дирижёрлук ыкмаларды үйрөндүм. Ушул кишилер менин устаттарым. Өзүм көбүнө эле жардам берем, бирок шакиртим деп айткандан алысмын. Дирижёр болгондуктан, жамаат менен иштегенге туура келет. Филармония – экинчи үйүм. Эртең менен шашып келем, оркестр менен иштешип, кайра үйгө, неберелериме жөнөйм.

«ЫРЛАР МЕНЕН БАЙЫП ЖАТАМ»
– Чыгармаларымды эл баалайт, мактайт, жакшы болсо жакшы, жаман болсо жаман дейт. Эл – элек. Элдин элегинен өтөрү жок. Элге жакса ырдай берет, өчүрбөйт. Биздин чыгармаларды өкмөт көп деле билбейт. Композитор, обончуларга көңүл буруп, колдоп койсо жакшы болмок. Көп обончулар чыгармаларын чыгарат да, ошол бойдон сандыгында жатат. Аларга материалдык колдоо болбосо жакшы ырлар кайдан чыксын?
Былтыр 70 жашымды белгиледим. Мэрияга, мэрге рахмат, мааракемди өткөрүп беришти. 1 бөлмөлүү үй берди. Эми менде деле бала-чака, небере бар да. Үй сатып алганга бизге каякта?.. Бюджетти карап отургандар кайдан байлык топтомок элек? Ошол мааракемде Чүйдүн губернатору Мерседес үлгүсүндөгү машина тапшырды.
Турмушум жаман болду деп да айтпайм. Жан дүйнөмдүн байлыгы баалуу, обон жаратып, ошону менен байып жатам. Материалдык жагынан жаман эмес, жетиштүү эле, элден ашпайм, артта да эмес, ортодомун.

«МЕН ЫРДАСАМ ЭЛ КАЧЫП КЕТЕТ»
– Менин үнүм жок, ошон үчүн ырдабай обон жаратам. Эгер ырдасам, эл туруп качып кетпейби, капырай! Андан көрө жакшы обон жаратайын. Өзүм жараткан обондун баары жагат. Азыркы жаштардан Мирбек Атабеков “Таң сырын” ырдап жүрөт. Казактардын
“МузАрт” деген тобу да ырдайт экен, ал топ менден уруксат сураган эмес. Сөзүн, обонун да өздөрүнүкү атап алышыптыр. Казактар “Таң сырын” тойлорунда 5-6 жолу ырдатышат экен. Ал жигиттер менен былтыр Чубак Сатаевди эскерүү концертинде тааныштым. Жакшы балдар экен, сүйлөшүп отурдук, рахматын айтышты. Билбейм, канчага чейин ырдашар экен?
Ошентип, “Таң сырынын” сырын айтып бердим. Чыңгыз Айтматов жана Мария Айтматова менен бир да жолу жолуккан эмесмин. Балким, жолуксам, “эмнеге биздин сезимди ырга салдың?” деп же дагы башка сөздөрдү айтышар беле, ким билсин?..

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
MiraHon
2012-02-27 14:02:14
meni da bul tabyshmaktuu suluu degen abdan kyzyktyrat,,Mariya aitmatova ejekeni da jyn ele, Yaponiadan kelgen dep aytyshat,, birok al jonundo atk maalymattar jokko ese
0
Ханбийке
2012-02-27 22:26:35
Мария Айтматова чын эле Японяга чыгып кетип кайра кире албай калганы чындык мен 4-5 жыл мурун Айтматовдун интервьюсунан окугам. Ал кезде башка олкого чыгып кетсе кайра киргизбечу тура
0
Fekus
2012-02-28 10:08:41
ушунчалык сонун ыр,
+1
MiraHon
2012-02-28 10:20:51
Fekus, mumkunchuluk bolso yryn ketirip koiesuzby? men da taapai jurdum ele...
0
rashmoll
2012-02-28 15:29:25
Аябай жакшы ыр ушул ырды Саламат Садыкованын аткаруусундагы турун медия портала жуктоп койсонор сураныч
0
№ 486, 24-февраль - 1-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан