Суперстандын бир нече тургуну аптанын дем алыш күнүн кызыктуу өткөрүштү. Тактап айтканда, бильярд сүйүүчүлөр чогулуп таймашышты. Кий кармагандар: Strateg, passionarXXI, Talant86, ern_balykchy, AzaBaza, Nuke_A, Romantic, nuradyl88 деген никтери менен Суперстанда жашаган колдонуучулар болушту. Күчтөрүн сыноого белсенген жигиттер көрүүчүгө жана атаандаштарына кызыктуу оюн көргөзө алышты десек жаңылбайбыз. Өзгөчө эсте калганы, Talant86 аттуу ник менен катталган жигиттин сол кол менен шарларды таамай атып уяларга түшүргөнү болду. Ал жыйынтыгында кий чебери аталып, биринчиликти алды. Ал эми калган эки байгелүү орунду форумчулар ern_balykchy жана passionarXXI ээлешти. Жыйынтык калыс чечим болду деп ишендирип өтпөсөк болбос. Себеби калыс бильярд боюнча КРнын бир нече жолку чемпиону Сапар Алыкулов болду. Оюн Бишкектеги “Pavo” бильярд клубунда өттү. Суперстанга тема ачылганда эле “демөөрчү болуп берем” деген убадасына Zamira аттуу ник менен катталган форумчу бек туруп, жеңүүчүлөргө акчалай белек тапшырды. Жагымдуу менен пайдалууну айкалыштырып жакшы оюн өткөргөн форумчулар чынында мактоого арзышты. Бул оюн эң алгачкы дей туралы. Ким билет, келечекте бильярд боюнча “Супер-Инфонун” кубогу үчүн кызуу мелдеш жүрүп калар. Баса, супер форумчулар арасында бильярддык таймаш өткөрүү идеясы Strateg аттуу колдонуучуга таандык.