“Супер-Инфо” гезитинин ачылышына ошол кездеги кызматкерлердин бири болгон Даркүл Кемелованын салымы чоң десек жаңылышпайбыз. Ошол Даркүл айым бүгүн бизде конокто.
Аты-жөнү – Кемелова Даркүл Абаскановна
Туулган жылы – 1979-жыл, 10-декабрь
Туулган жери – Кочкор району, Комсомол айылы
Редакцияда иштеген мезгили – 2001-2002-жылдар
Учурда Кыргыз билим берүү академиясынын бүтүрүүчүсү.
Жолдошу Нурлан Касымбеков экөө 1 уул, 2 кызды тарбиялап-өстүрүшүүдө.
– Даркүл, кеңсебизге куш келипсиң. Эртең сени издеп Кочкорго сапар тартканы жаттык эле...
Мен ушинтип издетпей өзүм келип калам. Кечээ “Супер-Инфодонмун” деп телефон чалганыңда аябай сүйүндүм, мени да эстешет экен деп. Заңгыраган кеңсени, жумуш орундарын, жайнаган компьютерлерди, атайын даярдалган студияны көрүп сүйүнүп бүтө албай турам. Чынында, ушунун баары мындан 10 жыл мурун Кылычбек байкенин кыялында гана жашачу. Буларды көрүп бир окуяны эстедим.
Жаңыдан жумушка келгенимде ырчылардан интервьюну үйүнөн, сахна артынан, көчөдөн эле алчумун. Бир күнү ырчы Мухтар Атаналиевди редакциябызга чакырып койбоймунбу. Чакан кабинетте бешөөбүз отурганбыз. Бир убакта эшикти тыкылдатып Мухтар байке кирип келди. Ошондо жетекчибиз ыңгайсыз абалда калды. Ырчы кеткенден кийин "Даркүл, сага ырчылар өздөрү эле ушинтип келе беришеби? Келерин мага алдын ала айтып койбойт белең. Жакын арадагы кафелердин бирине чай болсо да уюштуруп бермекмин" деп айтып, кийинки интервьюларга шарт түзүп берген.
– Бул жамаатка кандайча кошулуп калдың эле?
Бул жакка келгенге чейин Атыркүл экөөбүз башка бир гезитте чогуу иштечүбүз. Аябай ынак болчубуз. Кийин ал “Супер сканворддор” гезитине кетип калды. Бир күнү телефон чалып, “жумушума келип кетпейсиңби, сени сагындым” деди. Мен мурунку жетекчиме таарынып жүргөн кезим болчу. Таарынасың да, айлыкты өз убагында бербесе, эмгек өргүүсүнө чыгарбаса... Ошондо биринчи жолу "Супер сканворддордун" кеңсесин аттап, Кылычбек байке менен таанышкам. Атыркүл экөөбүз сүйлөшүп отурганда ага "жумуштан чыктым, жаңы гезит ачып иштесемби деп жатам" десем, “ой, аны ачыш үчүн акча керек, кеңсе керек, кантип ачмак элең?” деп күлөт. Чындыгында, ошол учурда ишенгеним – колумдагы топтогон ырчылардын сүрөтү эле. “Чоң атамдын бир уюн саттырып болсо да ачам” деп коём болбой эле. Бир убакта Кылычбек байке маегибизге аралашып “Даркүл, кандай гезит ачканы жатасың?” деп калды. Жашмын да, “ырчылар тууралуу” деп койдум. “Жакында эле гезит ачтык. Биз менен иште” деп сунуш киргизди. “Жалаң сканворддор турбайбы. Сканворд түзө албайм” десем, “сага бир бет бошотуп берем, макала жазасың” деди. Ошентип, бир бетке макала жазуу менен жумушум башталган. Кийин “Роза” сериалына орун беришти. Сериалды элдин баары кууп окуп, нускабыздын өсүшүнө салымын кошту. Кийинчерээк Кылычбек байке бир бет менен эле мени кармап отургусу келбеди көрүнөт, азыр баарыбыз сүйүп окуган “Супер-Инфону” ачты. Ошондогу сүйүнгөнүбүздү айтпагыла!
– Эң алгачкылардан болуп “Супер-Инфодо” жооптуу редактор кызматын аркалагансың. Кыйынчылыктар болбой койбосо керек?
Мурда тажрыйбам бар болгондуктанбы, кыйналган эмесмин. Ар бир макалам даяр болгондон кийин сөзсүз Кылычбек байкеге текшерткени алып барчумун. Ал баштан-аяк окуп чыгып, “темасын өзгөртсөк кантет? Бул сөзүңдү алып салбайсыңбы?” деген сыяктуу сунуштарын, кеңештерин айтып, оңдоп, анан басмаканага алып барчубуз. Негизи, мен “Супер-Инфодо” аз болсо да, саз иштедим деп айта алам.
– Ошол кездеги кесиптештериңден “Даркүл гезитти жакшы жарнама кылчу” деп укканым бар эле...
Интервьюга барамбы же концертке барамбы, сөзсүз колумда “Супер-Инфо” деген папка болор эле. Папка деле эмес, кадимки "дело" бар го, ошонун сыртына компьютерден чыгарылган “Супер-Инфо” деген жазуусу бар баракты чаптап алам. Ырчылар сүрөткө түшүп жатканда колуна тиги папканы кармата салам. Бул да болсо жарнамалоонун бир ыкмасы эле. Кийин Таштан жана Мурат деген сүрөтчү байкелерге эки ак чүпүрөктүн бирине “Супер-Инфо”, бирине “Супер сканворддор” деп жаздыртып, боётуп, алдын ала концерти боло турган ырчы менен сүйлөшүп алып сахнага иле баштадым. Концерт кеч бүтөбү, эрте бүтөбү, аягына чейин күтүп, баягыны балдарга чечтирип алып үйгө кетчүмүн. Чарчоо эмне экенин деле билбептирмин. Кийинчерээк кеч кетип жатканымды Кылычбек байке билип, “өзүң кыз бала болсоң, концерт бүткөндө пейджериме билдирүү жаз, сени алып кетем” деп үйгө 2-3 жолу жеткирген. Пейджер дебедимби, аны да Кылычбек байке 2001-жылы 10-октябрда, “Супер сканворддордун” 10-саны чыккан күнү баарыбызды кафеге алып барып, белек кылган эле. Пейджерди белек кылып, өзү сыртка чыгып кетти. Бир убакта баарыбыздын пейджерибиз чырылдайт. Карасак, Кылычбек байке “Майрамыңар менен! Пейджериңер кут болсун!” деп куттуктоо жазып жибериптир. Аябай кубанганбыз. Анткени ал кезде пейджер көтөрүү мода болчу. Көрсө, Кылычбек байке атабыздай эле камкор болчу экен.
– Учурда эмне менен алексиң?
– Азыр жолдошум Нурлан экөөбүз үй-жай күтүп, 3 баланы тарбиялоодобуз. Чыгармачылыктан алыстап кеттим дебейм. Азыр да үй жумуштарымды бүткөн соң түн бир оокумуна чейин ыр жазам, күндөлүк жазам дегендей. Буюрса, ыр жыйнагымды чыгарсамбы деп ойлоп жүрөм.
– Келип, кызыктуу маек куруп бергениңе рахмат!
Кылычбек Султанов Даркүл жөнүндө
– Даркүлдү жумушка аларда сүйлөшүүгө чакырганымда кечигип келген эле. Жаш, курч мезгилим болсо керек, “эмнеге кечигип келдиң? Сени “свиданиеге” чакырдым беле?!” деп жумушка ала элек жатып урушканым эсимде.
Ишенген кадрларымдын бири болгонуна карабай анын турмушка чыккан соң иштебей калганы мени абдан өкүндүргөн. Эгер “Супер-Инфонун” азыркыдай деңгээлге жетерин боолголой билсе, жолдошун ынандырып жумушка кайра чыкса, балким, бүгүнкү күнгө чейин гезитибиздин бакыйган жетекчилеринин бири болмок беле?..
“Супер-Инфонун” 10 жылдык мааракесине карата коюлган алгачкы байгенин ээси, Бишкек шаары боюнча жеңүүчү Мамбетова Чынара:
«СУПЕР-ИНФОНУН» ТОПТОМУ БИЗ МЕНЕН КОШО КӨЧҮП ЖҮРДҮ»
– Чынара эже, утушуңуз кут болсун!
– Рахмат! Бул биздин эң алгачкы утушубуз болгондуктан, аябай толкунданып турам. Өзгөчө 8-класста окуган кызымдын сүйүнүчүндө чек жок. Эки күн мурун эле ал “апа, атама айтып 8-Мартка чаң соргуч саттырып бербейсизби?” деп жаткан. Эми бул чаң соргуч кызымдын жумушун алда канча жеңилдетет деген ойдомун. Анткени атасы экөөбүз чакан тигүү цехин иштетип, кечке жумуштабыз. Үй жумуштарынын баары ошол кызымдын моюнунда болчу.
– Утам деп ойлодуңуз беле?
– Ооба, утам деп өзүмө 100 пайыз ишенгем. Себеби “Супер-Инфонун” ар бир санын калтырбай окуп, чогултуп келем. Ушул 10 жыл ичинде батирлеп канча жерге көчсөк да, “Супер-Инфонун” топтому биз менен кошо жүрдү. Байге ойнотуларын окуурум менен жолдошума “топтогон гезиттеримдин баарын алып түшүп берчи” деп алдыртып, эринбестен ар бирин ачып, берилген суроолорго жооп издедим. Аракетимдин жыйынтыгы минтип бизди svetofor.kg интернет-дүкөнүнүн чаң соргучуна ээ кылып отурат. Аймактардагы окурмандарга да ийгилик каалайм. Байгелүү болушсун!
– Гезиттеги кайсы рубрикаларды жактырасыз?
– Мен муну, тигини деп бөлүп айта албайм. Анткени мен үчүн ар бир макала кызыктуу, ар тараптуу.Баарын окуп чыгабыз. Мисалы, кызым “Алтын балалыкты”, ырчылар тууралуу окуса, атасы “Техника дүйнөсүндө”, “Криминфо” деген сыяктуу рубрикаларды окуйт. Ушундай маалыматка бай гезитти чыгарып жаткан “Супер-Инфонун” жамаатына чыгармачылык ийгилик каалайбыз. 10 жылдык мааракеңиздер кут болсун!
Дамира Арстанова
koom@super.kg