ӨЗГӨЧӨ ЖАРАЛГАН ЖАНДАР

ТҮКТҮҮ АДАМДАР

  • 1829-жылы Бирманын жунглисинен Схве Маонга аттуу адамды кармашкан. Анын бардык денеси, анын ичинде мурду, кулагы, эрди да түк менен капталган экен.
  • Учурда кытайлык 28 жаштагы Юй Чжэнхуань дүйнө­дөгү эң түктүү эркек болуп эсептелет. Анын денесинин 96 пайызы түк менен капталган. Ал калыптагыдай угушу үчүн врачтар анын кулагынын ичинде өскөн түктү убак-убагы менен тазалап турушат.

АШЫКЧА МАНЖАЛУУЛАР

  • Буту жана колундагы эң көп манжаларынын саны менен тарыхка калган адам 1921-жылы Англиянын Лондон шаарында туулган атуул эсептелет. Анын эки колунда биригип 14 манжа, ал эми эки бутунда биригип 15 манжа болгон.
  • Дүйнөдөгү көп манжалуу адамдардын катарына Индиядагы бир туугандар Трибхуван менен Трилоки Ядавдар да кирет. Булардын ар биринин колунда да, бутунда да 6дан манжалары бар.
  • Учурда Австралиянын 36 жаштагы тургуну Годфри Хиллдин колунда 10 манжанын ордуна 14 манжасы бар.

АЗ МАНЖАЛУУЛАР

Дүйнөдөгү эң аз манжалуу адамдарга Африканын Зимбабве өлкөсүндөгү вадомо жана катанге уруусундагы адамдар менен Калахари чөлү­нүн чыгышындагы кээ бир жашоочулар кирет. Булардын буттарында экиден гана манжа бар. Мындай көрүнүш гендик мутация менен тү­шүн­дүрүлөт.

КУЙРУКТУУ АДАМДАР

  • Италиялык улуу саякатчы Марко Поло 13-кылымда Суматра аралындагы адамдардын дээрлик бардыгынын куйругу болгондугун эскерип кеткен.
  • 1890-жылы окумуштуу Поль д’Энджа индикытайдын мои уруусунан куйругу 25 сантиметрге жеткен баланы көрүп калып, кармап алган. Анан изилдөө жүргүзүп көрүп, мои уруусундагылардын бардыгынын куйругу бар экендигин билген. Бул гана эмес, улам кийинки муундагыларынын куйруктары кыскарып баратканын да аныктаган. Бул уруудагы эркектердин куйруксуз башка уруудагы кыздар менен баш кошуусунун жыйынтыгынан улам болуп жаткандыгын баса көрсөткөн.
  • 2001-жылы Индияда Байрангбали аттуу10 сантиметр куйруктуу бала төрөлгөн. Мындай укмуш жаңылыкты уккандар куйруктуу баланы өз көздөрү менен көрүүгө тегеректеги айылдардан бери чууруп келе башташкан.Бала куйругу менен эле өзгөчөлөнбөсө, денсоолугу калыптагыдай. Врачтардын баланын куйругун кесип салуу боюнча сунушун ата-энеси четке каккан.
  • Учурда Батыш Бенгалияда жаныбарлардыкы сыяктуу 30 сантиметр куйруктуу Шандре Орам аттуу адам жашоодо. Шандре азыр 27 жашта жана аны көрүү үчүн ар жактан келип жаткан адамдардын саны ал туулгандан бери тыйыла элек.

Куйруктуу жигитти көрүүгө келген динге ишенген индиялыктар бул балага маймылдардын Кудайы Ханумандын жаны кирген деп эсептешет. Мындай көз карашты кубаттаган Шандре бакка маймылча чыгып, көбүнчө банан менен тамактанууну ылайык көрөт. Шандре өзүнүн узун куйругун адамдарды айыктыруучу касиети бар деп эсептейт. Ошондуктан, кыштактагылар Шандре жашаган жерге келип, анын куйругуна колун тийгизүү үчүн кезекке турушат.

Врачтар Шандренин куйругунда эч кандай айыктыруучу күч жок дешип далилдешет жана Шандреге куйругун операция аркылуу кесип салуу боюнча сунуш да киргизишкен. Бирок, Шандре алардын сунушунан баш тартып койгон.

Шандреге куйругу атак гана алып келбестен, учурда кайгы да жаратууда. Себеби, Шандре кыздардын колун сураганда алар алгач макул дешкени менен Шандре артына бурулганда эле ойлорунан кайтып калышууда. Башкача айтканда, аларды Шандренин куйругу үркүтүүдө.

“Эми мен кандай болсом, ошондой кабыл алган кыз чыкса эле, ошого үйлөнөм. Эгер андай кыз чыкпаса жашоодон бойдок өтөмүн” дейт Шандре.

МҮЙҮЗДҮҮЛӨР

  • 1598-жылы 18-сентябрда француз дыйкан сотто шляпасын албай коёт. Бирок, сот аны баш кийимин алууга мажбурлаганда анын башындагы мүйүзү көрүнүп, элдин ооздору ачылат. Көрсө, дыйкандын башына 5 жашынан тартып мүйүз өсө баштаган экен. Мындай кызыктуу адамды көргөн башкаруучулар дыйканды королго белек катары жөнөтү­шөт. Королдун сарайындагы чиновниктердин бири элге акчага дыйкандын мүйүзүн көрсө­түүгө өтөт. Жаңы жашоосуна көнө албаган дыйкан арадан 3 ай өткөн соң, жашоо менен кош айтышып кете берген.
  • 17-кылымда Францияда Диманш аттуу узун мүйүздүү аял жашап өткөн. Анын маңдайында өскөн мүйүзү ээгине чейин ийрилип салаңдап түшүп турган. Аял 84 жашында мүйүзүн кес­тир­­үүнү чечкен. Себеби, Кудай алдына мүйүзү менен барууну каалаган эмес. Ошентип, ал мүй­үзү кесилгенден көп өтпөй эле жашоодон өткөн.

САКАЛЧАН АЯЛДАР

  • 2004-жылы Гиннес китебине америкалык сакалчан аял Вивиан Хиллердин ысмы киргизилген.

Вивиандын сакалынын узундугу 27, 9 сантиметрди тү­зөт. Өзү 3 баланын энеси. Ал кичинесинен эле башка кыздардан айырмалуу экенин сезген. Атасы эркек сымал көрү­­нүштөгү кызы 7 жашка чыккандан тарта кырынып жүр­үү­гө мажбурлаган. Антсе да кийин чоңойгондо Вивиан 4 ирет күйөөгө чыгып, 3 баланын энеси болууга жетишкен. 1990-жылы апасы кайтыш болгондон соң Вивиан кырынбай, сакалын коё берген. Үй тиричилигин жасоодо сакалы жолтоо болбосу үчүн байлап алат. 6 жыл мурун өзү сыяктуу кызыктуу кейпте көрүнгөндөрдүн шоусуна катышып чыга баштаган. Ошол шоунун арты менен элге ого бетер аты чыгып, жыйынтыгында Гиннестин китебине кирген.

  • 1832-жылы Мексикада туулган Юлиана Пастрананы Чарльз Дарвин адам менен маймылдын ортосундагы түргө киргизген. Аял сакалдуу, эки катар тиштүү, анан денеси жүндүү болгон. Юлиана циркте иштеген. Бирок, ал абдан сезимтал жана акылдуу болгондуктан, түрү суук кейпи менен эл алдына чыккандан тартынчу экен. Бирок, жан багууга аргасыздык аренага чыгууга мажбур кылыптыр.
  • 1939-жылы Францияда Клементина Деле аттуу сакалдуу айым кайтыш болгон. Анын жазып калтырып кеткен күндөлүгүнө көз жүгүртсөк, ал 1865-жылы туулган. 18 жашында эле сакал-муруттуу болуп калган. Кийин кафе ачып, иштетүүгө өткөн. Келген кардарлары анын мурут-сакалы өзүнүкү экенине ишенбей койгонунда, чоң акчага мелдешип, анан алардын көзүнчө сакал-мурутун кырып берип утуп алчу. Ушундай мелдештерден улам кафесин кийин “Сакалдуу айымдын кафеси” деп атап алган. Аталган кафеге элдер тамактануудан мурда анын сакалы үчүн баш багышчу. Картайган кезинде да сакал чыкпаган абышкалар Клементинанын сакалына тымызын суктанышып, өздөрүнө сакал бербегендиги үчүн жаратканга нааразы болушчу экен.

    (Теманын уландысы кийинки саныбызда)

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 196, 4-10-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан