Ар бир аял бала жытын жыттап, эне болууну эңсейт. Бирок төрөттөн кийин келбеттин өзгөрүшү көпчүлүгүн ойлондурбай койбойт. Аял канткенде мурунку калыбына келе алат? Дегеле, төрөттөн кийин аял өзүнө кантип кам көрүүсү керек? Бул жаатта Чүй районунун Аймактык ооруканасынын дарыгери, акушер-гинеколог Керез Кемелова ой бөлүшөт.
ЭЛДИК МЕДИЦИНАДАН
Чач түшүүгө каршы сарымсак маскасы
2 жумуртканын сарысы, 2 аш кашык бал, 2 аш кашык сарымсак ширесин бир идишке салып аралаштыруу керек. Чачты суулап алган соң масканы шыбап, целлофан баштык менен ороп, 20 мүнөт кармоо зарыл. Анан жакшылап жууп салуу кажет.
Беттеги такты кетирүү
100 грамм бадам (миндаль) данегин кайнак сууга салып жумшартып алабыз. Андан кийин данды жанчып майдалоо абзел. Ага лимон ширесин жана бир аз суу тамызып, анан аралаштыруу керек. Даяр болгон масканы бетке жаап, 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салуу кажет.
Тырмак сынбаш үчүн...
Төрөттөн кийин тырмак да морт болуп калат. Муну менен күрөшүүдө “момго чылоо” ыкмасы абдан пайдалуу. Уктаар алдында момду тери күйбөй турган температурада ысытып алып, тырмакты малуу керек. Мом муздаганда колду алып чыгып, жука мээлей кийип жатыңыз. Эртең менен колду жууп, тиричиликке кирише берүүгө болот.
Сулуу болууну ар бир аял каалаары талашсыз. Ал эми жакында эле эне болгон айымдарда бул жаатта кыйынчылыктар жаралат. Андыктан төрөттөн кийин сулуу жана дене мүчөсү сымбаттуу болушун каалаган айымдар мурунтадан кам көрүүсү керек. Кантип?
Үй-бүлөнү туура пландоо. Болочок ата-эне төрөлө турган ымыркайга сүйүүсүн арнап, моралдык жактан балалуу болууга даяр болушат. Ушундай болсо гана төрөттөн кийин аял депрессия жана стресске кабылбайт. Андан тышкары пландап төрөө эне менен баланын төрөткө чейинки жана төрөттөн кийин каралып-багылуусуна жакшы шарт түзөт.
«Териге-тери» ыкмасы. Төрөт үйлөрүндө колдонулуп келген «териге-тери» ыкмасын колдонуу да аялдын калыбына тез келүүсүнө көмөк көрсөтөт. Бул ыкмада жаңы төрөлгөн ымыркай эненин көкүрөгүнө жаткырылат. Мындай абалда жатканда экөөндө эне-бала катары сезимдер пайда болот да, эненин организминде окситоцин гормону бөлүнүп чыгат. Бул гормон жатындын жыйрылышын тездетип, калыбына ылдам келүүгө жардам берет. Төрөттөн кийин аялдын организминде пролактин гормону бөлүнүп чыгат да, сүттүн пайда болушуна жана эмизип жаткан маалда айыздын убактылуу токтошуна алып келет. Демек, бул гормон ымыркай тороло электе кайрадан бойго бүтүүдөн сактайт.
Гигиена. Калыпка келүүдөгү эң негизги шарт катары аялдын гигиенасы саналат. Чатты тазалап-жууганда жылуу суу жана кара май самынын (дегтярное мыло) гана колдонгон оң. Эгер жыныстык органга кандайдыр бир инфекция кирип кетсе, алсыздык менен табиттин жоголушу келип чыгып, дене табы көтөрүлөт. Мындай учурда сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуу керек.
Эмчек кесилбеш үчүн... Ал эми эмчектин үрпү кесилбеш үчүн баланы туура эмизүү шарт. Үрптүн орбитасы (тегерегиндеги кара так) бүт бойдон баланын оозуна салынышы кажет жана эмизүү учурунда аба баланын оозуна кирбеш керек. Эмизип бүткөндө калган сүттү саап, акыркы сүттү үрпкө сыйпап, кургатуу керек. Ал эми ар кандай жумшартуучу мазь жана кремдерди сыйпоону сунуштабайм.
Тамактануу. В, С, А витаминдери жана кальцийге бай тамактарды (жашылча-жемиштерди, сүт азыктарын, малдын таза боорун, балыкты) колдонуу менен денени калыбына келтирүүнү тездетүүгө болот. Башка түркүн тамактарды жегиңиз келсе, анда алар балага терс таасирин тийгизбей турган болушу керек. Андыктан алдын ала дарыгер менен кеңешип алганыңыз туура. Анткени сизге жаккан тамак балаңызды ар кандай аллергияга же ич өткөккө алып келиши ыктымал.
Чачтын түшүшү. Төрөттөн кийин аялдын чачынын түшүшү – табигый көрүнүш. Боюнда бар кезде аялдын организминде эстроген гормону бөлүнүп чыгат. Дал ушул гормондун таасири астында чач бекемделет жана өмүрү узарып турат. Ал эми төрөттөн кийин гормондор өз калыбына келе баштаганда гормондун жардамы менен кармалып турган чачтар түшө баштайт. Мындай көрүнүш 3-6 айга созулушу мүмкүн. Эгер чачтын түшүүсү андан узакка созулуп кетсе, адистерге (трихологго) кайрылуу керек.
Тери жарылганда. Курсактын, төштүн жана жоон сандардын терисинин жарылышын калыбына келтирүү дээрлик мүмкүн эмес. Бирок мунун алдын алууга болот. Мисалы, кош бойлуу кезде атайын тигилген ич кийимдерди (бандаж) кийүү, душка түшүүдө суу менен массаж жасоо жана кадимки өсүмдүк майы менен терини майлап туруу. Жогоруда айтылгандар терини серпилгич кылып, жарылуудан коргойт.
Эгер жарылган терини калыпка келтирем десеңиз, анда атайын косметикалык салондорго кайрылуу зарыл.
ЧОЮЛГАН КУРСАКТЫ КАЛЫПКА КЕЛТИРҮҮЧҮ КӨНҮГҮҮЛӨР
1.Ушундай көнүгүүлөрдү балаңыз менен ойноп отуруп эле жасап койсоңуз болот.
Отургучка отурган бойдон колуңуз созулганча өйдө көтөрүңүз. Андан соң ылдый эңкейип, ичиңизге күч келтирип, кайра ордуңузга отурасыз.
Чалкаңыздан түшүп, тизеңизди чекеңизге тийгизиңиз. Анан таманыңыз жана далыңыз менен жер таянып, белиңизди жогору көтөрүңүз. Муну бир нече ирет кайталоо керек.
2. Эң жөнөкөй жана убакыт талап кылбаган көнүгүү
Дем алганда ичиңизди киргизе тартасыз, ал эми дем чыгарган маалда ичиңизди болушунча сыртка үйлөп чыгарасыз. Мындай көнүгүүнү балаңыз менен сейилдеп жүргөндө же дүкөндө кезек күтүп турганда деле аткара аласыз.
Ар бир эне ардактуу жана ар дайым сулуу болууга укуктуу. Ден соолукта болуңуздар!
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg