ОМУРТКАЛАРДЫН ЖЫЛЫП КЕТИШИ ЖЕ СПОНДИЛОЛИСТЕЗ

Омурткалар биз жумуш кылсак да, бассак да, турсак да каалагандай кыймылды камсыздап берет. А эгер ошол омурткалар ордунан жылып кетсе эмне болот? Аны ордуна келтирүүгө болобу? Бул тууралуу Бишкектеги ортопедия жана травматология илим-изилдөө борборунун башкы врачынын орун басары, ортопед-вертобролог Жаныш Сулайманов баяндайт.

Омурткалардын жылышы медицинада спондилолистез (грекче “spondulos” – “омуртка”, “olisthesis” – “жылып кетүү”) деп аталат.

ООРУНУН 5 ТҮРҮ БАР
Тубаса жылып кетүү (спондилолиз). Бул түрү тукум куушу мүмкүн. 5 жашка чейинки бардык балдардын омурткаларынын арткы бөлүгү кемирчек болот. 5 жаштан кийин катып, сөөккө айланат. Кээ бир балдарда кандайдыр бир себептердин негизинде бел омурткалардын эң төмөнкү бөлүгүндөгү кемирчектер сөөккө айланбай, кемирчек бойдон калып калат. Бул спондилолиз деп аталат. Мындай балдардын омурткалары тубаса алсыз болот. Андыктан жылып кетүү коркунучу буларда жогору. Алар оор жүк көтөрбөй, оор атлетика менен алектенбей, омурткаларын абайлашы зарыл. Алар өмүр бою ич жана бел булчуңдарын чыңап жүрүүлөрү керек. Чың булчуңдар омурткаларды кармап, аны жылып кетүүдөн же мертинүүдөн сактайт.
Дегенеративдик спондилолистез. Бул кесипке жараша болот. Кээ бирөөлөр дайыма оор жумушта чыңалып иштешет. Омурткага күч келгенде алардын ортосундагы кемирчек жешилип, омурткаларды кармай албай калат. Көбүнчө бул 50 жаштан кийинкилерде учурайт.
Жаракаттан кийинки жылышуу. Жыгылуу, кулоо, мушташуу, автокырсыкка кабылуу жана башкалардан кийин омуртканын жылып кетиши.
Спецификалык (өзгөчө) спондилолистез. Бул көбүнчө кургак учук менен онкологиялык оорулардан кийин кезигет.
Идиопатикалык жылышып кетүү. Бул түрүнүн келип чыгышы илимге белгисиз.

ОМУРТКАЛАР 4 БАГЫТТА ЖЫЛАТ
Алдыны көздөй жылуу – антелистез
Артты көздөй жылуу – ретролистез
Капталынан жылуу – латеролистез
Тепкич сымал жылуу – тепкичтей жылуу
Анан да псевдолистез (псевдо – жалган) деген түрү бар.
Жалган жылышууну чыныгы жылышуудан кантип ажыратууга болот? Моюн омурткасынын 3-4 миллиметрге чейинки жылышуусу псевдолистез деп, андан ашса чыныгы жылышуу деп аталат.
Бел омурткасынын 2 миллиметрге чейинки жылышы псевдолистез, андан ашса чыныгы жылышуу болот.

ОМУРТКАНЫН ЖЫЛГАНЫНЫН БЕЛГИЛЕРИ
Белгилери бир топ жана остеохондроз оорусунун белгилерине окшошуп кетет. Мисалы, омуртка уютуп оорутат. Ооруганы басылбайт. Адам бир орунда көпкө тура жана отура албай ойдолойт. Көп басканда жана оор көтөргөндө оору күчөйт. Бара-бара оорунун залалы бут менен жамбашка тийип, алар да ооруй баштайт.

ДИАГНОЗ КОЮУДА РЕНТГЕН КОЛДОНУЛАТ
1. Оорулуунун өзүнөн сурап тактоо. Качан, эмне болуп ооруп калганы, кантип ооруй тургандыгы суралып, такталат.
2. Рентгендик изилдөө. а) Обзордук рентгенография (омуртканы түз жана капталынан тартуу).
б) Функционалдык рентгенография. Мында омуртканын канчалык жылышып кеткенин толук изилдөө үчүн омурткага күч келтирип тартылат. Башкача айтканда, омуртканы түз абалда, омуртканы максималдуу чалкалатып, омуртканы максималдуу эңкейтип тартат. Ушунда гана омуртканын жылышы канчанчы даражада экендиги такталат.

ООРУЛУУЛАРДЫН 99 ПАЙЫЗЫНА ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛАТ
Омуртканын жылышы 5 даражага бөлүнөт.
1-даражада консервативдүү (дары-дармек менен) дарылоого болот.
2-даражада дарылоо жардам бербейт, операция жасалат. Операция 100 пайыз айыгууга кепилдик берет.
3-даражада операция жасалат. Операция 80 пайыз гана айыгууга кепилдик берет.
4-даражада операциядан кийин айыгууга 20-30 пайыз гана кепилдик болот.
5-даражада операция да жардам бербейт. Омуртканын жылып кетишинде ооруган адамдардын 99 пайызына операция жасоо керек болот.

Азыркы операциялардан адам бат калыбына келет
90-жылдарга чейин СССР кезинде адамдын курсагынын алдын ачып, анан омуртканын кемирчегин тазалап, ошол жерге адамдын өзүнүн жамбашынан алынган сөөк коюлуп, кадалчу. Мындай болгондо операциядан кийинки калыбына келүү мөөнөтү узакка созулар эле. Адам 6-8 айга чейин отурбай, режимди сактап, эмгекке жарамдуулугу 1-1,5 жылда барып калыбына келе турган.
90-жылдан кийин заманбап ыкмалар колдонула баштады. Жамбаштан алынуучу сөөктүн ордуна башка конструкциялар колдонулууда. Учурда операциядан 2-3 күндөн кийин отура берсе болот. Айдоочулар 1 айда машина айдоого жарап калат.

ООРУ ӨНҮКПӨШҮ ҮЧҮН...
Омуртканын жылышы 1-даражада болсо, анда оорусу кийинки даражага өсүп кетпешинин алдын алуу кажет. Буга төмөнкүлөр керек.
Дарылык көнүгүүлөр. Ичтин жана белдин булчуңдарын чыңоо үчүн көнүгүүлөрдү жасап жүрүү зарыл. Ортопедге кайрылса (ошондой эле нейрохирург, травматолог), омуртканын кайсы бөлүгүндөгү омуртка жылышып кетишине карап атайын көнүгүүлөрдү айтып, көрсөтүп берет.
Массаж, мануалдык терапия (сөөктөрдү чоюу), сууда сүзүү, физиодарылоо жана башка аракеттер жасалат.

ОМУРТКАЛАР ЖЫЛСА, БАШКА ОРГАНДАРДА ДА ООРУЛАР ЖАРАЛАТ
Омуртканын ичинде жүлүн жайгашкан. Жүлүндөн нервдер омуртканын каналдары аркылуу сыртка чыгып, өзүнө тийиштүү органдарды башкарып, иштетет. Демек, омуртка жылганда андан чыккан нервдер кысылып калат да, ал нервдер башкарган органда да оору жаралат. Омурткалар жылганда аларды бириктирип турган тарамыш, кан тамырлар да чоюлуп, тартылып, ооруну күчөтөт.
Моюн омурткадан чыккан нервдер кол, көз, тиш, мурун, ооз, калкан сымал безди иштетип, баш мээнин кан айлануусун көзөмөлдөйт. Мисалы, моюн омуртка жылса, анда кол алгач муздап, чымырап, уюп ооруп, бара-бара жакшы көтөрүлбөй, жакшы иштебей калат. Баш мээнин кан менен жабдылуусу азайып, баш ооруйт. Ошондой эле моюн, желке да ооруйт.
Көкүрөк-бел омурткадан чыккан нервдер борбордук нерв жана гормоналдык системди иштетет. Ошондой эле жүрөк, өпкө, боор, бөйрөктүн, ашказан-ичегинин иштөөсүнө катыштыгы бар. Андыктан омурткалардын бир же бир нечеси жылса, анда аталган системдер менен органдарда да оору жаралат.
Бел-чычаң омурткалардан чыккан нервдер буттарды иштетип, кичи жамбаштагы органдардын (жыныстык органдар, табарсык, аппендикс) кан айлануусун көзөмөлдөйт. Андыктан бул омурткалардын бири же бир нечеси жылса, анда омурткадан тышкары бут алгач уюп, чымырап ооруп, бара-бара жакшы иштебей калат. Адам бат-бат заара ушатып, улам дааратканага чуркайт. Эркектердин бел күчү начарлайт жана башка.
Андыктан омуртканы жакшылап күтүп, аяр мамиле жасоо зарыл. Ошенткенде гана омурткалар жакшы кызмат кылып берет.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
ulia
2012-03-10 11:36:16
Аябай керектуу маалыматтар берилиптир.Менин да колум уюп ооруй берет.Соссуз дарыгерге кайрылам.
0
Oimo
2012-03-10 18:49:09
чынында аябай керектуу экен.Мен азыр муну окуп ушул оору мн ооруп жатканымды билдим.Менин бир жерде коп отура албайм,уктасам 100 жолу тоголонуп тан аттырам.операция жасаса канча ккундон кийин Тренировкага кайрадан барса болот?.(мен Трикинг мн тренировка кылам)
0
Oimo
2012-03-10 21:40:32
СУПЕР инфо айткылачы мени кызыктырган суроолордун жообун кимден алсам болот?
0
aigera454500
2012-03-15 16:43:54
Эгер омуртка сынып кетсе, 4 даражага жетсе омур бою майып болуп калуусу да мумкун экен.
0
stafs
2012-10-22 10:56:35
Супердин супер макалалары!
0
Alman4ik
2014-08-03 21:03:22
Менин бир желкем кичиреек булда омурткадан болобу? турник тартынып кыйшайып калган жерди тегиздесе болобуу?? суроомо жооп берип койгулачы алдын ала рахмат!
0
№ 487, 2-март - 8-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан