Белгилүү актёр Адам Сэндлер 1-апрелде бериле турган “Алтын малина” антисыйлыгынын 11 наамына талапкер болуп, сыйлыктын 33 жылдык тарыхында буга чейинки лидер Эдди Мёрфини ашып өттү. Ага чейин “Алтын малинанын” 5 наамына талапкер Эдди Мёрфи эле. Айта кетсек, жогорудагы антисыйлык жылдын эң начар фильмине, актёруна, актрисасына берилет. Бул жолу “Алтын малинага” талапкерлердин арасында Николас Кейж, Тэйлор Лотнер, Кристен Стюарт, Кэти Холмс жана Николь Кидман бар.
Лунара Бекиева
kino@super.kg