«Супер-Инфонун» алгачкы жетекчилеринин бири Закиржан Бутаканов: «СУПЕР-ИНФОДО» АСКЕРДЕГИДЕЙ ТАРТИП САКТАЛЧУ»

Гезит басмаканадан чыгары менен элге “ысык” бойдон жеткирүү бул – гезитти элге жайылтууну уюштуруучу адамдын милдети. “Супер-Инфодо” бир топ жыл ушул кызматты аркалаган Закиржан Бутаканов бүгүнкү күндө эмне менен алек?

Аты-жөнү – Бутаканов Закиржан Акрамович
Туулган жылы – 1961-жыл, 11-февраль
Кичи мекени – Ноокат району, Кашкалдак айылы
Редакцияда иштеген жылдары – 2001-2006
Учурда “Камбарали-Ата” ЖЧКсынын президенти.
Жубайы Фарида экөө эки кыз, бир уулдун камкор ата-энеси, төрт неберенин сүйүктүү таята-таенеси.

“СУПЕР СКАНВОРДДОР” ЭҢ КӨП НУСКАЛУУ СКАНВОРД ГЕЗИТ ЭЛЕ”
– Кылычбек Султанов экөөбүз “Кыргыз Руху” гезитинде иштеп, ал дизайнерлик, мен менеджерлик кызматты аркалачубуз. Кийин ал гезит бир топко чыкпай калып, баарыбыз чилдей тарап кеткенбиз. Кийинчерээк капысынан экөөбүз жолугушуп калдык. Ошондо ал “ии, мен сизди издеп жүргөм. “Супер сканворддор” деген гезит ачканмын. Базарга таратканга бирөө керек болуп жатты эле” деп калды. Көрсө, гезитти өзү чыгарып, өзү таратып, өзү сатып жүргөн кези экен. “Жакшы болот” деп эле бул жумушту колума алдым. Башка гезиттер 2-3 миң нускада чыкса, “Супер сканворддор” адегенде эле 4 миң нускада чыгып, кийин 7-8 миңге чейин өсүп жетти. Кийин “Супер сканворддорго” “Супер-Инфо” гезити кошулуп, ишим кызуу жүрө баштады.

“КЫЛЫЧБЕККЕ КАРЫЗ БОЛУП...”
Ал кезде гезитти элге таратып, саткандан кийин акчасын жыйнап алчу элек. Кээ бири бир айдан кийин берсе, кээ бири эки айдан соң берет. Кээ бирөөлөрү бербей качып кетишчү. Ошентип таратып жүрүп, Кылычбекке 15 миңдей карыз болуп, уктай албай калдым. Ал кезде 15 миң деген аябай эле чоң акча болчу. Карызды төлөшүм керек болуп калды. Анткени Кылычбекке да акча аябай зарыл эле. Журналисттерге маяна бериш керек дегендей. Анан ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп шаардын четинде жер тилкем бар болчу, ошону сатып, анан төлөгөнүм эсимде.
Кээде гезиттер толугу менен өтпөй, 200-500 даанадан калып калган күндөр болгон. Чындыгында, гезиттин өтпөй артка кайтып келиши эч бир гезит ээсин кубандырбайт. “Эгер муну редакцияга кайтарып алып барсам, Кылычбектин маанайы түшөт. Кийин арзан баада болсо да сатармын” деп үйүмө алып барып жыйып койчумун. Кийинки жумаларда 50 тыйын, 1 сомго чейин арзандатып сатып жиберчүмүн. Ошондо 300-400 сомго күйүп жатканымды билсем да, гезиттин келечегин ойлочумун. Анткени анын гүлдөп-өсүшүнөн үмүтүм зор болчу. Кудайга шүгүр, үмүтүм акталып, гезиттин нускасы 40 миңден ашканга чейин таратып иштеп, кетирген чыгымдарымды жаптым, унаадан унааны тандап миндим жана өзүмчө гезит ачканга жетиштим.

“КЛОН” ТЕЛЕСЕРИАЛЫ НУСКАБЫЗДЫ ӨСТҮРГӨН”
– 2004-жылы болсо керек эле, гезитибизге ошол кезде болуп жаткан “Клон” телесериалынын анонсу жарыялана баштаган. Аны жарыялоо идеясын Кылычбек өзү тапты окшойт. Ачыгын айтыш керек, телесериалды жарыялагандан кийин гезиттин нускасы күн санап өсө баштаган. Негизинен, Кылычбек жумушка шашпай, түшкө жакын келчү. Көрсө, ал түнү менен интернетте отуруп, гезитке элдин талабына жооп берчү идеяларды издеп тапчу экен.

“СУПЕР-ИНФОГО” ЧУРКАГАНДАЙ ӨЗ ГЕЗИТИМЕ ЧУРКАЙ АЛБАДЫМ”
– Негизи, гезит жаңы чыкканда мыкты болсо деле эл көп жакшы ала бербейт. Эсимде, “Супер сканворддор” жаңыдан чыгып баштаганда Москвичиме жүктөп алып, шаардагы гезит саткан күркөлөрдү кыдырып “сатканыңдан кийин акчасын алам” деп 5-6 даанадан таштап кетип, бир жумадан кийин кайра жыйнап чыкчумун. “Супер-Инфодон” кеткенден кийин “Тамчы” гезитин негиздедим. Бирок мен өз гезитиме “Супер-Инфого” чуркагандай чуркай алган жокмун. Жашым өткөндүктөнбү же чарчадымбы, айтор, аракет кылбадым. Ошондой күч жумшасам, балким, гезитим тамчылабай, нөшөрлөмөк беле, ким билет?..

“БИРИ-БИРИҢДИН БАРКЫҢДЫ АЛЫСТАГАНДА БИЛЕТ ЭКЕНСИҢ”
– Чогуу иштешип жүргөндө бири-бириңдин баркыңды анча билбейт көрүнөсүң. Өзүмчө гезит ачып иштеп кеткенден кийин Кылычбектин бир сапатын жогору бааладым. Бул – анын кол алдындагы кызматкерлерди жаш-карысына карабай туура башкара билүү сапаты. Мындай сапатка ээ болгон адамдар мамлекеттин орчундуу бир тармагына барса, президент болобу, премьер-министр болобу, сөзсүз ийгилик жарата алышат деп ойлойм.
Кылычбектин орун басары Атыркүл Сыдыкова да бизди катуу тартипте кармады. Мисалы, бизде жумушка улам кийин келгени, мейли жаш болобу, улуу болобу, ошол чай куйчу. Тагыраак айтканда, бизде аскердик тартип сакталчу.

“СУПЕР-ИНФОНУ” САТЫП КӨПТӨР ЖАН БАГЫШУУДА”
– Майрамдарда чогулган сайын жамааттын улуусу катары “нускабыз өссүн, жамаатыбыз өссүн” деп бата берип калар элем. Бата сөзсүз кабыл болот экен. Алгач 4-5 адам эле болсок, кийин Азамат Сагынбаев, Азиза Сатимбекова, Канымжан Усупбекова, Нурбек Абдыкадыров сыяктуу таланттуу кызматкерлер менен жамаатыбыз толукталып отуруп, мына учурда “Супер-Инфодо” 50дөн ашык кызматкер жумуш орду менен камсыздалып, эмгектенип келишет. Мындан сырткары базарда, аймактарда канчалаган адамдар “Супер-Инфону” сатуу менен каражат таап, үй-бүлөсүн багууда. Албетте, бул сыймыктанчу нерсе. Учурда "мен кыйынмын" деген депутаттар 10 адамды да жумуш менен камсыз кыла алышпайт.



КЫЛЫЧБЕК СУЛТАНОВ ЗАКИР МЫРЗА ЖӨНҮНДӨ

– Закир аке жумушуна өтө так, чынчыл жана намыскөй адам болгондуктан, аны менен иштешүү мага абдан жеңил болгон. Моюнуна кандай гана милдетти албасын, өзүнүн зыян тартканына карабай ошону аягына чейин толугу менен аткарчу. Ишеничти актоо ал үчүн негизги орунда турчу. Жамаатыбыздагы эң улуу адам экенине карабай “душа компании” эле. Дайыма өзүн шайыр алып жүргөндүктөн, жамаатты зериктирбей бир нерселерди уюштурууга шыктуу болчу.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 488, 9-март - 15-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан