БӨЛМӨ ГҮЛДӨРҮН ӨСТҮРҮҮ

Көзгө көрк, жан дүйнөгө ырахат, үй ичине таза аба тартуулап, табият менен бизди бириктирген бул – бөлмө гүлдөрү. Мына ушул бөлмө гүлдөрү тууралуу пайдалуу кеңештер...

КРАССУЛА (АКЧА ДАРАГЫ)
Мекени – Түштүк Африка, Мадагаскар. 300дөн ашуун түрү бар. Фен-шуйга ылайык, бул өсүмдүктү үйдүн түштүк-чыгышында кармоо керек. Белек кылууга болбойт дешет. Бул гүлдү сатуу жана сатып алуу жолу менен гана колдон колго өткөрүү керек. Мындай өсүмдүгү бар адам акчалуу жүрөт деген ишеним бар.
Отургузуу. Жалбырактуу бутагын сууга салып, тамыр алганча күтүү керек. Тамырлаган бутакчаны идишке (астыңкы жалбырагы топуракка тийбеши керек) отургузабыз.
Сугаруу. Кышкысын бир айда 1-2 ирет гана сугаруу жетиштүү, ал эми жайкы аптапта топурак кургап кеткенде сугарып туруу зарыл.
Эскертүү! Күндүн нуру көбүрөөк тийчү терезеге коюп багуу керек. Жайкысын балкондо багуу же терезени ачып, бөлмөнү тез-тез желдетип туруу абзел.

ЛИМОН
Мекени – Индиянын тоолуу аймактары жана Кытай. Түбөлүк жашыл дарак болуп эсептелген лимон цитрустар түркүмүнө кирет. Жакшы багылган бир чоң дарагынан 15-30 килограмм лимон алууга болот.
Отургузуу. Лимондун даяр көчөтүн сатып келип өстүрүүгө болот. Антпейм десеңиз, анда лимонду жеп бүткөн соң данегин топуракка көмүп коюңуз. Анан гүлдүн сабагы бир аз баш багары менен отургузуу зарыл. Дароо эле чоң идишке же кичирээк идишке атайын даярдалган ным топуракка салып өстүрсөңүз болот. Ал үчүн идиштин үчтөн эки бөлүгүн чым топурак, калганын кык, кесек кум жана бир аз жыгачтын күлүнүн аралашмасы менен толтуруу керек. Андан кийин үстүн клеёнка менен жаап, кээде гана суу куюп туруу керек. Өтө көп сугарып койсоңуз, чирип кетиши мүмкүн. Эки жалбырагы өсүп чыккандан кийин клеёнканы ачып, температурасы +18 +20 градустан төмөн эмес бөлмөдө багуу керек. Биринчи 2-3 айда эч кандай жер семирткичтердин кереги жок, андан кийинки убакта жумасына 1 жолу минералдык жер семирткичтерди берип турууга болот.
Сугаруу. Жумасына 1-2 жолу сууну көп куюп сугарып туруу керек. Жайкы мезгилде таза абада багуу туура.
Эскертүү! Күн нуру түз тийген жерге койбоңуз жана ордунан көп козгобоңуз.

ГИБИСКУС (КЫТАЙ РОЗАСЫ)
Мекени – Кытай, тропикалык Африка. Гүлүнүн диаметри 15 сантиметрге жетет. Бөлмөгө өзгөчө көрк жана жагымдуу маанай тартуулаганы үчүн бул гүлгө суроо-талап эң жогору.
Отургузуу. 2-3 жалбырагы бар бутагын курч бычак менен кесип, алып сууга салып тамырлатып алыңыз. Отургузулчу идиштин түбүнө ашыкча суулар кармалбай чыгып кетиши үчүн майда шагыл таштар салынат. Анын үстүнө кум, борпоң топурак менен кыктын аралашмасы салынат. Даяр болгон топуракка бутакчаны отургузуп, үстүн банка менен жаап бир же эки жума жылуу жерге кармоо керек.
Сугаруу. Жайкы жана жазгы мезгилдерде сууну көп куюп, арбыныраак сугарып туруу оң. Ал эми күз жана кыш мезгилдеринде жумасына бир ирет гана суу куюу жетиштүү. Эгер бөлмөдө температура +12 градустан төмөн болсо, сугарууну азайтуу зарыл.
Эскертүү! Жарык жана мээлүүн температурада багуу керек. Эгер күн нуру жетпеген жерде турса, гүлдөбөй коюшу толук мүмкүн.

БЕГОНИЯ
Мекени – Азиянын, Американын жана Африканын тропиктик, субтропиктик аймактары. Гаити аралынын губернатору, гүл сүйүүчү Мишель Бегондун атынан аталып калган. 1000ден ашуун түрү бар.
Отургузуу. Бегония гүлү өстүрүүдө кыйынчылыкты туудурбайт. Көчөт алыш үчүн үстүңкү жалбырагын түбүнөн кесип, дароо ным топуракка отургузуу керек. Болгону, жалбырак топуракка көмүлбөй турушу кажет.
Сугаруу. Бегония – нымдуулукту сүйгөн гүл. Бул гүл өсүп турган идиштин астына суу куюлган табакты коюу зарыл. Бирок идиштин түбү сууга тийбеши керек. Анткени бул гүл нымды абадан, анан тамыры аркылуу да алат. Мисалы, суу куюлган табакка майда таш салып, анын үстүнө гүл отургузулган идишти коюп коюңуз. Гүлгө бир айда 2-3 жолу гана суу куюу жетиштүү.
Эскертүү! Топурак нымдуу, бирок ылай болбошу керек.

ХОЙЯ (БӨЛМӨ ЛИАНАСЫ)Мекени – Полинезия, Австралиянын батыш жээктери. Бул тропикалык өсүмдүктүн илимий аталышы англиялык багбан Томас Хойдун урматына коюлган. Гүлдөө маалында айрым гүлдөрү 2-3 жумага чейин сабагында кармалат.
Отургузуу. Сабагынан кесип алып, сууга салып тамырлатып алабыз. Андан кийин кадимки топурак жана кыктын аралашмасына отургузуп, түбүнө суу куюп коюу керек.
Сугаруу. Жаз жана жай мезгилдеринде жумасына 3 жолу арбын суу менен сугаруу керектелет. Андан тышкары жалбырактарына суу сээп туруу да сунушталат. Ал эми кышкысын суу себүүнүн кереги жок жана жумасына 1 же 2 жолу гана сугаруу туура.
Эскертүү! Биринчи жылы гүл ачпайт. Эгер гүлдөө маалында ордунан козгосоңуз, гүл ачуусу токтоп калышы ыктымал.
Орхидея жана башка бөлмө гүлдөрүнө кийинки сандарыбызда кайрылабыз.

КЫЗЫКТУУ

Үйүңүздүн ичине гүл өстүрүүнүн алдында ал гүлдүн өзгөчөлүгүнө карата бөлмө тандап алганыңыз оң. Ар бир гүл өзгөчө температураны, жарыкты жана нымдуулукту талап кыларын эстен чыгарбаңыз.
Эл ичиндеги ишенимдерге таянсак, ар бир гүл өзүнчө касиетке ээ. Мисалы:
Герандын абага бөлүп чыгарган эфир майы стресске, нерв ооруларына, уйкусуздукка даба боло алат.
Крассула (акча дарагы) үйгө материалдык байлык алып келет.
Алоэ кырсыктан жана жаман көздөн сактайт.
Фикус адамдардын мамилесинде гармония жаратат. Дасторкондо береке болсун десеңиз, фикусту ашканага өстүргөнүңүз оң.
Фиалка оору-сыркоодон коргойт. Балдар бөлмөсүнө өстүрсөңүз, балаңыз тил алчаак жана токтоо болот.

ГҮЛДӨР ООРУБАШ ҮЧҮН...

  • Адаттагы биз өстүрүп келген бөлмө гүлдөрүнүн топурагына 1-2 айда бир ирет атайын минералдарды, азот жана башка жер семирткичтерди сээп туруу керек.
  • Кандайдыр бир ооруга чалдыккан гүлдүн топурагын алмаштыруу зарыл.
  • Эгер гүлдүн жалбырактарын ак же саргыч түстөгү ун сымал так басып баратса, 1 чай кашык соданы 100 миллиграмм сууга аралаштырып өсүмдүккө себүү керек. Бул процессти 10 күн кайталоо керек.
  • Өтө нымдуу жана ысык жерде өстүрбөгөнүңүз туура. Мындай учурда өсүмдүккө грибок оорусу жабышышы мүмкүн.
  • Эгер катуу жабыркаган гүл болсо жана жанындагы гүлдөргө оору жугуп жатканын байкасаңыз, ал гүлдү идиши менен ыргытып, жок кылууга туура келет.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Letty
2012-03-13 02:36:18
Балалыгымда озумду гулдорго арнагам десем болот...Балконум толгон гул эле,38 гулум бар болчу.Гулдордун арасында жатып эс алчу элем.Бир жылы айылга 3 айга таенемдикине кетип,кайра келсем эч ким жакшы карабай гулдорум куурап калыптыр, тим эле жандандырууга болбойт эле. Баарын жулуп жерге комуп салып жаным тынган. Ошол окуядан бери эч гул остурбойм...
0
kg3991
2012-04-28 11:30:28
Кенешишиздерге рахмат!!!
0
Nadir27
2015-05-10 22:36:11
Жакшы кенештер экен мен дагы гулго аябай кызыгам
0
raia
2020-05-24 22:55:15
Гулду ото жакшы кором.Тушумдо дайыма гул аралап болбосо гул магазинде жургон болом.Быйыл куздо каттуу ооруп калып,балам домго алып кетти.Жер уйдо калган гулдорум суука калып ушук уруп кетти.12 орхидеям бар эле,кытай роозасынан уч туру бар эле ,бегуня ох эстесем дагы эле ичим ачышат.Суука чыдамду доллар менен геран,алоэ эле калыптыр.Мен каттуу ооруган учун балдарымдын эстерине деле келбептир.Быйыл дагы аракет кылып чогултум бирок гулдорумдун сорту орхиден ак светинен келиним подарка кылды жалгыз
0
raia
2020-05-24 22:56:39
орхи гулдоп турат.Гулдорумдун сорту аз болуп калды...
0
№ 488, 9-март - 15-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан