ЖЕР ТИЛКЕНИ ТУУРА ПЛАНДАШТЫРУУ

Короо-жайы менен үй салууда алгач жер тилкени пландап алуу керек эмеспи. Жер тилкени үй, сарай, унаа коюучу жай, бак жана жашылча-жемиштерди өстүрүүчү аянттар үчүн кантип бөлүштүрсө туура болот? Шаар жана айыл жергесиндеги жер тилкесине короо-жай, үйдү пландаштыруу тууралуу сөзүбүздү төмөндө уласак.

ШААР ЖЕРГЕСИНДЕГИ ПЛАНДОО
Шаар жергесинде жер тилкенин аянты кичине болот. Анын үстүнө автоунаалардын кыймылы көп болгондуктан, үйдү көчөнүн боюна эмес, жер тилкесинин төр жагына салган дурус. Себеби унаалардан чыккан уулуу газдар, чаңдар үй ичин булгайт да, ден соолукка терс таасирин тийгизет. Ал эми чарбакананы (сарай, кампа) жана унаа коюучу жайды көчө жак тараптын бир жак бетине жайгаштырып, анын карама-каршы тарабына бак-дарактарды жана жер-жемиштерди өстүрүү үчүн аянтча бөлүштүргөн оң. Жер тардыгына байланыштуу жана улам жаңылап казып отурбай, сордуруп салууга ылайыктуу болушу үчүн даараткананы жол тарапка салган туура.

АЙЫЛ ЖЕРГЕСИНДЕГИ ПЛАНДОО
Айыл жергесинде жер тилкесинин аянты чоң жана автоунаа кыймылы аз болгондуктан, үйдү көчө жак тарапка салып, үйдүн карама каршысына чарбакана жана андан кийинки катарда мал кармоочу короону куруу керек. Мал кармоочу короого малдардын көчөгө чыгып-кирүүсү үчүн атайын өзүнчө жол болгону жакшы. Ошондой эле бак-дарактарды жана жер-жемиштерди өстүрүүчү аянтты мал аралап кетпегидей тосуу керек. Себеби жалбырагы желген, бутактарын мал кемирип салган мөмө-жемиш дарагынан жакшы түшүм ала албайсыз.

МӨМӨ-ЖЕМИШ ЖАНА ЖАШЫЛЧА-ЖЕМИШ АЯНТЫН ПЛАНДОО
Мөмө-жемиш дарактарын отургузуу үчүн төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:
Мөмө-жемиш дарагынын бийиктиги. Дарактар бийиктигине жараша 3 топко бөлүнөт. Бийиктигине жараша анын аянтын эсептеп, канча дарак отургузуу керек экенин тактап алууга болот. Дарак жакшы өсүп, мол түшүм бериши үчүн ага жетиштүү аянт бөлүү зарыл.
Бийик өсүүчү – 10-12 метрге чейинки 1 дарак 30 чарчы метр аянтты ээлегендей болушу шарт. Жөнөкөй тил менен айтканда, бактардын бир тилкедеги аралыгы 6 метр, ал эми эки тилкенин аралыгы 5 метр болушу зарыл.
Орто бийиктиктеги – 4-4,5 метрге чейинки ар бир дарак 20 чарчы метр аянтты ээлеши шарт.
Жапыз бойлуу (карлик) – 2,5 метрге чейинки ар бир дарак 3,75 чарчы метр аянтты ээлеши керек.
Жер тамдарда жашагандарга мөмө-жемиш дарактарын түрлөп отургузган жакшы. Ошондой эле жемиш дарактарынын орто бойлууларын тандоо зарыл. Себеби алар аянтты азыраак талап кылат жана түшүмдү 3-4 жылдан кийин эле бере баштайт. Бирок бул топтогу дарактарды жакшылап бакпаса, түшүмдүүлүк азайып кетет. Жапыз бойлууларга абдан көңүл буруп, бутап, тез-тез сугарып, жер семирткичтер менен азыктандырып туруу керек. Антпесе ооруларга чалдыгып, түшүмдүүлүгү төмөндөйт да, эрте куурап калат. Ал эми бийик өсүүчүлөр 5 жылдан кийин гана мөмө байлайт. Бийик өсүүчү дарактын бир артыкчылыгы, көп эмгекти талап кылбайт. Ооруларга жакшы туруштук берип, чыдамкай келет.

МӨМӨ-ЖЕМИШ ДАРАГЫН СОРТУНА ЖАРАША ОТУРГУЗУУ.
Дарактарды отургузууда мөмөсү көп колдонулуучу алма, өрүк, кара өрүк, алмурут, жаңгак, шабдалы, алча, жүзүм сыяктуу мөмө-жемиш дарактарын тандоо керек. Мында алма менен алмурутту тандоодо жайкы, күзгү жана кышкы сортуна көңүл буруңуз. Бул жыл бою витамин менен камсыз болуп туруу үчүн жана базардан мөмө-жемиш алып акча коротпоо үчүн пландоо керек. Мисалы, жайкы алма май-июнь айларында бышып калат да, күзгө чейин жесе болот. Ал эми күзгү алмалар жаңы жылга чейин жегенге жетсе, кеч күздө терилген кышкы алмалар кийинки жайга чейин сакталат.
Эрте бышкан сортторду үйгө жакын, андан кийин быша тургандарды короонун төр жагына отургузуу туура. Алча менен шабдалыны коңшунун жер тилкеси менен чектешкен бөлүккө тигип койсо болот. Ал эми жүзүмдү эшиктин алдына тирөөчтөрдү чатырча (беседка) түрүндө жасап, ошол жерге өстүрсө ыңгайлуу.
Жаңгакты короонун түндүк тарабынын бир бурчуна отургузуу сунушталат. Себеби ал бийик өскөндүктөн, жанындагы дарактарга көлөкөсү түшүп, мол түшүм беришине тоскоолдук жаратат.

БАДАЛ ТҮРКҮМҮНДӨГҮ ӨСҮМДҮКТӨР
Бадал түркүмүнө кирген карагат, дан куурай (малина) өсүмдүктөрү абдан пайдалуу болгондуктан, чарбачылыкта көп өстүрүлөт. Буларды короонун жээгине же мөмө-жемиш дарактарынын арасына катарлаш отургузуп койсо деле болот.

КООЗДУК БЕРҮҮЧҮ ДАРАКТАР ЖАНА ГҮЛДӨР
Кооздук үчүн отургузулган дарактарды көчө бойлото отургузуу туура. Ал эми гүлдөрдү үйдүн, жашылча-жемиш аянтынын жээгин бойлото отургузууга болот.

Эсиңизде болсун!
Дарактарды коңшуңуздун жер тилкеси менен чектешкен жерден 2 метр алыс отургузуңуз. Болбосо дарак өскөндө коңшуңуздун короосуна бутактары өтүп, нааразычылыктар жаралышы толук мүмкүн.

ЖАШЫЛЧА-ЖЕМИШТЕРДИ ӨСТҮРҮҮ
Мөмө-жемиш дарактары өсүп, мөмө берген убакка жеткенче жашылча-жемиштерди алардын аралыгындагы бош жерлерге өстүрө берүүгө болот. Качан дарактар чоңоюп, көлөкөлүү болуп калгандан кийин атайын бөлүнгөн аянтты иштетүүнү улантабыз. Жашылча-жемишке бөлүнгөн аянт жер тилкенин күнөстүү чыгыш бөлүгүндө болгону оң. Себеби эртең мененки саат 11ге чейинки тийген күндүн нуруна жашылча-жемиштер да абдан муктаж.

ЖАШЫЛЧА-ЖЕМИШТЕРДИ ӨСТҮРҮҮЧҮ АЯНТТЫ БӨЛҮШТҮРҮҮ
Жашылча-жемиштерди 4 бөлүккө бөлүп алуу туура:

1-бөлүк. Помидор, калемпир, баклажан, бадыраң.
2-бөлүк. Пияз, сабиз, сарымсак, кызылча, түрп, шалгам.
3-бөлүк. Картошка, капуста.
4-бөлүк. Ашкөк чөптөр.

“ЖАКШЫ КОШУНАЛАР”
Жашылча-жемиштерди ой келди отургуза берүү мол түшүм алууга мүмкүнчүлүк бербейт. Андыктан, жашылчачылардын тили менен айтканда, “жакшы кошуналарды” бири-биринен алыстатпаш керек.
Мисалы, картошка менен капустаны “жакшы кошуна” десек болот. Себеби капустанын жалбырактары чоң болуп, көлөкөсү менен жердеги нымдуулукту көпкө сактап, картошкага нымдуулукту түзүп берет. Ал эми картошканын жалбырагындагы жыт капустаны жашылчаларды жеген мите-курттардан сактайт. Ошондуктан бир сап картошка, бир сап капуста кылып тиксе жакшы.
Ушул сыяктуу эле сабиз менен пияздын кошуна болгону жакшы. Сабизди пааналаган чымындар пияздын жытына келе албайт, ал эми пияздын чымыны сабиздин жытынан качат.
Мындан сырткары сабиз менен ашкөктүн жыты эл кайда көчөт куртун өзүнө тартып турат. Жашылчалардын арасында эл кайда көчөт канчалык көп болсо, зыянкеч биттердин саны азаят. Ал эми картошка, баклажан жана помидорду жакын айдаганга болбойт. Себеби колорадо коңузу аталган үч жашылчанын жалбырагын жегенге ашык. Эң биринчи баклажандыкын жейт. Андан соң картошканыкын, анан помидордукуна өтөт.
Ашкабакты дарактын түбүнөн жарым метрче алыс айдап койсо, ал бакка жабышып жогору карай өсөт. Кийин ашкабак түйүлгөн кезде торчо баштыктарды кийгизип, бутактарга баштыкчаны байлап койсо болот. Бул жерди үнөмдүү пайдалануу үчүн жасалат.

МОЛ ТҮШҮМ АЛУУ ҮЧҮН ЭСИҢИЗГЕ ТҮЙҮП АЛЫҢЫЗ
Жаз келип, күн жылыгандан тартып 1 күндү да текке кетирбей жер айдоону баштаңыз. Айдап-себүү иштери кечеңдеп кетсе, жашылча- жемиштер толук жетилбей, түшүмдүүлүк начар болуп калат.
Жер ысыганда (колду топуракка салганда жылуулук сезилет) помидор, калемпир, баклажандын көчөттөрүн отургузуу туура. Көчөттөрдү жер ысыганда отургузуу жакшы түшүмдү камсыздайт. 40-60 күндүк көчөттөрдө 5-7 жалбырак өсүп калат.
Бакча жемиштери болгон коон, дарбызды күн абдан жылып калганда тигүү зарыл.
Пияз, шалгам, сарымсак, капуста, сабиз, кызылча жер жаңы жылый баштаганда эле өсө берет.
Үшүк жүрө турган болсо, эрте себилген жашылчалардын үстүн саман менен же клеёнка менен жаап коргоп калса болот.
Жогорудагы мөмө-жемиш дарактарын жана жашылча-жемиштерин туура пландоо боюнча өз кеңештери менен бөлүшкөн К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин токой чарбасы боюнча кафедрасынын доценти, биология илимдеринин кандидаты Кубанычбек Тургунбаевге жана өсүмдүктөрдү өстүрүүчүлүк жана коргоо кафедрасынын доценти, айыл чарба илимдеринин кандидаты Кызайым Эргешовага ыраазычылык билдиребиз.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
erali
2012-03-12 21:17:45
Абдан пайдалуу кенештер экен чон рахмат,эми мал чарбачылыгы боюнча тагыраак айтканда мал багуу.эт сут багытындагы малдар ,малдын породалары.тоюттандыруу сырлары,сут багытындагы эчкиолер жонундо айтып берсениздер.Рахмат
0
u86
2012-03-14 06:16:45
рахмат
0
№ 488, 9-март - 15-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан