– Бир жолу Түркиянын президентин сыйлоо аземинде резиденцияга концерт бергени барып калдык. Кашайып үйдөн туфлимди унутуп баса бериптирмин. Жанымдагы кесиптештеримдикин сурасам, көбүнүкү чак келбей туруп алды. Акыры мына сахнага чыгат дегенде эле мейли деп бирөөнүкүн кийип чыга бердим. Узун кыргыз көйнөктөн билинбейт, анан да бир жерде эле туруп ырдасам эч нерсе болбостур деп ойлогом. Сахнага чыгып, ырым аяктап калганда эмне болуп кетти билбейм, туфлим чечилип кетип жатпайбы. Ырым аяктады, мен болсо бутум менен сыйпалап туфлини таппай жатам. Айлам кетип ырды кайра башынан ырдай баштадым. Бир куплет созуп жибергенде гана араң тапсам боло! Президенттердин алдында аябай уят болдум деп сахнадан мына чыгам деп калганда дагы чечилип кетти. Кийин тиги туфлинин ээсинен “эже, канчанчы өлчөмдө киет элеңиз?” десем “40” деп жатпайбы. Ошол окуядан кийин кайда даярданбайын, бут кийимимди биринчи камдайм.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg