Жаз келип сүйүүлөр ойгоно баштаган кез. Ырчы Амир Аскаров менен бойдокчулук, кыздар, сүйүү, турмуш тууралуу маек курдук.
АМИР ЖӨНҮНДӨ
Туулган жылы – 1988-жыл, 16-март.
Кичи мекени – Нарын.
Спортко мамилеси – Футболго кызыгат, “Манчестер Юнайтед” клубунун фанаты.
Бою – 180 сантиметр.
Салмагы – 75 килограмм.
Жактырган машинасы – Запорожец жана Порше.
Популярдуу ырлары – "Сени эстеп", "Алдадың", "Периштем".
Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү (эжеси 40, байкеси 34 жашта).
“Бош убактымда апама эркелейм. Апам мени 40 жашында төрөгөндүктөн, аябай эрке болуп чоңойдум” дейт.
– Алгач бул суроодон баштайын, Амир, бойдоксуңбу?
– Жүз пайыз бойдокмун. Бир кызды сырттан жактырып жүргөм, бирок ал кыздын жигити бар өңдөнөт. Ошол себептен даап барып, сөз айтыштан тартынып койдум. Адыраңдап жүргөнүм менен, уялчаак эле баламын.
– Кыздар менен таанышууда өзгөчө ыкмаларың барбы?
– Көзүмө илинип калган кыздын жанына барып, “шоколад сатып берчи” деген сыяктуу тамашалуу сөздөр менен таанышам. Анан салтка айланып калган саат сурамай, комплимент айтмай деген “методдорду” деле колдоном. Эсимде, бир кыз менен даараткана жактан жөөлөшүп кетип, “мен-сен” болуп аябай урушуп кеттик. Бирок аягында “кечирип кой, жок, сен кечирип кой” деп жатып экөөбүз таанышып алганбыз.
– Алгачкы жолу кыздын колун кармаган күнүң?..
– Кыздын колун 3 жашымда эле кармагам. Бала бакчага барып жүргөндө Наташа аттуу көк көздүү кыз бар эле. Аябай сүйгөм да ошол кызды. Жанына жакын отуруп калсам эле бетинен өөп алып, бир күн кечке бактылуу жүрчүмүн. Жакшы көргөн оюнчугумду андан талашчу эмесмин. Үйдөгүлөрдү “Наташаны алам” деп какшай берип тажатчу экенмин.
– Бул эми балакай кезиңде экен. Чоңоюп, жигит болуп калгандачы?..
– 8-класста окуп жүргөндө жакын досум экөөбүз бир кызды жактырып калганбыз. Ал кыздын жүрөгүн багынтабыз деп досум менен бир топ эле тирешкенге чейин бардык. Жыйынтыгында ал кыз меники болду. Бирок жарым жылдай эле мамиле курдук. Экөөбүздүн мамилебизге аралык тоскоол болду окшойт. Мен Балыкчы шаарында, ал кыз Бишкекте болуп калды. Телефон аркылуу сүйлөшүп жүргөнбүз жакшы эле. 23-Февраль майрам күнү мага чалып, аябай куттуктап туруп “кечирип кой, мен башка бирөөнү таап алдым” десе болобу! Чынын айтсам, ушул окуядан кийин кыздарга көп ишене бербей калдым.
– “Сүйөм-күйөм” деп кыздарды алдаган учурлар болду беле?
– Жашырбайм, жаш кезде кыздарды калп эле “сүйөм” деп алдаган учурлар көп болгон. Мындай учурлар, негизинен, балдардын арасынан мелдешип кеткенден улам болот. Бир жолу досум экөөбүз бир кызды көрүп, “ким чаба алат?” деп 100 сомго мелдешип кеттик. Мактанбайын, мен ал кыз менен бир күндүн ичинде мамиле түзүп кеткем.
– А кыздарчы?
– Ушул жашыма чейин бир кыз мени аябай катуу алдады. Экөөбүздүн мамилебиз тойго да жакындап калган. Көрсө, ал мени жөн эле ойнотуп жүрүптүр. Иши кылып үй-бүлөсү менен “артисттер” экен.
– Сенин басып-турганыңан улам батыштын таасириндеги жаштардын катарынан көрөм. Кыргыздын салт-санааларын карманасыңбы?
– Албетте, кармайм. өзүмдү аябай патриотмун деп эсептейм. Кыргыздын салт-санааларын колдойм. Мисалы, бизде ала качуу деген бар. Эгерде мен сүйүп калган кыз таптакыр мага моюн бербей же ата-энеси каршы болуп туруп алса, ала качып барып эле отургузуп алмакмын.
– Андай болсо, кыздык-аруулук маселесине да катуу карасаң керек...
– Бул жактан мындай көз караштамын. Ар бир адам өз жашоосунда кемчилик кетирбей койбойт. Ток этер жерин айтсам, кыздыкка маани бербейм. Мисалы, эгерде мен алган келинчегим буга чейин жаңылыштык кылып, бирок мага баш байлагандан кийин мени сүйүп, сыйлап, жакшынакай кожойке болуп кетсе, ошол эле жетиштүү болот.
– Бир топ мырзалар кыздын кыска юбкасына биринчи көңүл бурушат. Сенчи?
– Эң биринчиден, мен кыздын көзүнө карайм. Сырткы келбетине көп көңүл бурбайм. Мага демектен 200 килограмм болсун. Максим Галкин деле Пугачёва менен жашап жүрбөйбү. Көзү жылдыздуу кыздарга өзүнөн өзү эле тартылып кетем.
– Канча жашыңда балалыкты артка таштап, “көзүң ачылды”?
– 18 жашымда.
– Кыздардын байлыгына көңүл бурасыңбы?
– Материалдык байлыкка маани бербейм. Мага болгон сүйүүсү бай болсо болду.
– өзүңдү кыздардын кыялындагы келишимдүү жигитмин деп эсептейсиңби?
– Жараткан ар бир адамга өзүнчө бир сулуулук берет. Сүйкүмдүүмүн деп ойлойм.
– “Алганча алтыным, алгандан кийин катыным” деген сөздү колдойсуңбу?
– Бул сөз бизде өз маанисин жоготуп, башкача мааниге өтүп кеткен. “Катын” деген сөз “башкалардын көзүнөн катынып жүр, сенин сулуулугуң мен үчүн гана” деген эле мааниде айтылат экен. Бул эми сөздүн мааниси, ал эми келечекте алган жубайымды алаканга салып, бөпөлөп бакканга кудуретим жетет.
– өзүңдөн улуу айымдар менен мамиле түзүп көрдүң беле?
– Жок. Эгер сүйүп калсам, мамиле түзөт болчумун.
– Мырзалар үйдөн 7 кадам аттагандан кийин бойдок боло калышат. Бул жорук сага да жакындашы мүмкүнбү?
– Айта албайм.
– “Эротикалык клип тарттырганы жатам” деп айттың, ал клипке каарман болуп өзүң катышасыңбы?
– Ооба, өзүм башкы ролдо болом. Шоу-бизнес дайыма жаңычылдыкты талап кылат эмеспи. Тааныштарымдан кеңеш сурасам, 90 пайызы эле “эй, жинди болбочу, кереги жок” деп жатышат. Бирок мен кандай сындар болбосун жаңычылдыкты жактырам.