КЫРГЫЗСТАНГА ВИЗАСЫЗ РЕЖИМ КЕРЕКПИ?

Кыргызстан 46 өлкөгө эшик ачып, визасыз кирүүгө уруксат бермекчи. Ал өлкөлөр да бизге өз эшигин ачып, кыргызстандыктарга визасыз режим киргизет деген үмүт бар, келечектен. Бирок ушунча өлкөгө эшик ачуу бизге керекпи?..

Кыргызстан
Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Вьетнам, Түндүк Корея, Куба, Малайзия (90 күн), Түркия (90 күн), Украина (90 күн), өзбекстан (60 күн), Монголия (90 күн), Азербайжан, Армения, Грузия, Молдова. Бул өлкөлөргө эки тараптуу визасыз режим ачылган.
Япония. Бул өлкөгө бир тараптуу гана визасыз режим киргизилген. Япония жарандары Кыргызстанга визасыз кире алат.

Виза бул – бир өлкөнүн жаранынын башка бир өлкөнүн аймагына белгилүү убакытка кирүүгө уруксат берүүчү атайын документ экени баарыбызга маалым. Бул документ жарандардын бир өлкөдөн экинчи өлкөгө көчүп-которулушун көзөмөлдөө үчүн керектелет.

УКРАИНА МЕНЕН ГРУЗИЯНЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Бир тараптуу визасыз режим киргизгендердин тажрыйбасын карайлы деп, аларга да көз чаптырдык. Сап башында Украина турат. Ал 2005-жылы 1-майда Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн жарандарына визасыз режим киргизген. Украина жөн эле "келгиле, биздин өлкөгө визасыз кире бергиле" деген эмес. Алар Европа биримдигине мүчө болуп кирүү максатында ушундай кадамга барышкан. Анысына карабай, Украина азыркыга чейин Евробиримдикке мүчө боло албай келет. Аталган режимдин киргизилгенине жети жылдын жүзү болгонуна карабай, бир да Европа өлкөсү Украинага карата визасыз режим киргизген эмес.
Ал эми Грузияга келсек, ал 29-февралда кармашса жыга чабар душманы болуп келе жаткан Орусияга карата бир тараптуу визасыз режим киргизди. Бул Орусия менен бузулган дипломатиялык мамилени калыбына келтирүү максатында жасалды. Эске салсак, Орусия 2000-жылга чейин Грузия менен болгон визасыз режимди жокко чыгарып, кайрадан виза киргизген болчу. Кийин бир канча түшүнбөстүктөрдөн соң Грузия да Орусияга карата визасыз режимди алып салган болчу.
Украина менен Грузиянын өлкөлөргө визасыз эшик ачуу тажрыйбасы бизге үлгү боло тургандай көрүнбөйт. Анткени биз Европа биримдигине кирүү максатын карманбайбыз. Мамилебизди жакшыртыш керек болгон душманыбыз да жок. Эксперттер, негизи, көптөгөн өлкөлөр тышкы саясатты жүргүзүүдө визасыз режимдин эки тараптуу болушуна көңүл бөлөрүн белгилешет. Алардын айтымында, бир өлкөгө карата киргизилген визасыз режим ошол өлкөгө болгон сый-урматты билдирет. Бирок ошол эле учурда экинчи өлкө ошондой эле кадамга барбай турган болсо, анда визасыз режим киргизген өлкөнүн баркы кетерин баса белгилешет. Бул тууралуу төбөсү көрүнгөндөрдөн пикирин угуп көрдүк.

“ЭЛЧИЛИКТЕР АТАЙЫН ЭСЕПТЕН КАМСЫЗДАЛАТ”

2006-2010-жылдары Кыргызстандын Англиядагы элчиси болуп иштеген Кубан Мамбеталиевге визасыз режим киргизүү боюнча бир канча суроо узаттык.
– Учурда чет өлкөлөрдө Кыргызстандын 29 элчилик жана консулдуктары бар. Мына ошолор кандайча каржыланат?
– Элчиликтин чыгымдарынын көпчүлүк бөлүгү визаны сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен камсыздалат. Мисалга алсак, элчинин жана кызматкерлердин жашаган батирлеринин, ижарага алынган эки автоунаанын(Роза Отунбаева элчи болуп жүргөн учурда сатып алынган эки автоунаа эскилиги жетип, жараксыз болуп калган, жаңы сатып алууга каражат жок), бензин, элчиликтин имаратынын ижара акысы жана мамлекеттик делегацияларды тосуп алуу, командировкалар жана башка майда чыгымдар визаларды сатуудан атайын эсепке түшкөн каражаттын эсебинен камсыздалат. Мамлекет элчилердин айлык акысы жана өргүү пособиесин гана каржылайт. Визасыз режимге өткөн кезде мамлекет бардык чыгымдарды төлөй албайт. Анткени ал жерде батирдин баасы, тамак-аш бизден алда канча кымбат. Жадакалса биздин элчилигибиздин имараты да ижарага алынгандыктан, аны да төлөө кыйын болот.

– "Элчиликтер виза сатуу жана документтерди толтуруудан алынган каражатты жеп жатышат, элчиликтерди жабыш керек" деп депутаттар айтып чыгышты...
Элчиликтер эч кандай акча жебейт. Бирок документтерден түшкөн акча толугу менен казынага да түшпөйт. Виза берүү эки жол менен жүргүзүлөт. Кадимкиси 50 доллардын тегерегинде болуп, бир аптанын ичинде жасалса, шашылыш жасалганы эки эсе кымбат. Кызматкерлер шашылыш түрдө жасаган визага эки эсе акча алып, отчётко "кадимки виза алды" деп жазышы мүмкүн. Калган акча, албетте, казынага түшпөйт. Кызматкерлердин айынан "элчиликтер көп акча жеп жатат" деп кыйкыра берген болбойт.

– Мындай нерселерди ооздуктоо үчүн эмне кылыш керек?
Мен Англияда элчи болуп турганда виза берүү процессин электрондоштурганбыз. Компьютерлер жаңы болсо, буга көп чыгым кетпейт. Биздин элчиликтеги компьютерлердин эскилиги жеткендиктен, атайын эсепке түшкөн 17 миң долларга жаңы техникаларды алганбыз. Виза берүүгө керектүү программаны жакын жайгашкан Германия элчилигинен алганбыз. Бул процесс компьютер аркылуу жүргүзүлүп, эч ким акчаны өз чөнтөгүнө сала албай калды. Мен бир канча ирет ошол убактагы Тышкы иштер министрине "бардык чет өлкөдөгү элчилик жана консулдуктарды электрондоштуралы" деген сунуш киргизгем. Тилекке каршы, ал сунуш "жакшы нерсе экен" деп айтылган бойдон ишке ашпай кала берди.

– "Англиядагы элчиликти жабыш керек" деген сунуш киргизилди...
Англия жакын арада Бишкекке өз элчилигин ачайын деп жатса, депутаттар "Лондондогу элчиликти жабыш керек" деп жатышат. Лондон – дүйнөнүн борбору, ал жерде бүткүл дүйнө өлкөлөрү өз элчиликтерин ачышкан. Негизи, элчилик эки гана учурда жабылышы мүмкүн. Эки өлкөнүн ортосунда чыр чыгып, согуш башталып кетсе же казынада акча түгөнсө. Бизде биринчиси да, экинчиси да эмес.

– "Лондондогу элчиликтин көпчүлүк чыгымы визадан түшкөн каражаттын негизинде каржыланат" дедиңиз. Анда Орусияга карата виза мурда эле алынып салынган, ал жердеги элчиликти ким каржылайт?
Лондондо катталган 500дөй гана адам бар. Ошондуктан виза сатуудан түшкөн каражаттын негизинде гана аталган чыгымдар каржыланат. Ал эми Орусияда 500 миңдей адам бар. Ал жерде виза алынып салынса да, күбөлүк алгандар, үйлөнгөндөр көп. Алар күбөлүк алышат, анын баары акча да. Ошондон чогулган акча алардын чыгымын жаба алат.

– Бир тараптуу визасыз режим киргизүүнүн оң жана терс жагына токтолсоңуз...
Азыр "визасыз режимди киргизебиз" деп демилге көтөргөндөр бул режим киргизилсе эле туристтердин көлөмү 50 пайызга көтөрүлүп, ар бири 100 доллардан казынага пайда алып келерин айтып жатышат. Бул жомок. Турист келген чакта да акча мейманкана менен ресторандарга түшөт, мамлекеттин казынасына эмес. "Салык көбөйөт" деген болбогон кеп. Анткени бизде ашыкча пайдага болгон салык жок, ашыкча пайда ишканалардын ээлеринин чөнтөгүндө кала берет. Ошол эле учурда өлкөгө нон грант тизмесиндегилер, башкача айтканда, өлкөгө кирүүгө тыюу салынган адамдар каалагандай кирип-чыга баштайт. Мына ошондо кошуна өлкөлөр биздин өлкөгө карата чектөөлөрдү киргизе башташат. Европа же Араб өлкөлөрүнөн келчү туристтер болбогон 50 доллардын тегерегиндеги акчаны төлөй албайт дейсизби? Тескерисинче, виза алып, колунда документи бар болгондо көңүлү ток Кыргызстанга келет. Визасыз режим кирсе, террорчулар толуп кетет. Анда туристтер бизден качат. Ошол эле учурда биз өнүккөн өлкөлөргө бир тараптуу визасыз режим киргизип, эшик ачсак, алар андай кадамга барбайт. "Мейли, эшигиңер ачык тура берсин" дейт. Акырында Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулук алдында кадыр-баркы кетет.

“ВИЗАСЫЗ РЕЖИМ БИЗГЕ КЕРЕК” Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов:
еррорчулар өлкөгө кирип кетет" деген чочулоо негизсиз деп ойлойм. Бизде КМШ өлкөлөрү менен визасыз режим мурун эле түзүлгөн. Европа жана башка өлкөлөргө карата киргизиле турган визасыз режим туура болот. Швециядан кандай террорчу келмек эле? Чындыгында, террорчулар бизге жакын жашаган кошуна өлкөлөр: өзбекстан, Тажикстандан келет. Ал өлкөлөргө мурун эле визасыз режим киргизилген. Бул пикирлерди жөн эле тоскоолдук кылуу деп эсептейм.


КООПСУЗДУККА КОРКУНУЧ ТУУЛАБЫ?
Белгилей кетсек, өкмөт кирешеси жогору болгон кырктан ашуун өлкөгө визасыз режимди киргизүүнү сунуштап, анын мөөнөтү 90 күнгө эсептелинерин айткан. Мында өкмөт туристтердин санын көбөйтүүгө болорун белгилейт. Улуттук статистика комитетинин эсептөөлөрү боюнча, чет элдик турист күнүнө орточо 100 долларга чейин чыгымдайт. Он күнгө эс алууга келген адам жалпысынан 1 миң доллар сарптаса, анын 10 пайызы же 100 доллары республикалык бюджетке салык түрүндө түшөт. Бирок “90 күнгө визасыз режимди киргизүү өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурат” деп Улуттук коопсуздук кызматы коңгуроо кагып жатат. Алар “Кыргызстан – КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы автоматтык система менен текшерүү эмгиче жөнгө салына элек жалгыз өлкө. Чек ара аркылуу өткөрүүнү эсепке алуунун жана көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган механизмдери жайылтылган эмес. Чек ара кызматынын көзөмөлдөө пункттары компьютер менен толук камсыз болгон эмес. Пункттарды байланыштырган локалдык тармак жок. Кээ бир чет элдик жарандардын биздин өлкөдө каттоосуз же жеңилдетилген визасыз режим менен узак убакытта жүрүшү тынчсыздандырууну жаратпай койбойт. Мамлекеттик чек араны алсыз кайтарууда ар кандай экстремист, террорчулар үчүн легалдашууга, отурукташууга ыңгайлуу шарттардын жаралуу коркунучу бар” дешет.

МИСАЛДАР МЕНЕН АЙТКАНДА...
Мисалы, УКМКдагы маалымат боюнча, өткөн жылы “эл аралык террордук уюмдарга тийиштиги бар” деп шектелип, Орусиянын, Кытайдын жана Түркиянын 6 жараны кармалган. Мындан сырткары жакында эле нигериялык жарандын кыргыз жарандарына баңгизат ташытып жүргөнү билинген. Баңгизат ташыганын билбей канча кыргыз жараны анын тузагына илинип, чет өлкөлөрдө колго түшүп калгандары бар.
Мурунку сандарыбызда жазган Жибек Сакееваны эле мисалга алууга болот. Ал да жанында баңгизаты бар экенин билбей Малайзияда кармалып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле УКМК “Кант шаарындагы С.Тентимишов атындагы азиялык Медициналык институттун жетекчилиги виза даярдап беребиз деп чет өлкөлүк жарандарды окууга киргизип жатат” деген маалымат берди. Аталган окуу жайдын жетекчилиги мыйзам бузуп окуудан чыгарылган нигериялык студенттерге виза даярдоого аракет кылганы катталган. Ал эми жакында ошол окуу жайда окуган пакистандык жаран кыргыз кызын өлтүрүп камакка алынган. Учурда “кээ бир өлкөлөрдүн жарандарына 90 күнгө чейин визасыз режим киргизүү” мыйзамынын долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
7777777EL
2012-03-12 11:52:29
Кыргызстан наш общий дом))
0
nurbek_posol
2012-03-12 11:55:27
Кубан Мамбеталиев мырза туура айткан. Анын устуно Англия элчиликти Бишкекте ачалы десе ошого уруксат берилбесе. Кудай колдосун !
0
kipchak
2012-03-12 19:08:22
Бул нерсени колдобойм.
0
lenka
2012-03-12 21:17:45
Визасыз киргизип баарын толтуруп алгыла эми,итинен питине чейин.БУЛ ТУУРА ЭМЕС башы бар депутаттар ойлонсонор боло
0
RIO
2012-03-13 14:25:53
ии байкуш кыргызым ай, бир адамдын напси учун(Т.Сариев)бут элдин коркунучу туулуда.Ансыз деле ким кирип ким чыгып жатканын бизде кузоттогулор билбейт.Минтип иш кылган болбойт.Келчу чет олколуктор 50$ карабайт да.Тем более Кыргызстанга келуу "безпрепятсвенно" да.Илибой адамга баш ийкеп киргизе беришет. Андан коро баштары иштесе башка амалды издешсе болмок. Мен такыр колдобойм.Наркокурерлерди колдоп жаткандай сезилди.
0
erketaika.kg
2012-03-16 14:08:10
ki4inekei olko bolup?VIZAnyn mne kergi bar?men koldoboimun bul maseleni,kim emne dese owo desin bizde tolkovyi adamdar jokko kerek bolso milionerda jok bolso kerek!!!
0
TROYA
2012-03-17 11:44:31
birin olup birin kal
0
№ 488, 9-март - 15-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан