ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (12-марттан 18-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Кайраттуулугуңузду курч акыл менен айкалыштырсаңыз, капчыгыңызга киреше кошулат. Кээ бирлер келечеги кең ишке орношот. Аптада дин фанаттарынан сактаныңыз. Андайлардын таасирине бат кирүүңүз мүмкүн. Апта аягында сизге эмне керек болсо, жан дүйнөңүз эмнени эңсесе, ошого ээ болосуз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Айлыгы жогорулоосун каалагандар жетекчисинин көрсөтмөлөрү менен болгону оң. Бир катар мамилелерден улам сүйүүгө болгон көз карашыңыз өзгөрүлөт. Шаршембиде бирөөлөр үчүн жоопкерчиликти моюнуңузга жүктөйсүз. Бейшембиде жакын адамыңыз үчүн белек сатып алууңуз күтүлүүдө.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Айлана-тегеректегилерге суз, бейкапар көрүнгөнүңүз менен, дайыма ишти биринчи орунга коё турганыңыз элге айкындалат.
Үй-бүлөлүүлөргө жакындары жардам көрсөтсө, мамилелери дагы чыңдала түшмөкчү. Жума күнү жан дүйнөңүздү байыта турган чыгарма окуп, эргийсиз. Жекшембини досуңуз менен чогуу өткөрүп, олжолуу кайтасыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бир аз кыйынчылыктар чыгат. Ага туруштук бере албай, өз дүйнөңүзгө кире качып жүрбөңүз. Кесибиңизге байланыштуу жагымсыз жагдайлар акча каражатынын азайышын шарттайт. Дүйшөмбүдө жакын досуңуз кемчиликтериңизди түзөөгө акыл кошот. Шаршембиде жакындарыңыздын бири кыялыңыздагы буюмду тартуулашы мүмкүн. Ишембиде сизди активдүү эс алуу күтөт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптанын башталышында ишиңиз күмөн санаткан маселелер менен коштолот. Аптанын ортосунан тартып үй-бүлө жана махабат маселелери алдыңкы орунга чыгат. Эски мамилелердин көбү кыйрап, жаңы мамилелер пайда болот. Үй-бүлөлүүлөр балдары үчүн кам көрүп, көп акча жумшашат. Шейшембиде ооруп жаткан жакындарыңыздын биринин абалын суроо үчүн үйүнө баш багасыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта ичинде ойлорго көп берилип, унутчаактык күч алат. Андыктан үйдөн чыгып баратып газды жана суу кранын жапканыңызды текшерип туруңуз. Апта ортосунда аты-жөнү жазылбаган каттын келиши күтүлүүдө. Катта жазылгандарга анчалык маани берүүнүн кереги жок. Апта аягында өзгөчө нерселерге кызыгуу артат. Мисалы, сынактарга же спорттук мелдештерге, же достор менен өзгөчө жайларда эс алууңуз мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Көп акча коротуп көңүл ачууга ыңгайсыз мезгил. Азгырыктуу оюндар ойнотулган жерден тегеренип өтүңүз. Сүйүүдө өзүңүздү өзүңүз алдабаңыз. Байланыш түзө баштаган адамыңыз сизге чындап жакпаса, мамилеңизди үзүңүз. Шаршембиде убада берген таанышыңыздын сөзүнө тура албагандыгынан улам күйгүлтүк тартууңуз күтүлүүдө. Жума буюм сатып алууга же сатууга ыңгайлуу.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Чыгармачылыгыңыз менен ой-чабытыңыз бууракандап турат.
Андыктан жаңы милдеттерди аркалоодон коркпоңуз. Алар сизге ийгилик апкелет. Үйүңүздүн оңдоп, жасап-түзөөгө муктаж экендигинен улам бир топ чыгымга туш болосуз. Бийкечтерге кол сунгандар көп чыгып, сүйүктүүсүн тандоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Шейшембиден кийин жашыруун касыңыз ким экендиги ачык билинет.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Күтүлбөгөн сунушка даяр туруңуз. Бирок кандай сунуш болсо дагы жооп берерден мурун ойлонуп көрүңүз. Бирөөнү жактырып жүргөндөр жүрөктөгү сырды канчалык жашырса, ошончолук кыйын экендигин эске алып, сезимин кечиктирбей билдирүүсү керек. Апта аягында башкаларга ыңгайсыздык жана жагымсыз көз ирмемдерди тартуулап калбоого аракеттениңиз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кеселден айыгууга, күч топтоого, эңсегендей эс алууга ыңгайлуу апта. Элдик дарыгерлер ооруңузга шыпаа таап берүүлөрү толук мүмкүн. Апта ичинде адилетсиздикке туш келсеңиз, кысынбай, оюңузду бетке айтыңыз. Шейшембиде достукту баалаган адам экениңизди жакын тааныштарыңызга көрсөтүүгө туура келет. Жума күнү тартууланган белек, айтылган сөз сизди кайдигер калтырбайт.

СУУ КУЙДУ (21.01-19.02)
Чечкиндүү кадамдар, алдын ала ойлонулган тобокелге салуулар өзүн актайт. Ички дүйнөңүзгө сүңгүп кирип, өзүңүздү ачууга аракеттенесиз. Андыктан психологго кайрылууга, мечитке барууга оңтойлуу. Бейшембиде сүйүү дүйнөсүнүн бийлигинде болосуз. Ишембиде көп эле жумшак боло бербеңиз. Мындай мамилеңизден башкалар пайдаланып кетүүлөрү мүмкүн.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада иштерим артка тартылбасын десеңиз, камырабастыктан кутулуңуз. Үй ичинин жайлуулугу үчүн бир топ иштерди бүткөрүүңүзгө туура келет. Сүйүү жаатындагы сезимдериңиз чаташып, амал таппай башыңыз катат. Кеңешчи адамыңызга кайрылыңыз. Апта аягында электр приборлору менен иштөөдө абдан сак болууңузду жылдыздар эскертет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 488, 9-март - 15-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан