ПСИХОЛОГДУН КЕҢЕШИ

“ИНИМ АТАБЫЗДЫ ӨЛТҮРҮП КОЁБУ ДЕП КОРКОМ...”
– Атам өзү көп сүйлөбөгөн адам. Ичпеген убакта биз менен бабырашып жакшы эле. Бирок ичип алса эле үйдө ызы-чуу. Апама кол көтөрүп, болушкан бизди да кээде уруп-чаап жиберет. Бир ирет ошондой ызы-чууда инимди катуу уруп койгон эле. Инимди дубал сүздүрүп, тепкилеген. Ошондон улам катуу көңүлү калган иним атам чатак чыгарганда эле апама “кетип калалы десек эле болбойсуз, мына эми...” деп кыйкырат же ачуусунан “атамды өлтүрөм” деп жулунуп чыгат. Кээде иним чындап эле атамды өлтүрүп коёбу деп корком.
Апама “кетип калып өзүбүзчө жашайлы” десек, ал “мурун силер чоңойсун дегем, алдыңар балагатка жетип калдыңар, эми ажырашмак белек?..” деп болбойт. Сурайын дегеним, жашообузду кантип өзгөртүп, атамды кандай жол менен оңдой алабыз?
Махабат, 19жашта,
Нарын шаары.

– Келиңиз, алгач “эркек эмне үчүн ичип, чатак чыгарат?” деген суроону азыноолак талдайлы. Көбүнчөсү аял киши үйдөгү бүт жүктү (аялга да, эркекке да таандыкты) өзүнө артып алат. Мындай кезде эркек четке чыгып калат да, өзүн артык баш сезип, ичинен чүнчүйт. Мындан тышкары үй-бүлөдө аялы өзүнөн көп акча тапса да эркек өзүн андан кем сезет. Кээде аялы аял катары мээрим төкпөй калганда да эркек өзүн чоочун сезе баштайт.
Айтылган үч учурда тең эркек “намысым тебеленди” деп чечет да, ичип алып ичиндеги жинин уруштан, аялын уруудан чыгарат.
Көбүнчө түнт адамдар (адамдар менен тил табышып сүйлөшө, ичиндеги оюн айта албагандар) мас болгондо ичтеги бугун сыртка чыгарат. Башкача айтканда, мындайлар мас болгондо гана ичиндегисин айта алышат.
Андыктан атаңыздар эмне үчүн ичерин талдап көрүүңүздөр керек. Мисалы, “аз таап үй-бүлөмдү жакшы бага албай жатам” деп ичинен түйшүк жеп кыйналып жүргөндүр же апаңыздар менен мамилеси келишпейт (экөө жубай катары чечилишип, сырдашып сүйлөшпөйт, бири-бирине мээрим төкпөйт).
Кандай болгон күндө да ал сиздердин атаңыздар. Андыктан аны кечирип, үй-бүлө маселелерине аралаштырып, жылуу мамиле менен ийге келтириңиздер. “Сиз бизге керексиз. Сиздин колуңуздан баары келет. Ошондуктан мындай же тигиндей ишти бүтүрөлү. Анан минтели...” деп сүйлөшүү зарыл. Мындай мамиле ага ишеним арттырып, өзүнүн мурунку кожоюндук абалына кайтарып келет. Анан аталык милдетин аткара баштайт. Ушинтип көтөрмөлөө зарыл. Буга эрк жана убакыт керек. Жакшы жыйынтыкка ээ болуу үчүн чыдап коюу зарыл.
Дагы бир айтып кетчү нерсе, мас болгон адам үйгө өзүн күнөөлүү сезип келет. Ошол кезде үй-бүлө мүчөлөрү жаман көрүп турса, алардан чыккан терс энергия мас адамды жинденүүгө түртөт. Ошондуктан өзүңүздөрдү кармап, сыр билгизбей күлүп-жайнап тосуп алып, алдап-соолап жаткырып коюу оң.

“КУРГАК УЧУК ЖАШООДОН ТАЖАТТЫ...”
– Кургак учук менен ооруп, узак айлардан бери ооруканадамын. Күчтүү дарыларды ичип өзүм да, мага тамак-аш жана башка керектүүлөрдү ташыта берип үйдөгүлөрдү да тажаттым. Ким келсе да оорум жукпаса экен деп корунам. Ушундай жашоо мага кереги жок болуп калды. Чүнчүп, эч кимди көргүм келбейт.
Мындай абалга мен гана кезиккен экенмин десем, жанымда дарыланып жаткан кыз-келиндер да менин кейпимде экен. Эмне кылышым керек?
Жанара, 24 жашта,
Бишкек шаары.

– Ата-энеңиз жана бир туугандарыңыз сиздин өмүрүңүздү тилеп жатса, сиздин минткениңиз туура эмес. Сиз үйдөгүлөрдүн үмүтүн актооңуз зарыл. “Алдыга койгон жакшы үмүт-тилектериме жетем” деп максат коюңуз, ага умтулуңуз. Жатып алып жаман ойлордун кучагына кабылгыча, көнүгүүлөрдү жасап сергек болуңуз. Кыймылдасаңыз кан, зат алмашуу жакшы жүрүп, жайдары да боло түшөсүз. Жакшы маанай, оптимизм бат айыгууга салым кошот. Ооруну жеңип, мыкты ийгиликтерге жеткен адамдар туурасындагы китептерди окуп, ошондой болууга шыктаныңыз, эркиңизди курчутуңуз. Бир келген жашоодо татыктуу өмүр сүрүүгө бел байлаңыз.



Суроолорго «Триумф-Инфо» психологиялык окуу борборунун психологу НУРЗАДА МАЯМЕРОВА жооп берди.
Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө сүйгөнүнөн айрылып жанын кыйгысы келсе, айрымдар «кимди тандоо керек?», «эмне кылам?» деген дилеммага такалат. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. «Психологдун кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.
Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиз болот.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Paiaz
2012-03-12 09:55:18
ушул эженин айткандарына кошулуам аябай жакшы кенеш бериптир ушул эженин айткандарын аткарыш керек да ошондо онолуп кетет озундо болсо
0
meriyanna
2012-03-14 17:03:57
ooba,ayabai tuura kenew beriptir!
0
janet
2012-03-15 00:18:26
профессионалдык этика деген тушунук бар, психологдун айткандарына эч кошула албайм
0
kurchunka
2012-03-17 13:58:02
жакшы кенештерди берген бирок чыны психологиялык сунуштарды окуй албадым тем более борбордун психологу экен
0
Myskal86
2012-03-18 13:49:42
менин кайын атам да туура ушундай,озу жакшы адам,ичим алса чатак,уйдо отургандын айынан го анда,кайын энем иштеп,барын таап келет да.Анан озу билет баарын.
0
kanyshaikg
2014-11-03 16:39:47
сонун создорду айтыптыр
0
№ 488, 9-март - 15-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан