Адамдын жүзү күзгү сымал анын жашоо тажрыйбасын, эмоциясын, ал тургай потенциалдык мүмкүнчүлүгүн да чагылдырат. Кыскасы, ичте эмне болсо, сыртка ошол чагылат. Беттин жана дененин түзүлүшү жөнүндөгү окуу – физиогномика деп аталат. Биз бүгүн бырыштарга карап адамдын мүнөзүн аныктоону бермекчибиз.
КЫЗЫКТУУ
1. Шайырлык. Мындай мүнөздөгү адамдар тууралуу белгини көздүн кычыгында жана ооздун бурчунда жайгашкан бырыштар берет.
2. Тартынчаактык, уялчаактык. Ооздун тегерегинде жайгашкан бырыштар дал ушундай мүнөздү айтып турат. Мындай адамдар жашоодо бары-жогунан коркуп, тартынчаак келишет. өзүн коргоп, кеңеш айтып, алдыга сүрөп туруучу адамдарга муктаж.
3. Өтө тактык. Бардык нерсенин майда-чүйдөсүнө чейин көңүл буруп, тактап турчу адамдарды көзүнүн тегерегине түшкөн бырыштардан улам билсек болот.
4. Чынчылдык жана ишенимдүүлүк. Бырыштар каштардын үстүндө, жаактын чет жактарында жайгашат.
5. Интеллектуалдык. Эки көздүн ортосундагы терең сызык ээсинин интеллектуалдык деңгээли жогору экендигин белгилейт. Мындай сызык уялчаактарда жана “мендеги маселелердин чечилиши кыйын го” деп дайым санааркап жүргөн, өз мүмкүнчүлүгүнө ишенбеген адамдарда да жолугат.
6. Көрөгөчтүк жана кең пейилдик. Мындай мүнөзгө ээ адамдардын чекесинде үзүлбөй узунунан кеткен бырыштар болот. Эгер мындай бырыштар майда узунунан кеткен бырыштардан куралса, анда ээси ишти аягына чейин бүтүрүүгө жөндөмсүз жана ушакка жакын адам.
7. Иренжүү, көңүл калуучулук, кыйкымчылдык. Сүрөттөгүдөй бырыштар алгачкы убакта ээси бир нерседен иренжигенде көрүнүп, кайра жоголо калат. Бирок убакыттын өтүшү менен даана байкалып, беттен туруктуу орун алат.
8. Кейикчил, санаачылдык. Бир караганда адамдын жүзү бырыштуу көрүнгөнсүйт. Каштын үстүндө бурчу чыккан (бурчтуу), ал эми чекеде кыска бырыштар жаралат.
9. Агрессивдүүлүк, кыжырдуулук, ачуулуу мүнөз. Көбүнчө ачуулуу жүрүп, адамдар менен мамиле жасаганда агрессивдүүлүктү көрсөткөн адамдардын чекесинде бурчу чыккан бырыштар пайда болот. Ошондой эле мындай мүнөздөгү адамдарда көздүн жана ооздун тегерегинде ылдый көздөй кеткен майда бырыштар басымдуулук кылат.
10. Таң калуучулук. Бары-жогуна таң калып басып жүргөн адамдардын көздөрүнүн үстүн кыска майда бырыштар басат.
11. Кайдигерлик. Баарына кайдигер караган адамдардын жаактарынын булчуңдары алсыз болот да, жаагында жана ооз-мурунунун ортосуна бырыш түшүп кетет. Мындай бырыштар жалкоолуктун да белгиси.