ЗОРДУКЧУДАН КАЧЫП, 5-КАБАТТАН СЕКИРГЕН
3-мартта кечки саат алтыларда Бишкек шаарындагы батирлердин биринде эркек адам жаш келинди зордуктоого аракет кылып, келин 5-кабаттан секирип кетиптир. "Зордуктоого аракет кылган" деп шектелген адам Ленин РИИБинин оперкызматкерлери тарабынан кармалган. 30 жаштагы Э.Х. чет өлкөдөн поездде келе жатып таанышкан келинди үйүнө конокко чакырган. Зордуктоого аракет кыла баштаганда келин 5-кабаттан секирип кеткен. Жабырлануучу оор жаракаттар менен шаардык ооруканалардын бирине жеткирилген. Кийин белгилүү болгондой, келиндин боюндагы 6 айлык наристеси төрөлбөй жатып каза болду. Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 28, 129-беренелер (зордуктоого аракет кылуу) жана 102-берене (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.
ОКУУЧУ КЫЗДАР ТОНОП ЖҮРҮШКӨН
Бишкек шаардык милиция кызматкерлери шаардык мектептердин биринен жогорку класстын окуучулары каракчылык кылган фактыларды таап чыгышты. Иликтөө иштеринин натыйжасында мектепте жана колледжде окуган 16-17 жаштардагы 4 кыздын 6 жолу каракчылык кылгандыгы билинген. Мурун жабырлануучулардын ата-энелери 4 кызга карата чара көрүү тууралуу кайрылышкан эле. Бул кыздар 25-февралда күч колдонуп, мектептин 8-10-классынын окуучуларынын акчаларын, бир нече уюлдук телефондорун жана моюн орогуч, өтүктөрүн алып коюшкан. Бул факт менен Кылмыш жана жаза кодексинин 167-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.
ӨЗ ТУУГАНЫН ЗОРДУКТАП, ӨЛТҮРГӨН
4-мартта Бишкектеги үйлөрдүн биринде 20 жаштагы Э.С. аттуу айымдын киши колдуу болуп өлгөн денеси табылган. ИИМдин басма сөз кызматынын билдиришинче, бул кылмышка шектүүнү дароо эле кармашкан. Бишкек шаарынын 26 жаштагы М.А. деген тургуну мас болуп алып алысыраак тууганы болгон кызды алдап чакырган да, зордуктап салган. Каза болгон айымдын курсагынан бычактан алган жаракат байкалган жана далил буюм катары аш бычак табылган. Маркумдун денесинде муунтуунун издери да бар. Бул факт боюнча Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө уланууда.
СУУЧУЛ-БРАКОНЬЕРЛЕР КАРМАЛЫШТЫ
28-февралдын түнүндө Ысык-Көл облусундагы “Аквафонд-К” ЖЧКсынын балык чарбасынын кароолчусу форель балыктары уурдалганын байкап калган. Кароолчу жээкте турган автоунааны көрүп, бул тууралуу Балыкчы ШИИБине маалымдаган. Милиция кызматкерлери автоунааны токтоткондо ичинен суучулдун эки комплект жабдуусу, 7 тор жана 40 килограмм форель табылган. Браконьерлер муну менен балык чарбасына 450 миң сомдук зыян келтиришкен. Маалыматтарга караганда, 2 жылдан бери балык чарбаларынан жаңы ыкма менен, тактап айтканда, суу астындагы жабдуулар менен балыктарды уурдап кетүү күч алган. Бул факт боюнча материалдар Балыкчы ШИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg