ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Польша

ЭКИ ПОЕЗД КАГЫЛЫШЫП, 16 АДАМ КАЙТЫШ БОЛДУ
Бир темир жолго түшүп алып бири-бирин көздөй келе жаткан поезддер кагылышып, 16 жүргүнчү каза тапты. 60тай адам денесинен жаракат алышып, алардын ичинен 40 жүргүнчүнүн абалы оор экени айтылууда. Кырсык Варшава шаарынын түштүк тарабындагы Щекоцин шаарында түн ортолоп калган маалда болгон. Поезддердин бири Пшемысл-Варшава багытында, экинчиси Варшавадан чыгып, Краков шаарын көздөй бара жаткан. Биринде 250, экинчисинде 120дай жүргүнчү бар эле. “Күнөө кимден кетти?” дегенге келсек, азырынча Варшавадан жөнөгөн поезд башка жолго түшүп алгандыгы айтылууда. Буга диспетчер күнөөлүү деген жыйынтыктар азыртадан эле айтылууда. Мындай кырсык болгонун уккан ал шок абалында ооруканага жеткирилген.

Тажикстан

ИНТЕРНЕТСИЗ КАЛГАН ТАЖИКТЕР НААРАЗЫ
Саналуу күндөрдөн бери Тажикстанда “Facebook” баш болгон интернеттеги бир нече социалдык түйүндөр иштебей жатат. Буга интернет колдонуучулар тажик бийлигин күнөөлөшүп, атайын жасалган иш деп нааразы. Тажикстанда көпчүлүк жашоочулар “Facebook” тармагында саясий темалардын тегерегинде өтө көп талкуу жүргүзүп, сындап келишет. Журналисттер сайттарды чектөөгө эч кандай негиз жок экенин айтышууда. Мындай интернеттик чектөөгө Тажикстандын байланыш кызматынын башчысы Бег Зухуров техникалык көйгөйлөр себеп болгонун билдирди, бирок эмне көйгөй экенин жана качан калыбына келерин айткан жок.
Маалымат үчүн. Өлкө боюнча аталган социалдык тармактын болжолдуу түрдө 29 миңдей колдонуучусу бар.

Орусия

ПУТИН ЖЕҢИШТЕН КИЙИН ЧЫН ЭЛЕ ЫЙЛАДЫБЫ?
Президенттик жарыш аяктап, Орусиянын башчылыгына кайрадан Владимир Путин шайланды. Путиндин өлкө лидери болушун каалагандардын саны добуш берүүчүлөрдүн 65 пайызга жакынын түздү. Жеңиштен кийин тарапташтары жана шайлоочулары менен жолугушуу өткөргөн Путиндин көзүнө жаш алып турганын бир катар телеканалдар көрсөтүүгө жетишти. Көзүнөн чындап эле жаш акканын Путин өзү да моюнуна алды, бирок бул кубанычтан эмес, катуу шамалдан улам экенин белгиледи. Жаңы президентти жеңиши менен шайлоодогу атаандаштары Сергей Миронов, кечээ эле аны асмандан алып жерге чаап жаткан Владимир Жириновский куттуктады. Ошондой эле шайлоодон кийин Путин бардык талапкерлерди жолугушууга чакырып, сүйлөшүү жүргүздү. “Шайлоо легитимдүү болгон жок” деп чыккан талапкер Зюганов бул чакыруудан баш тартты. Лидерлер эмне тууралуу сүйлөшкөнү азырынча ачыктала элек. Ал эми байкоочу катары катышкан ОБСЕнин өкүлдөрү шайлоо таза эмес өткөнүн айтышып, Путиндин жеңишин тааныбай тургандыктарын билдиришти.

Өзбекстан

САНЖАР УМАРОВ: “БАТЫШ КАРИМОВДУ КОЛДОГОНУН ТОКТОТСУН!”
Өзбекстандын оппозиция лидерлеринин бири Санжар Умаров саясатка кайтып келерин айтты. Эске салсак, Умаров «экономикалык оор кылмышы» үчүн айыпталып, 2005-жылы 11 жылга түрмөгө кесилген болчу. 2009-жылы ден соолугуна байланыштуу эркиндикке чыккан. Ошондон бери дайыны чыкпай кеткен саясатчы кечээ жакында Берлинде билдирүү жасады. “Батыш жеке кызыкчылыктар үчүн президент Ислам Каримовду колдогонун токтотушу керек!” деп билдирди өз сөзүндө. “Каримовдун режимине каршы күрөш жүрүшү керек. Азыр Өзбекстанда оппозициянын ишмердүүлүгү кыйын абалда. Ар бир төбөсү көрүнгөн оппозиционер «мага качан кол салышар экен?» деген чочулоо менен жашайт” деп кошумчалайт.

Германия

 “ЖАРНАМА ИЛҮҮ ҮЧҮН БЕТИМДИ БЕРЕМ!”
Жергиликтүү жашоочу Уве Трёшель жарнама жайгаштыруу үчүн өз бетинен орун берерин жар салды. Уве бетин бир канча бөлүккө бөлүп, ар бир орундун баасын белгилеген. Мисалы, жарыяңызды анын маңдайына илем десеңиз 50 миң евро, бир бетине 20 миң, ээгине 5 миң евро төлөшүңүз керек. Эгер кандайдыр бир компания анын жүзүн толук ээлей турган болсо, алдын ала 100 миң евро төлөп сатып алат. Мындай кадамга Увенин жаныбарларды ашкере сүйгөндүгү түрткү болгон. Ал сенбернар породасындагы иттерге арналган музей ачмакчы болуп, бирок акчасы жоктон улам ушундай кадамга баргандыгын айтат.
Маалымат үчүн: 2011-жылы орусиялык Олесия Кириенко аттуу айым “220 вольт” компаниясынын логотибин далысына татуировка менен тарттырып алып жарнамалаганы үчүн аталган ишкана 10 миң рубль төлөп берген.

Автандил Добулбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ziko1
2012-03-15 22:58:38
Тайна кыргызской нефти в Баткенской области!
Парадокс! У нас нефть и вода - БЕСПЛАТНО! А, у них голубое топливо-ПЛАТНО!
Обстановка вокруг нефтяных скважин в Баткенской области накалилась до предела. Как социальная, так и экологическая. Делимитация границы на этих участках давно проведена, но судьба этих сооружений остается неясной. Во всяком случае, для Кыргызстана. К сожалению, мировой опыт однозначно доказывает, что в регионах даже с мало-мальской нефте-газовой "начинкой" на
0
№ 488, 9-март - 15-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан