«ООГАН ЧЫЙЫРЧЫГЫН КӨРСӨҢӨР, ЖЫГА ЧАПКЫЛА ТАШ МЕНЕН!..»

Бир нече жылдан бери дыйкандар менен токойчулар “майна деген ооган чыйырчыгы айыл чарба жана канаттуулар дүйнөсүнө чоң зыян келтирүүдө” деп коңгуроо кагып келишет. Алардын айтымында, майналар мөмө-жемиштерди гана жеп тим болбостон, башка чымчыктардын жумурткаларын жеп, кырып жок кылууда. Буга илимпоздордун жообу кандай? Бүгүн бизде конокто кыргыз канаттууларынын акыркы кездеги “жылдызы” майна же бизче ала канат.

“МЕСТНЫЙ” БОЛУП АЛЫШТЫ
Майна же чегиртке чыйырчыгы – чыйырчыктар үй-бүлөсүнө таандык Түштүк Азиянын сан жагынан эң көп жайылган чымчыктарынын бири. Мекени Ооганстандан Шри-Ланкага чейинки Түштүк Азиянын тропикалык аймактары болсо да, Орто Азиядан тартып Индия, Ява аралдарына чейинки аймактарга жайылып кеткен. Учурда майналар Түштүк-Чыгыш Азияны да өздөштүрүү менен алек. Мындан тышкары Түштүк Африка, Израиль, Гавайи аралдары, Түндүк Америка жана Жаңы Зеландияга атайын көчүрүлүп, ийгиликтүү отурукташкан. Ошентсе да Орто Азия майналарга бейиш болду дешет.
Орто Азияга майналар өткөн кылымдын биринчи жарымында чегиртке издеп жылып отуруп өздөрү келишкен. Кыска убакыттын ичинде аймакта “местный” болуп алышты. Латынча “acridotheres” деген аты “чегирткеге аң уулоочу” деп которулса, “майна” сөзү фарсы тилинен алынган. Бизче “акылдуу, айлакер” дегенди билдирет.
Майналар экологиялык жактан абдан ийкемдүү келишет. Табияттын ар кандай шартына ыңгайлашкан. Адамдар жашаган аймактар болобу же чөл болобу, жемин таап жашап кете алышат. Мекени түштүк аймактар болсо да, учурда тоолуу Түндүк Кыргызстанда көбөйүп жатат.

ТОТУ КУШТАЙ ЭЛЕ БОЖУРАЙ АЛАТ
Узундугу 25 сантиметр, салмагы 150 грамм болгон бул чымчыктын канаттарынын узундугу 13-14 сантиметр келип, жайса 47 сантиметрге чейин жетет. Башы, моюну, канаты жана куйругу кара түстө болсо, ичи, канатынын айрым бөлүктөрү жана куйругунун учу ак. Денесинин калган бөлүгү күрөң-кочкул кызыл. Көзүнүн айланасында сары так орун алып, тумшугу менен буттары да сары. Табити эми укмуш. Кыймылдаган курт-кумурскалар жана мөмө-жемиштер менен азыктанат. Жайыттарда үй жаныбарларынын жондоруна конуп, терисинин алдындагы курттарды, шаарларда адамдардын тамак-аш калдыктары менен курсактарын кампайтып алат. Уяларын да уя курууга мүмкүн болгон дээрлик бардык жайлардан кездештирүүгө болот: сейил бактар, курулуш имараттары, сарайлар, чатырлар, ийиндер жана башка. Ал 40-50 жыл жашай алат.
Эрте жазда майналар эки-экиден жупташып, адатта, айыл чарба фермаларына жакын сарайлардын чатырларына уя салышат. Кара чыйырчык, таранчы, көгүчкөн сыяктуу канаттуулардын уяларын тартып алган учурлары да көп кездешет. Ургаачы майна 4-6 жумуртка тууп, алар 14-15 күндө балапанга айланат. Балапандары 25-күнү уядан учушат. Ушинтип күзгө чейин 2-3 ирет жумурткалашат. Анан күзүндө топ болуп чогулуп, кыштан чыгуунун айласын көрө башташат.
Кызыгы, майналардын интеллектуалдык деңгээли боз жако тоту куштарынын деңгээлиндей эле. Эгер үйрөтсө, башка канаттуулардын жана адамдардын кептерин кайталап, сөз курай алышат. Иранда майналарды капаста тоту куштардай эле кармашат.

“АЛА КАНАТ – ЖАРАТЫЛЫШЫБЫЗДЫН ДУШМАНЫ!”
Негизи, бул макаланын жазылышына бир абройлуу киши менен таанышып, пикир алышып калганым себеп болду. Кезинде партиялык кызматтарда иштеген, кийинчерээк министрдин орун басары болгон жана Бишкектин мэринин милдетин аркалаган ал ага “майна чымчыктарыбызды кырып койду” деп зээни кейиди. Анын айтып бергендерине орун берели.
– Майна деген канаттуу – жаратылыштын душманы. Ал канкор чымчык. Мурда Кыргызстанда жок болчу. Ал пайда болгондон бери чымчыктарыбызды кырып жок кылды. Мурда токойлор, сейил бактар чымчыктарга толуп, сайрагандарын уксаң, бир укмуш эле. Азыр андай жок, чымчыктар азайгандан азайып баратат. Ала канат мөмөлөрдү быша элегинде эле жеп коёт. Жүзүм, алма, алмурут, алча, өрүк калбады. Же балапан калбады. Чымчыктардын жумурткаларын да чокуп, соруп ичип коёт экен.
Өзбекстанда бул чымчыкты эчак эле кырып баштаган. Анткени майна алардын мөмө-жемиштерин, канаттууларын кырып салды да. Өлтүрүлгөн майналардын буттары үчүн бекер ок берилет. Майналар ушунчалык куу экен, азыр Кыргызстандын чек арасынан Өзбекстан тарапка өтпөй калышыптыр. Айтор, майна жаратылышка, айыл чарбага чоң зыян алып келүүдө. Ага каршы чара көрүш керек.

“ЧЫМЧЫКТАРДЫН ЖОГОЛУШУНА МАЙНА ЭМЕС, АДАМ КҮНӨӨЛҮҮ”
“Майна табиятка зыян келтирип жатат” деген кептерге окумуштуулар эмне дешет? Улуттук илимдер академиясынын Жер кыртышы-биологиялык институтунун зоология лабораториясынын ага илимий кызматкери, биология илимдеринин кандидаты Аскар Давлетбаков жооп берет.
– Ооган чыйырчыгы Кыргызстанга качан келген?
– Түштүк Кыргызстанга качан келгендигин так айтуу кыйын. Ал эми түндүк аймактар боюнча айтсак, Чүй өрөөнүндө ала канаттын уясы биринчи жолу 1973-жылы табылган.
– Мөмө-жемиштерди жеп, айыл чарбага зыян алып келип жатканы тууралуу коңгуроо кагылууда. “Башка канаттуулардын балапандарын жеп салууда” деген маалыматтар бар. Буларга эмне дей аласыз?
– Алча жана жүзүмдөрдү жеп зыян алып келип жатканы чын. Буга кошулам. Бирок башка канаттуулардын жок болуп баратканы ала канатка байланыштуу эмес. Адам өзү ушундай жаралган, эч качан күнөөсүн моюнга албайт, башка бирөөгө оодаргысы келет. Башка канаттуулардын, өзгөчө торгойлордун жоголушуна бак-дарактардын кыйылуусу себеп. Ошондой эле малдын өсүмдүктөрдүн баарын жеп салуусу да торгой сыяктуу чымчыктардын уя салбай, жоголуп баратышына таасирин тийгизип келет. Чымчыктардын жоголушуна майна эмес, адам күнөөлүү. Анткени адам ошол чымчыктар жашоочу бадал, бак-дарактардын баарын кыйып же малга жедирип жок кылууда. Биздин табиятка жасаган ушундай мамилебизден улам канаттуулар азайып, башка жактарга көчүп кетүүгө аргасыз болушууда. Ал эми майналар татаал шарттарда жашап кетүү жөндөмүнө ээ болгондуктан, жыл сайын көбөйүп жатат.
– Өзбекстанда майналар “эл душманы” деп жарыяланып, аларга каршы айыгышкан күрөш жүрүп жатканынан кабарыңыз болсо керек. Ошондуктан майналар ал жакка бут баспай калыптыр...
– Ооба, Өзбекстанда майналарга каршы күрөш жүрүп жатканын уккам. Чек арадан ары өтпөй калышы да мүмкүн. Анткени “кабатырлануу фактору” деген бар. Ушул жерден Европанын бир катар өлкөлөрүндө канаттууларга аң уулоо боюнча мисал айта кетейин. Атайын көлдөр бар, белгилүү бир күндөрү канаттууларды атып аң уулоого уруксат берилген. Калган күндөрү аларды атууга болбойт. Жөн гана суктанып, сүрөткө тартууга болот. Ошол атууга мүмкүн болгон күндөрү ал көлдөргө канаттуулар учуп келишпейт. Ал эми калган күндөрү массалык түрдө келишет.
– Билесизби, чарбачылдар майнаны жек көрүшөт. “Чет жерден келиптир, орусча айтканда, “чужой”. Анан дагы өзүмчүл, башка канаттууларды кырат” деп...
– Сен билесиңби, алар “чужой” эмес. Бул Жер шарында адам гана “чужой”. Анткени адам бардык жаныбарларды кырат, жейт, иштетет жана башка. Өзүмчүлдүк боюнча айтсам, канаттуулар эле эмес, бүт жаныбарлар арасында атаандашуу деген бар. Ар бир түр – эгоист. Ар бир түр өзүнүн гана укум-тукуму жашоосун, сакталып калуусун каалайт. Бул – табияттын мыйзамы.
– Түшүнүктүү деңизчи, бирок майналар башка чымчыктардын балапандарын жеп салат турбайбы. Мындай жырткыч канаттууну жоготуу керек эмеспи?
– Майналарга жырткычтык аракеттер мүнөздүү, бирок алар жырткыч эмес. Ооба, чабалекей, чыйырчык, торгой сыяктуу башка чымчыктардын балапандары менен жумурткаларын жешет. Бул нормалдуу эле көрүнүш.
– Демек, башка чымчыктардын жоголуп баратышы нормалдуу эле көрүнүшпү?
– Жок, түшүнсөң, майналар, мисалы, таранчыларды толугу менен жок кыла алышпайт. Андайга майналардын кудурети жетпейт.
– Айтыңызчы, деги алардын пайдасы барбы?
– Албетте. Ал зыян эле эмес, пайда да алып келет. Алсак, жайында дан эгиндери бышып жатканда алар жумурткалашат. Анан балапандарын багуу максатында чегирткелерге аң уулоого чыгып, дан эгиндерин чегиртке сыяктуу курт-кумурскалардан сакташат.
– Ошондо пайдасы көппү же зыяныбы?
– Эми мындай да. Сен айтып жаткан пайда же зыян деген түшүнүк адам үчүн болуп жатат. Мунун баарын адам ойлоп тапкан. Табиятта бир да түр адамга зыян алып келейин деп жашабайт.
– Кыргызстандын айыл чарбасыначы?
– Азырынча майналар айыл чарбанын №1- душманы деп жарыялана элек. Түштүктүн кээ бир аймактарында айыл өкмөттөрү өз алдынча күрөш жүргүзүшөт. Мамлекет акча бөлүп берсе, биз, окумуштуулар, майналар канчалык деңгээлде зыян келтирип жатканын иликтеп аныкташыбыз керек. Ошондон кийин гана кандайдыр бир тыянак чыгарууга болот. Сөз көп, бирок реалдуу зыяны аныктала элек. Аларды кырууга кеткен каражат алар келтирип жаткан зыяндан ашып кетиши мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
AzaBaza
2012-03-12 10:14:02
жакшы маалымат экен, ар турдуу коз караш
0
kipchak
2012-03-12 14:07:50
Ото агрессивный канаттуу ушул ала канат. Кармасан ото ачуу ун мене чыйпылыктайт. Бир жылы 1 ала канаттын башына 5 сомдон толоп кырмай болушкан эле биз жакта. Жыйынтык бербеген корунот.
0
aida_nurik
2012-03-12 14:51:04
Аскар тайкем бир болсо уйундо "ала канат" багат чамасы...анткени Аскар тайкем только жакшы,пайдалуу жактарын жазып коюптур бир жагынан кошулам экинчи жагынан кошулбайм тайкеме..бул "АЛА КАНАТ" ты корсонор таш менен жыга чапкыла себеби бул чымчыктар ото акылдуулар бирок зыяны коп чын эле парктарда ар турдуу сайрап турган чымчыктарды жана момо жемиштерди адамдын козунчо эле чукуп жеп салат,булар адамды тоготпойт кубаласан кайра эле артындан келип чукуп жей берет..
0
Aisi-orhidey
2012-03-12 17:19:02
тимеле ала канаты жыга чапкыла дейт да ал да озунчо жан адамдарга салыштырганда зыяны алда канча аз чыныгы жырткыч мына биз, жыга чапкыла деген соз мн эле далилдеп койтабыз.
0
zema
2012-03-12 20:05:28
Олду эми ала канаттарга кун жок))
0
erali
2012-03-12 20:29:52
Ойлонуп башкача айтканда жети олчоп бир кесуу керек,экологиялык тен салмактуулукту бузуп албайлы,бирок да айтарым ала канаттын пайдасын коро элекмин ал эми зыянын кундо эле корууго болот
0
simon
2012-03-12 22:33:33
Тундук туштук дегени жаккан жок! Ошол окумушту соорой колума тушсо олорчо сабайт элем!
0
u86
2012-03-13 09:43:42
Создун маанисин тушунуш керек.
0
Timon
2012-03-13 10:52:40
ala kanatty koyo turalyda ala deputtardy bir jakty kylayly owolor bul chymchyka karaganda koburook ziyan alyp kelet :)))
0
Шаиста Шатманова
2012-03-13 11:09:34
Timon, :)
0
Zein
2012-03-16 11:51:24
Timon, молодец жакшы оюн бар экен
0
evropa
2012-03-13 16:21:39
Timon en tuuuura ha ha kowulam saga ala bula bolgon deputattardan ötkön jyrtky4 jok owolordu jyga 4abywybyz kerek birin4i iret
0
Asul
2012-03-14 16:09:35
Мен бир окуяга кубоо болгом. Уядан таранчынын кызыл эт балапанын сууруп чыгып эки ала канат талашып жегенин коргом. Жардам бергенге кеч болуп калыптыр. Эки тарачы аларга алы келбей чырылдап учуп конуп журушот, аябай аягам байкуш таранчыларды. Кийин карасам ошол уяга оздору кирип алышыптыр. Ошол окуядан кийин ушул афган чыйырчыктарын жек кором.
0
altyn-ordo
2012-03-14 21:17:36
Кара чыйырчыктарды эми кармасам башын үзө чабам мурда боорукер болуп кайуп жиберчелем.Эми билдин бул куу баштарды.
0
Zein
2012-03-16 11:56:17
негизи ушул чымчыктын наоборот ошол дыйкандарга кереги бар, анткени бир гана авган чыйырчыгы Саранчага каршы чыга алат, андан башка 1 дагы канаттуу саранчаны кыра албайт. Корот элем бизге Россияга, Украинага келгендей саранча келсе анан дыйкандарын авган чыйырчыгына рахмат айтабы же кырабы...
0
asboi
2012-03-16 17:43:52
Афганкалардын пайдасынан зыяны көп,курт жеген афганканы кайдан көрдүңөр эле. Жемиш, жүзүм анан байкуш местный момун чымчыктардын жумурутка-балапандарын жегенин эле көрүп жүрөм ушунча болуп. Биология илиминин кандидаты мамлекет акча бөлсө изилдейм, болбосо кыймылдабайм дегенине жол болсун. "Самапал" кандидаттардын бири да.
0
№ 488, 9-март - 15-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан