КОЙДУН ЖҮНҮН КЫРКУУ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТТҮ

Жаңы Зеландияда койдун жүнүн кыркуу боюнча мелдеш аяктады. Ага 25тен ашуун өлкөдөн “жүнтарачтар” катышып, шотландиялык Жон Киркпатрик чемпион аталды. 20 катышуучу 20 койдун жүнүн тез жана сапаттуу кылып кыркуу боюнча таймашышты. Натыйжада, тапшырмага 16 мүнөт 8 секунд убакыт короткон шотландиялык алдына эч кимди чыгарган жок. Бул анын 4-жеңиши. Чебер Жон жеңиши үчүн “Алтын жуушаң” жана акчалай сыйлык алды. Калыстар тобу койлордун жүнүн алууда ылдамдыкка эле эмес, сапатка да көңүл бурушат. Эгер талапкерлер жүн кыркуу учурунда койдун бир жерин кесип жаракат келтирсе, упайларынан кол жууйт. Мелдеш кол жана электр машинкасы менен кыркуу боюнча өтөт.

ЖОЛБОРСТУ ӨЛТҮРГӨНДҮГҮ ҮЧҮН АЙЫП МЕНЕН ЧЕКТЕЛДИ
Орусиянын Приморский аймагынын тургунуна амур жолборсун өлтүргөндүгү үчүн 200 миң рубль, табиятка зыян келтиргендиги үчүн 575 миң рубль айып салынган. Ага каршы козголгон кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен, айып алынып салынды.
Владимир Кулябин 2010-жы­лы автоунаасында жолборстун терисин Владивостокту көздөй алып бараткан жеринен кармалган. Ошондо ал “жырткычтан коргонуу максатында өлтүрүп алдым” деп актанган. Бирок иликтөөдө жолборс капканга түшкөндөн кийин атылып өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Браконьер жолборстун терисин, сөөгүн жана буттарын да сатмакчы болгон.
Мындан 2 жыл мурунку маалыматка таянсак, Орусиянын аймагында 450, Кытайда ондогон амур жолборстору жашайт. Кытайда аталган жаныбарды өлтүргөндөр өлүм жазасына тартылат.

АЛП БҮРГӨ КӨРДҮҢҮЗ БЕЛЕ?
Кытайлык палеонтологдор юра доорунда (199-54 миллион жыл мурда) жашаган алп бүргөнүн сөлөкөтүнүн калыбын табышты. Ташка тамга баскандай сакталып калган калып Ички Монголиядагы казууларда ачылыш болду. Жалпысынан 9 кан соргучтун калыбы ачылып, алардын өлчөмдөрү 8-21 миллиметрге чейин экени эсептелди. Салыштыруу үчүн айтсак, учурдагы урпактары болгон кадимки бүргөнүн өлчөмү 1-10 миллиметрге чейин келет.
Гиганттык бүргөлөрдүн кан соруучу аппаратынын чоңдугуна караганда, алар динозаврлардын канын сорушкан. Ошондой эле ал кездеги бүргөлөр азыркылардан жакшы ыргый албаганы менен айырмаланарын окумуштуулар белгилешти.

Базарбек Абдураимов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
almadai
2012-04-29 18:29:54
жунтарач эмес жун кырккыч туура го
0
№ 488, 9-март - 15-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан