АЙЫМ, КҮНҮМ, АТА-ЭНЕМ
Сөзү, обону: Шакин Эсенгуловдуку
Ойноп жүрүп жыгылсам,
Үйрүлөсүң, апакем.
Жүрөгүңдү чок кылып,
Күйдүрөсүң, атакем.
Оо, апакем, ии, атакем,
Айым, күнүм, ата-энем.
Чыргоолонсом онтолоп,
Ашын берген апакем.
Чымын жанын аябай,
Жашын берген атакем.
Оо, апакем, ии, атакем,
Айым, күнүм, ата-энем.
Ортоңордо эркелеп,
Жетилейин, өсөйүн.
Айым, күнүм, ата-энем.
Кадырыңа жетейин.
Оо, апакем, ии, атакем,
Айым, күнүм, ата-энем.