ЙОГУРТ КАЧАН ПАЙДА БОЛГОН?

“Йогурт” – түрк тилинен бизче которгондо “коюлтулган” дегенди билдирет. Анын келип чыгыш тарыхы боюнча бир нече уламыштар бар. Алардын биринде айтылгандай, алгач йогуртту көчмөн калктар ойлоп табышкан. Көчүп бараткан учурда сүттү койдун терисинен ашатылып жасалган атайын идиштерге куюп алышкан. Узак жолдо теридеги сүткө бактериялар кирип, улам чайпала берип, сүт коюуланып уюп, өзүнчө азык пайда болгон.
Ал эми так маалыматтарга кайрылсак, йогурт Европага 1510-жылдары гана келип жеткен. Ал кезде эң бай адамдар гана аны ашказан ооруларына дары катары колдонуп, өмүрдү узартуучу азык деп билишкен. 1900-жылдары йогурт жалаң дарыканаларда сатылып, көпчүлүктүн колдонуусуна 1930-жылы гана берилген.
Йогуртту ар бир эл ар кандай атайт. Мисалы, татар, башкыр, өзбек, түркмөн элдери – “катык”, армяндар – “мацун”, грузиндер – “мацони”, тажиктер “чургот” дешет. Ал эми Индияда – “дахи”, Египетте – “лебен”, түрк, грек, румын элдери “йогурт” дешет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
simon
2012-03-12 20:50:10
Кыргыздар айран дейт!
0
№ 488, 9-март - 15-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан