Ырчылар сахнага чыкканда алардын кийимин, макияжын сынамай адатыбыз бар. Белгилүү стилисттердин жардамы менен сахна адамдарын иргеп алып WWW.SUPER. КG сайтыбызда сурамжылоого коюп, сахнанын саркечтерин аныктадык. Алардын алдыңкылары төмөнкүлөр...
ОМАР: «5000 СОМГО БИР КӨЙНӨК АЛГЫЧА, 500 СОМДОН ОН КӨЙНӨК АЛГАН ЖАКШЫ»
– Омар, каяктан кийинесиң?
– Эл сыяктуу дүкөндөрдөн эле кийинем.
– Кийимде эмне маанилүү?
– Анын түсү чоң мааниге ээ. Ар бир адамга жарашкан өң бар. Мага жашыл, көк өңдөр жагат. Кийимдин кымбатынан да тазалыгы маанилүү.
– Эң кымбат кийимиң...
– Өтө кымбат кийим алып көрө элекмин. Ашып кетсе 25 миң сомдук костюм-шымдарды алам.
– Эң арзаны...
– 20 сомдук байпак, 10 сомдук жүз аарчы. Ак көйнөктүн сапаты анча деле билинбейт го. Ошондуктан 5000 сомго бир ак көйнөк алгандан көрө, 500 сомго ошол көйнөктөн онду алган жакшы.
– Саркечсиңби?
– Өзүмдү саркечмин деп айта албайм. Жашоонун маңызы саркечтикте эмес, кылган ишиңде.
"Non-Stop" дуэти: «КИЙИМ САХНА АДАМДАРЫ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ»
– Чолпон, Максат, каяктан кийинесиңер?
– Жарашыктуу кийим көрүп калсак, кымбат-арзанына карабай ала беребиз.
– Сахнага чыкканга чейин кандай кийинчү элеңер? Азыр ал стиль өзгөрдүбү?
Чолпон: – Кыздар көбүнчө модага карап кийинебиз да. Журналдарды карап, ошого окшоштуруп кийинчүбүз. Сахнага чыкканда өтө деле өзгөргөн жокмун. Азыр команда менен кеңешип, кандай кийинип чыгарыбызды чечебиз.
Максат: – Азыркыдай эле кийимге көңүл бурчумун. Кийимимдин бир жери айрылып же бир нерсе болуп калса, шыр эле үйгө барып аны алмаштырчумун.
– Сахнадагы кийим кандай болушу керек?
– Ырга жараша болушу керек. Кыргызстан тууралуу ырдаса, кийими кыргызча, батыш стилинде ырдап жатса, ошого жараша кийинүү туура.
– Эң кымбат жана арзан кийимиңер...
Ч.: – 450 долларга тиктирген көйнөгүм – эң кымбат, 70 сомго алган байпагым – эң арзан.
М.: – 350 долларга Дубайдан ветровка алгам. Ошол эң кымбат кийимим. Эң арзан байпактар болсо керек, 50 сом.
– Кийим деген...
– Ч.: – Адам жөнүндө маалымат берет.
– М.: – Сахна адамдары үчүн маанилүү нерсе.
Каныкей: «САХНА МЕНСИЗ КЫЗЫКСЫЗ»
– Каныкей, каяктан кийинесиң?
– Сахнадагы кийимдеримди дизайнерлер-модельерлер тигип берет. Күнүмдүк кийимдеримди базардан эле сатып алам. Оригиналдуу кийимдерди алганды жакшы көрөм.
– Кайсы түстү жактырасың?
– Жан дүйнөмө сары түс жагат. Акыркы учурда көгүш түс жагып жүрөт.
– Кийимине карап кандай адам экенин билүүгө болот дегенге кошуласыңбы?
– Билип койсо болот деп айтышат. Бирок өзүм деле кээде кызыктай кийинип алам. Ошондуктан айта албайм.
– Эң кымбат жана арзан кийимиң...
– Кымбат, арзан деп майдалангым келбейт. Мага баары бирдей.
– Сахнадагы стилиңди жактырбагандарга кандай карайсың?
– Мени карап көздөрү жооруп жатканы үчүн аларды аяйм. Сахнада баары улуу жана сулуу. Ошондуктан мендей бирөө болбосо, жашоо кызыксыз болуп калат го.
– Негизи эле кийим деген сен үчүн эмне?
– “Адамдын көркү – чүпүрөк” дегендей, ал жөн гана чүпүрөк. Бирок чүпүрөктү өтө бийик көрбөйм. Анткени адам өлгөндөн кийин чүпүрөктөн эч кажет жок.
Бактыгүл Бадыева: «ЧЕТ ЖАКТАРДАН КИЙИНЕМ»
– Бактыгүл, каяктан кийинесиң?
– Чет жактардан кийингенге аракет кылам. Көпкө чейин чет жактарга чыкпай калсам, борборубуздагы дүкөндөрдөн эле кийинем.
– Кийимдин эмнесине көңүл бурасың?
– Албетте, кийим деген биринчи кезекте модалуу, экинчиден, сапаттуу, үчүнчүдөн, жарашыктуу болушу керек.
– Кайсы түстөргө басым жасайсың?
– Ак, кара, кызыл.
– Эң кымбат кийимиң...
– Кымбат кийим сырткы кийим болушу керек, менимче. Алар менин шубаларым. Бирөөсүн Москвадан, бирөөсүн Түркиядан алгам.
– Эң арзаны...
– 3000 сомго көйнөк алгам.
– Кийим деген сен үчүн...
– “Кийимге карап тосуп алат, акылына карап узатат” деген макал бар го. Ошондуктан, менин оюмча, ар бир аялзаты жакшы кийинип жүрүшү керек.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg