МЕЗГИЛ ЖАНА АЛЫКУЛ

Режиссёру – Айдай Чотуева
Сценарийин жазган – Айдай Чотуева
Аткаруучу продюсер – Нышанбай Топчубаев
Көркөм жетекчиси – Акылбек Мураталиев
Музыкасын жазган – Мырзалы Жээнбаев
Оператору – Санжар Абдыжапаров
Башкы ролдордо – Чыңгыз Мамаев, Назира Бердигулова, Гүлнур Асанова жана башкалар
Тасманын узактыгы – 1 саат 20 мүнөт
Бет ачары – 2012-жылы 18-мартта өтөт

КЫЗЫКТУУ ОКУЯЛАР

  • Тартууну баштаардан мурда чыгармачыл топ Алыкулдун “Ала-Арчадагы” мүрзөсүнө барып кой союп, куран окутушкан.
  • Фильмди тартып жүргөндө Ысык-Көлдүн Боз-Бешик айылында көлдүн жээги 1 чакырымга чейин тоңуп калыптыр. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, мындай көрүнүш 30 же 40 жылда бир кайталанат экен.
  • 2 мүнөттүк эпизодду тартуу үчүн Чокморов айылына барып келатып тумандан жол таппай адашып калышкан. Ар кайсы баш аламан жолго салып, Арашан (Стрельникова) айылына туш келишиптир. Мындан улам чыгармачыл топтогулар “касиеттүү Алыкул колдоп жатат” деп келме келтиришкен экен.
  • Тасмада кыргыздын залкарлары Муратбек Рыскулов менен Сабира Күмүшалиеванын образдары бар.
  • Тартуучу топто 15, ал эми фильмге баш-аягы 100дөн ашуун актёр катышкан.

АЛЫКУЛ – ӨЧПӨС ТАЛАНТ

Кыргыз поэзиясынын алпы, акын Алыкул Осмоновдун өмүр таржымалын баяндаган тасма жарыкка чыгуу алдында турат. Кыска өмүрүндө элдин көңүлүнөн түнөк таап, ырлары менен эсте калган курч калемгердин бейнесин режиссёр Айдай Чотуева фильминде кеңири ачып бергенге аракет кылган. Тасманын сценарийи буга чейин акын тууралуу жарык көргөн Кеңеш Жусуповдун “Сапар”, Памирбек Казыбаевдин “Мезгил жана Алыкул”, Медет Сейталиевдин “Алыкулга гүлдесте” чыгармаларынын негизинде жазылган. Тасманын сюжетин жазып отурууну туура көрбөдүк. Жакшысы, өз көзүңүз менен көргөнүңүз оң. Кино купулга толуп, үмүттөрдү актаса, улуу акын тууралуу фильм тартылганын айрыкча адабият сүйүүчүлөр чоң кубаныч менен кабыл алышары анык. Аталган тасма Айдай Чотуеванын режиссёр катары алгачкы эмгеги. Тасманын режиссёру жана башкы ролдогулар фильм тууралуу ой бөлүштү.

Айдай Чотуева: “КИНО ТАРТУУНУН БАРДЫК ЖОЛДОРУН БАСЫП ӨТТҮК”
– Кесибим боюнча журналистмин. Кино дүйнөсүнө аралашып калышыма кесибим себепкер. Буга чейин Эрнест Абдыжапаровдун мастер-классынан сабак алып, үч кыска метраждуу тасма тарткан элем. Анын бири дал ушул акын Алыкул Осмонов тууралуу “Сүйүү жана Алыкул” деген кыска метраждуу фильм эле. Мындан улам акындын чыгармачылыгына кененирээк токтолуп, ал тууралуу бүт маалымат булактарын таап окуп чыктым. Чынында, бул тасманын жарык көрүшүнө менден башка “Кыргызфильм” киностудиясы, “Алыкул үйү” борбору, Кыргызстан Жазуучулар союзу чоң көмөгүн көрсөтүштү. Сценарийин Алыкул изилдөөчүлөр Мундузбек Тентимишев, Памирбек Казыбаевге көрсөтүп, алар алымча-кошумчасын киргизгенден кийин ишке кириштик.
Сценарий даяр болгондо кастинг жарыялаганбыз. 120 чакты жаш талант катышып, тандалып алынгандардын көбүнчөсүн Жаш көрүүчүлөр театры (ТЮЗ), “Учур” жана “Дем” театрынын актёрлору түзүштү. Мисалы, Алыкулдун ролуна ага келбети жагынан окшош Чыңгыз Мамаевди, Алыкулдун сүйгөнү Айдай Жигиталиеванын ролуна Назира Бердигулованы, жубайы Зейнеп Талибованын ролуна Гүлнур Асанованы, Аскат Сулаймановду Темиркул Үмөталиевдин, Азиз Мурадиллаевди Абдрасул Токтомушевдин, Руслан Курманалиевди Мидин Алыбаевдин ролдоруна тандап алдык.
Тасма жеңил-желпи фильмдердин катарын толуктабайт деп ойлойм. Анткени бул эмгекти ишке ашырууда биз кино тартуунун бардык жолдорун басып өттүк. Тартуучу топту дайыма көркөм жетекчи, сүрөтчү, гримдөөчүлөр коштоп жүрүштү. 2-3 мүнөттүк эпизод үчүн Ысык-Көл, Жети-Өгүзгө чейин барып тартып жаттык. Мындан сырткары Чокморов, Кашка-Суу айылдарында, Сокулук районунда, Кой-Сарыга жакын жайлоолордо жана Бишкек шаарында тартылды. Биздин негизги максатыбыз Алыкулдун бейнесин көрөрмандарга ачып берүү болду.

Алыкул – Чыңгыз Мамаев: “ӨҢ-ТҮС ЖАГЫНАН АЛЫКУЛГА ОКШОШТУК ЖАЙЫМ БАР”
– Мен буга чейин Алыкулдун ролун театрда, спектаклдерде ойноп жүрчүмүн. Айдайдын “Сүйүү жана Алыкул” деген кыска метраждуу тасмасына да тартылгам. Ушундан улам “Мезгил жана Алыкул” фильмине кастингге өзүмө ишенип эле баргам. Алгач акындын образына кирүү абдан кыйын болду. Мен башында эле режиссёр менен сүйлөшүп, “Айдай, бул фильмге олуттуу мамиле кылыш керек, жалаң профессионал актёрлорду ал” деген кеңешимди айткам. Кээ бирөөлөр көчөдөн алып келип эле же “сулуу болсо болду” деп талантына карабай, көздү жумуп тартып жатышпайбы.
Башынан эле Алыкулдун образы татаал экенин билгем. Ал ролдун артында көптөгөн сындар жатат, бул жөнөкөй эле кейипкердин образы эмес да. Тасмада Алыкулдун образын жаратууга 100 пайыз даяр болбосом да, 50 пайыз даяр болчумун. Кубандырганы – жалаң менин муунумдагы актёрлор менен ойногонум. Мисалы, Алыкул, Жоомарт, Мукай бир муундун адамдары болсо, биз, чыгармачыл топтогу актёрлор да бир муундун балдары элек.
Өң-түс жагынан Алыкулга окшоштук жайым бар, бирок бул жөн эле дал келүүчүлүк деп ойлойм. Алыкулду өтө кырс адам болчу дешет, мен андай эмесмин. Эсимде, тасманын эң акыркы эпизодун Ысык-Көлдөн тартмакпыз. Ошондо режиссёр Айдайдын машинасында баратып үшүгөнүмдү айтпа. Же жылыткычы иштебейт, өзүм да үшүкчөөл жан элем. Буттарым какшап тоңуп калды. Келе жатып, аял киши 60тан ашырбай айдайт экен, же Бишкекке жетпейбиз десең. Эми ушунча кыйынчылык менен тартылган тасма эмгегибизди актап, жакшы кабыл алынса экен деген тилек.

Айдай – Назира Бердигулова: “МУРДА ШУМКАРГА ЖЕТПЕЙ КАЛСАМ, ЭМИ АЛЫКУЛ МАГА
ЖЕТПЕЙ КАЛАТ”
– Айдайдын образын жаратуу оор болду. Айрым аткара албай калган жерлерде Акылбек агай көп жардам берди. Чыгармачыл топто жалаң профессионал актёрлор ойногондуктан, талап катуу коюлду. Ошол 1935-жылдары ыйман-салттын күчтүүлүгүн мындан бил, кыздар тамеки тартмак түгүл эркектердин көзүнө карап сүйлөгөндөн тартынышчу экен. Алыкулга арналган чыгармаларды мектепте окуп жүргөндө эле баарын окуп чыккам. Кубандырганы, “Мен сүйгөн карагатта” мен сүйгөнүм Шумкарга жетпей калсам, бул тасмада Алыкул мага жетпей калат экен.

Зейнеп – Гүлнур Асанова: “НАМЫСТАНЫП, ЫЙЛАГАНГА МАЖБУР БОЛДУМ”
– Сценарийди окуганда Зейнепке аябай жиним келген болчу, “эмнеге ушундай залкар, таланттуу адамды таштап кетет?!” деп. Андыктан Зейнептин ролун аткаргым келген эмес. Эми бул каармандын образын жакшы эле ачып бердим го деп ойлойм. Зейнеп өзү чекчеңдеген аял экен, ошондой болуп аткарууга туура келди. Мени буга чейин “такай эле байкуш кыздын ролун аткара берет” дегендерге жооп болду окшойт. Дагы бир эсте калган окуя – Зейнептин кызы каза болгондо ыйлай албай, кечке эле күлкүм келип туруп алганым. Менде мындай болчу эмес эле, ыйлачу жерден ыйлап берчүмүн. Мени ыйлатыш үчүн тартуучу топтогулар атайын жаш чыгаруучу каражат берип жатышпайбы. Ошондон кийин намыстанып, ыйлаганга мажбур болдум.

Лунара Бекиева
kino@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
hstkind
2012-03-14 13:22:52
chynynda ele Gulnur Eje koruuchulordu baikush kyzdyn obrazy menen gana kondurup koigon da)))) adatta. chyn ele Gulnur ejege kyiyn ele boldu go
0
Oimo
2012-03-17 16:51:31
кино кино чынында кино бул чыныгы жашоо.Мен да актердук окуу жайына тапшырайын деп жатам.кенеш бергилечи жакшы татыктуу актер болуу учун кайсы окуу жайына тапшырган он?
0
malyshka123
2012-03-28 14:35:16
Кино абдан профессионалдуу тартылган.Актерлердун аткаргандыгы,оператордук иш,музыка абдан мыкты болгон.
0
wrest
2012-10-28 02:34:30
а
0
№ 488, 9-март - 15-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан