Каталондук «Барселонанын» жана Франция курама командасынын коргоочусу Эрик Абидаль бөйрөк оорусунан улам операция жасатуу үчүн бейтапканаларды түрө кыдырып жүргөн. Коомчулук анын ден соолугунан кабар күтүп жатса, ал күтүлбөгөн жаңылык жаратты. Бейтапканалардын биринде ал рак менен ооруган 15 жашар балага жолугуп калып, аны карап тура албай колундагы саатын чечип карматкан. Футболчу муну жашырганы менен, ал сааттын 30 миң доллар турары аныкталды. Бул окуя элдин эсине Оливье Капону түшүрдү.
Франциялык Капо 2008-жылы «Бирмингем Ситинин» стадионунда бут кийим тазалагыч болуп иштеген 20 жаштагы Жеймс Мак Пайкты катуу кубанткан. Бут кийим тазалагыч футболчудан эстеликке бут кийимин берүүсүн суранып, күтүлбөгөн жерден Мерседес S 320 үлгүсүндөгү унаанын ачкычын кошо алган. Оливье баасы 58 миң фунттук унааны тартуулап чектелбей, кийин да ага жардам берип жүргөн. Ооба, «футболчуга жыргал. Жөн эле ойноп, миллиондорду кучактап жатат» деген чындыкка туура келген кеп бар. Бирок ким эле ал акчасын атасы тааныбаган адамга жардам иретинде коротуп жатыптыр? Азаматсыңар!
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg