Бул ысымды укканда көпчүлүгүбүз көз алдыбызга чаар ала шахмат тактасын карап отурган кызды элестетебиз. Нуриза ачык, шайыр кыз экен, аны менен тил табышып кетүү оңой болду.
Туулган жылы – 1989-жыл, 12-январь.
Туулган жери – Жети-Өгүз району, Саруу айылы.
Жактырган ыкмасы – Испандык партия.
Кумири – Гарри Каспаров, Юдит Полгар.
Жетишкендиктери – Шахмат боюнча кыздар арасында КРнын 2 жолку, Универсиаданын 3 жолку чемпиону. Анкарада өткөн түрк тилдүү элдердин мелдешинин коло медалчысы. Эркектер арасында КРнын спорт чебердигине талапкерлигинин нормативин толтурган.
Үй-бүлөдө 2 уул, 2 кыздын үчүнчүсү.
Бойдок. Учурда Бишкекте жашайт.
Исхак Раззаков атындагы КТУнун бизнес жана башкаруу факультетинин 3-курсунун студенти.
– Саламатсызбы, майрамыңыз менен куттуктайбыз!
– Саламатчылык. Рахмат.
– Жүрөгүңүздү түшүргөндөй болбоюн, бирок «сүйүктүүңүз барбы?» деп сурагым келип жатат. Дегеним, майрамдан эмне белек күтүп жатасыз?
– Ооба, бар. Жакында үйлөнүшүбүз мүмкүн. Негизи, мен китепке жакынмын. Буга чейин мелодрама жанрындагы чыгармаларды окучумун. Жакындан тарта детектив жанрына кызыга баштадым. Ошондуктан китеп үмүт этип жатам. Баса, китеп демекчи, өзүм Кыргызстандагы шахматты чагылдырган китеп жазып жатам.
– Шахматты сүйгөн жан экенсиз, акылдуулардын оюну менен кандайча табышып калгансыз?
– Эл шахмат ийримине 3-4 жашта кабыл алынса, мен 13 жашымда үйрөндүм. Үй-бүлөдө баары шахмат ойногондуктан, алгач атамдан үйрөнгөм. Биринчи жолу мектепте ойноп, кийин райондук мелдештерге катыша баштадым. Эсимде, көп жолу байкем экөөбүз финалга чыгып, сүйлөшүп алып бири-бирибизге алмак-салмак утулуп берчүбүз. Алгач райондо, анан облуста чемпион болуп, көп өтпөй Республика чемпиондугун утуп алдым. Мындай чоң бурулуш бат эле болуп кеткенине кубанам. Өзүм Бишкекте жашаганым менен, Ысык-Көл облустук Шахмат федерациясынын атынан чыгам. Дүйнө чемпиондугуна чыккан алгачкы шахматчы катары былтыр облустун 70 жылдыгында мени облустун тарыхына жаздык дешти. Ошондой эле 2010-жылы Данияр Көбөнов Азия оюндарын утуп келгенде «Саруу айылынын сыймыгы жана жылдын мыкты спортчулары» деп экөөбүздү сахнага чыгарып сыйлашты.
– Шахмат кол оорутуп, бел жоорутпаган спорт түрү эмеспи. Бирок анда деле түйшүктөр болсо керек?
– Ооба, бар. Башка спортчулар аз тамактанып, ашыкча салмактан качышса, биздин диета – ашыкча маалыматтан качып, сыналгы көрбөө. Анткени телевизор көрүү менен мээге ашыкча маалыматтар киргенде ойду бир жерге топтоо кыйындап, ой жүгүртүү начарлап кетет. Ошондой эле улам түрдүү татаалдыктардагы жүрүштөрдү чечмелейбиз. Анан да отуруп ойногонубуз менен, биз да чуркап, көнүгүү жасап, физикалык жактан даярданабыз. Беттеш алдында ой жүгүртүүнү тездетүү үчүн көп кофе ичебиз.
– Дүйнөлүк шахматтын алпы Гарри Каспаров менен кезигиптирсиз...
– Ооба. Аны менен Орусиянын Ханты-Мансийскте өткөн Дүйнө биринчилигинде жолукканбыз. Сыйлуу конок катары чакырылыптыр. Кумиримди көргөндө андан кеңеш сурап, сүрөткө түшкөнгө ашыккам.
– Кумириңиз эркек экен. Негизи, шахматты эркектер жакшы ойнойбу же аялзатыбы?
– Негизи, эркектер күчтүү келип, алардын ой жүгүртүүлөрү да башкача. Кыздар тыкан ойношот да. Балдар “бардак” кылып, чачыратып ойношот. Мен эркектер менен көп ойноп өстүм. Анткени алар менен ойногон кызыктуу. Анан да алар менен ойногон соң кыздарды оңой жеңип алууга болот.
– Спортчулар көчүп-конуп эле жүрүшөт эмеспи. Сиз кайсы өлкөлөрдө болдуңуз?
– Негизи, “саякатым” 2005-жылы Франциянын Бельфорд шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда башталып, 2006-жылы Ташкентте, 2007-жылы Анталияда, 2010-жылы Ханты-Мансийскте, Анкарада болдум. Чынында, көп жерге жолдомо алып, бирок каражат жоктугунан бара албай калам. Былтыр каражат жок, мени Кытайда өткөн Дүйнөлүк Универсиадага барган курамдан чыгарып салышыптыр. Азыр жылуулукту университеттен гана сезем. Мен университетти аяктаган соң мага экинчи окууну сунуштап, азыр бекер окуп жатам. Бул үчүн окуу жайдын ректору Турат Дүйшөналиевге ыраазычылык билдирем.
– Намаз окуй турганыңыз көрүнүп турат. Качантан бери ыйман жолундасыз жана шахматка исламда жол берилеби?
– Исламда күрөшүүгө болот. Бирок кумар оюндарына жана бири-бирине зыян келтирген спортко тыюу салынат. Шахмат оюндардын кумар түрүнө кирет. Мен балагатка жеткенден тарта намаз окуп келем жана шахматты кумарга жеткирбей ойноп, буга искусство катары карайм.
– Жакшы экен. Рахмат маегиңизге.