КОМАНДАЛАР EURO 2012

ЧЕХИЯ

Футбол ассоциациясы түзүлгөн жыл – 1901-жыл.
Башкы машыктыруучусу – Михал Билек.
Мыкты бомбардири – Рекордчу: Я.Коллер (55 гол), учурдагылардан М.Барош (39).
Эң көп оюн өткөргөн – Рекордчу: К.Поборский (118 оюн), учурдагылардан П.Чех (88).
Эң ири жеңиши – 8:1 эсебинде Андорраны (2005-жыл, 4-июнь).
Эң ири жеңилүүсү – 3:0 эсебинде Швейцариядан (1994-жылы, 20-апрелде).
Жетишкендиги – «ЕВРО-1976нын» чемпиону (Чехословакия катары), «ЕВРО-1996нын» күмүш медалын, «ЕВРО-2000дин» жана «ЕВРО-2004түн» коло медалын уткан.
Учурда ФИФАнын рейтингинде 42-орунда турат.

«ЕВРОДО» ЭҢ ЖОЛДУУ КОМАНДА
Европа чемпиондугу чехтер үчүн өтө чоң мааниге ээ. Анткени алар 1993-жылы Чехословакиянын курамынан бөлүнүп чыккан соң бүгүнкүгө чейин бир да «Евронун» финалдык баскычын калтыра элек. Ошолордун ичинен ийгиликтүүсү «Евро-1996» болуп, күмүш медаль тагынышкан. Дүйнөлүк атакка ээ чехиялык оюнчулар Павел Недвед, Владимир Шмицер, Карел Поборски – дал ушул жылкы мелдештин жемиштери. Аталган оюнчулар Чехияга «Евро-2000дин» жана «Евро-2004түн» коло медалдарын алып берип, 2006-жылы курамды биринчи жолу Чехиянын желеги астында Дүйнө чемпиондугуна алып чыгышат. Бирок 2006-жылкы мундиалда алар тайпадан чыга албай калышкан. Ошондой эле «Евро-2008де» да мелдештин эшигин тайпалык баскычта жабууга мажбур болушса, «ЮАР-2010го» жолдомо ала албай калышкан.

УЧУРДА АЛСЫЗБЫ?
Чехия «Евро-2012ге» чыгуу үчүн бардык күчүн жумшап, акыры ыргымай оюндарында Черногорияны «ыргытып», Украина жана Польшага багыт алган поездге жетишип калды. Мелдеште башкы талапкер катары саналбаган Чехиянын тайпадан чыгарына ишенгендер аз. Жакында Владимир Шмицер: “Учурдагы Чехия тууралуу жакшы сөз табуу кыйын. Машыктыруучу да алсыз”,- деп билдирди. Ал эми 46 жаштагы Билек: “Поляктар жана гректер менен бир тайпага түшүүнү каалагам. Каалоом аткарылганына ыраазымын. Жакшысы, биз тайпадагы үч оюнубузду тең Чехияга эң жакын жайгашкан Вроцлав шаарында өткөрөбүз. Бул күйөрмандарыбыздын көп келип, мыкты колдоосуна шарт түзөт”,- деди. Ал Европанын мыкты клубдарында ойногон Милан Барош (“Галатасарай”, Түркия), Томас Росицки (“Арсенал”, Англия) жана команданын капитаны Пётр Чехке (“Челси”, Англия) ишенет. Чехия даярдыкты күчөтүү максатында 1-июнда Венгрия курама командасы менен ойнойт. Акыркы жолу алар 29-февралда Ирландия менен чыгып, беттеш 1:1 эсебинде аяктады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 488, 9-март - 15-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан