АЛП СТАДИОНДОР

«Стадион» гректин «стадий» сөзүнөн алынып, «спорттук оюндар өтүүчү аянт» дегенди билдирет. Алгачкы стадион Байыркы Грецияда Олимпиада оюндары үчүн курулган. Бүгүн стадиондордун көбү миллиондордун сүйүктүү оюну – футбол үчүн курулуп, ааламдагы алп стадиондор да футболго таандык. Алардын катарында тенниске ыңгайлашкан жана америка футболу өтүүчү стадиондор чанда гана.

«МАРАКАНА» ТАКТЫ БОШОТКОНДО...
Негизи, стадиондор олимпиадалык типтеги жана атайын спорт түрлөрүнө таандык болуп бөлүнөт. Айырмасы, олимпиадалык стадиондор чоң келип, майдан четинде машыгуучу, чуркоочу тилкелерге ээ. Ал эми футболдук, теннистик жана америка футболу өтүүчү стадиондор алардан майданда орундуктардын жакын жайгашышы жана тардыгы менен айырмаланат. Бүгүнкү күндө стадиондордун күнү тууп, спорттук беттештерден тышкары мамлекет башчылар жолугушуусун, чоң тойлорду жана концерттерди кабыл алып жатышат.
Буга чейин футбол сүйүү­чүлөрү эң чоң стадион катары Бразилиядагы «Маракананы» атай берип, тили жатыгып бүткөн. 1950-жылкы мундиалдын финалында Уругвай-Бразилия беттешин көрүүгө 199 850 киши чогулткан «Маракана» 1979-жылкы кайра куруу жылдарынан соң алп стадиондордун катарынан чыгып, 77 000 кишини гана батырып калган. Ал эми учурда ааламдын эң чоң стадиону футболдук өлкө болуп саналбаган Түндүк Кореяда жайгашканы көпчүлүктү таңдантса керек.
Материалда ааламдагы алп стадиондордун алдыңкы үчтүгү: легендарлуу «Ацтека», Европанын эң чоң стадиону «Камп Ноу» жана крикет стадиону болгон «Мельбурн» чагылдырылды. Негизинен, ал ондукта төмөнкүлөр бар: «Мичиган Стэдиум» (АКШ, 106 201 орун), «Огайо Стэдиум» (АКШ, 102 329), «Техас Мемориал Стэдиум» (АКШ, 101 096), «Нийланд Стэдиум» (АКШ, 102 031).

НАДАЛГА «ГИННЕССКЕ» КИРҮҮГӨ СТАДИОН ЖАРДАМДАШАТ
Теманы улай айтсак, 6-мартта мадриддик «Реал» өзүнүн 110 жылдык мааракесин белгилеп, ага карата уюшулган салтанаттар жыл бою уланмакчы. Андан пайдаланып, мадриддиктердин күйөрманы, теннисчи Рафаэль Надаль «Гиннесстин рекорддор китебине» кирүүнү көздөөдө. Дегеним, ал быйыл 14-июлда падышалык клубдун стадиону «Сантьягу Бернабеуда» швейцариялык теннисчи Рожер Федерер менен беттешип, эң көп күйөрман чогултууну көздөөдө. 85 500 киши бата турган стадионго кошумча орундар коюлуп, билеттер сатыла баштады. Эске салсак, азырынча эң көп күйөрман чогулткан теннистик беттеш – Серена Уильямс менен Ким Клейстерстин беттеши. 2010-жылы Брюсселде орун алган беттешке 35 681 киши күбө болгон. Эмне дейбиз, оюң ордунан чыксын, Рафа.

1-МАЙ
«1-Майды» курууда 12 архитектор, 34 инженер, 15 техник жана 800 кара жумушчу тер төккөн. Стадион 1989-жылы Кореяда аздектелген 1-Май – Эмгекчилердин күнүндө жаштардын жана студенттердин Дүйнөлүк 13-фестивалын өткөрүү үчүн курулган. 16 кырдан туруп, кадимки парашютту эске салган стадиондо футболдук беттештерден тышкары улуттук майрамдар жана театрлаштырылган шоулор өтөт. Шаарда жыл сайын август, сентябрда өтүүчү шоулор кишилердин эң көп келиши боюнча «Гиннесстин рекорддор китебине» кирген. Ага чейин эле стадион сыйымдуулугу менен аталган китеп бетинен орун тапкан.
Шаары – Пхеньян, Түндүк Корея
Команда – Футбол боюнча Түндүк Корея курама командасы
Орундардын саны – 150 000 киши
Колдонууга берилген жылы – 1989-жыл, 1-май

СОЛТ ЛЕЙК
Стадион Солт Лейк Сити шаарынын атынан «Солт Лейк» аталып же жөн гана «Индия жаштарынын стадиону» делип, эллипс формасын алган. Ал Индияда эң чоң имараттардын катарына кирет. Анын ичинде сыйлуу кишилер үчүн орнотулган лифттер, эс алуучу жайлар, ресторандар жана футбол, крикет, волейбол, гимнастика менен машыгуучу жайлар бар. «Солт Лейк» ошондой эле жеңил атлетика жана футболдук таймаштар үчүн да берилет. Легендарлуу дарбазачы Оливер Кан чоң футболдогу акыркы оюну үчүн дал ушул стадионду тандаган.
Шаары – Калькутта, Индия
Команда – «Ист Бенгал», «Мохун Баган» футболдук клубдары
Орундардын саны – 120 000 киши
Колдонууга берилген жылы – 1984-жыл
Архитектор – Сомнат Гош

БИВЕР СТЭДИУМ
«Бивер Стэдиум» курулуп бүткөндө 46 284 көрүүчүнү араң батырган. Бирок ага 3 ирет жасалган оңдоо-түзөөлөр аны дүйнөдөгү эң чоң стадиондордун 3-сабына алып келди. Стадион жергиликтүү университетке карап, аталган штаттын губернаторунун атын алган. Ал губернатордун өз кызматынан кийин аталган университетте иштегени менен байланыштуу. Ошондой эле ага америка футболу боюнча «Пенн Стэйт Найттэни Лайонс» командасы да ээлик кылат.
Шаары – Каунти, Пенсильвания штаты, АКШ
Команда – Америка футболу боюнча “Мичиган Вулверайнис” командасы
Орундардын саны – 107 282 киши
Колдонууга берилген жылы – 1960-жыл

АЦТЕКА
Бир кезде алп стадиондорду тизгиндеп турган бул стадион «тарыхтагы эң легендарлуу стадион» деген атка татыктуу. Анткени ал тарыхта 2 мундиалдын финалын кабыл алган жалгыз стадион. Дал ушул стадиондо айтылуу Диего Марадона Англиянын дарбазасына эки кооз голун киргизип, Аргентина курама командасы Дүйнө кубогун уткан. Ошондой эле «Ацтека» 1970-жылы «кылымдын беттеши» делген Италия-Германия беттешин кабыл алган. Стадиондо 1968-жылкы Олимпиада оюндарынын футболдук беттештери өтсө, 1999-жылы Рим Папасы Иоанн Павел II мексикалыктар менен «Ацтекада» жолугушкан.
Шаары – Мехико, Мексика
Команда – Футбол боюнча Мексика курама командасы жана “Америка” клубу
Орундардын саны – 105 200 киши
Колдонууга берилген жылы – 1966-жыл

МЕЛЬБУРН КРИКЕТ ГРАУНД
Бул стадион 1956-жылы Олимпиада оюндарын кабыл алган. Буга байланыштуу анын масштабы кеңейтилип, орундардын саны
120 000ге чыкса да, рекорддук көр­сөткүч катары 130 000 киши баткан. «Сидней-2000» Олимпиадасынын жалаң футболдук беттештери өткөн. 2009-жылы стадион спорттогу 7 кереметтин бири катары кабыл алынган. Анын тегерек-четинде канал жана бир катар спорттук объектилер бар. Анан да ал жакта жайгашкан кортто теннис боюнча Чоң Шлем түркүмүнө кирген ири мелдеш Австралиянын Ачык биринчилиги өтүп келет.
Шаары – Мельбурн, Австралия
Команда – Крикет жана футбол боюнча Австралия курама командасы
Орундардын саны – 100 000 киши
Колдонууга берилген жылы – 1954-жыл

КАМП НОУ
Европанын учурдагы чемпиону, каталондук «Барселона» – дүйнөдө эң көп күйөрманы бар клубдардын бири. Анын стадиону «Камп Ноу» (жаңы талаа) Европада эң көп күйөрман батыруучу стадион болуп эсептелет. «Камп Ноу» 1982-жылкы мундиалдын алдында кеңейтилип, Европанын эң чоң стадионуна айланган. Азыр «Камп Ноу» 5 жылдыздуу статуска ээ болуп, стадиондо «Барсанын» кеңсеси жана анын музейи бар. Стадионду кеңейтүү үчүн 2007-жылы клубдун 50 жылдыгында атайын сынак жарыяланып, орундуктарды 106 000ге чейин көбөйтүү сунушталган. Бирок дүйнөлүк каржы каатчылыгы тоскоол болгон. Кеңейтүүгө ага азыр эмне тоскоол экени белгисиз.
Шаары – Барселона, Испания
Команда – Испаниянын “Барселона” футболдук клубу
Орундардын саны – 99 354 киши
Колдонууга берилген жылы – 1957-жыл

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Sanjarbratt
2012-03-20 08:35:45
Надаль эркек
0
№ 488, 9-март - 15-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан