Толук аты-жөнү – Пак Ён Ха
Кесиби – Актёр, ырчы
Туулган жылы – 12-август, 1977-жыл
Туулган жери – Түштүк Корея
Билими – Чунан университетинин театр факультетин бүтүргөн
Каза болгон жылы – 2010-жыл, 30-июнь (32 жашында)
“КЫШ СОНАТАСЫНДАГЫ” САНХЁК ЭСИҢИЗДЕБИ?
Бул корей актёрунун жүзү биздин көрүүчүлөргө “Кыш сонатасы” сериалындагы Санхёктун ролунан улам таанымал. Ал эми Азия өлкөлөрүндө каарманыбызды актёр гана эмес, мыкты ырчы деп да билишет. Таланттуу түштүк кореялык ырчы жана актёр айрыкча Японияда абдан абройлуу. Баарыбыз сүйүп көргөн “Ва-Банк”(“Тагдыр оюну”), “Кыш сонатасы” сериалдарына саундтрек жазып, ал ырлар элге бат сиңип, хит чыгармалардын арасынан эч кимди алдына салчу эмес. Мына ушундай атак-даңкка ээ жаш ырчынын 2010-жылы 30-июнга караган түнү өз үйүнөн уюлдук телефондун ток өткөргүч зымына асылган денесин апасы тапкан. Актёр 32 жашында бул жарык дүйнө менен коштошуп, түбөлүк сапарга узап кеткен. Ал эми Пак тартылып жаткан “Сүйүү ыры” тасмасы баш каармансыз калган. Ён Ханын өз өмүрүнө кол салгандыгын кесиптештери шок абалында кабыл алышса, айрымдар үчүн анын өлүмү табышмак бойдон калды.
КОРЕЯ МЕНЕН ЯПОНИЯНЫН ДОСТУГУ ҮЧҮН...
Пак Ён Ха 1995-жылы “Сүйүү класстан башталат” фильмине алгачкы жолу тартылып, актёрлук кесиптин даамын таткан. Бул тасманы улай “Үмүттүн ыры”, “Кайра-кайра карап”, “Кар бүртүгү”, “Сүйүүдөн да улуу” сериалдарында роль аткарып, белгилүү боло баштайт.
Актёрго атак алып келген “Кыш сонатасы” сериалы 2002-жылы тартылып, түштүк кореялыктарга көрсөтүлөт. Ён Ханын бул сериалдан кийинки карьерасынын өсүшү толкуп-ташкан көл сыяктуу эле. Андан ары сериал бүткүл Азия өлкөлөрүнө сатылып, актёр Японияга барып ырчылык дараметин сынап көрүүнү чечет. Ал жактан 2008-жылы “Абада” жана 2009-жылы “Бир адамдын тарыхы” деген хит кинолорго тартылып, ал өлкөдө атактуулугу өсөт. Негизинен, аны эл Япония менен Түштүк Кореянын достугун бекемдеген инсан катары баалашчу.
“Ва-Банк” (“Тагдыр оюну”) сериалындагы “Бир гана кечээки күн үчүн” ырын дал ушул Пак аткарган. Ырчылык карьерасында Японияда бир нече альбом чыгарып, Корея менен күн чыгыш өлкөсүндө аншлаг менен концерт бергенге жетишкен. 2008-жылы “Абада” сериалынын саундтреги болгон “Сүйүү үчүн” ыры япон чартында 3-орундан ылдый түшпөй, ал эми 2008-жылы чыккан “Сүйүү” деп аталган ыр жыйнагы эң мыкты альбом болуп табылган.
ДЕПРЕССИЯДАН АРЫЛА АЛБАЙ ЖҮРГӨН
Пак басылмаларга берген акыркы интервьюларында чет өлкөдөгү узакка созулган жарнамалык роликтердин айынан депрессияга кабылып жатканын билдирген эле. Ага кошумча атасы ашказанынан рак оорусуна чалдыгып, анын айыккыс дарты уулун түйшөлтпөй койгон эмес. Актёрдун досторунун айтымында, Ён Ха акыркы кезде мурункудай жайдары эмес, түнт болуп кеткен. Көп сүйлөбөгөн, көп убактысын жалгыздыкта өткөргөндү жактырып калган.
Каза болордон 4 күн мурун интернеттеги өзүнүн жеке баракчасына футбол боюнча Корея курама командасынын дүйнөлүк чемпионатында утулуп калганын, бирок команда жакшы ойногондугун айтып, жердештерин жубаткан сөздөрдү жазып калтырган. 29-июнь күнү атасын массаж курсуна алпарып кайра келгенде “мен өкүнөм, кечириңиз мени! Сиздин ордуңузга мен оорусам болмок!” деген сөздү кайра-кайра айткан экен. Жамандык кимдин оюна келсин, атасы эч нерсени сезбептир. Бөлмөсүнө кирген бойдон актёрдун асылган денесин эртеси апасы табат.
АПАСЫ УУЛУ ЖӨНҮНДӨ МЕМУАР ЖАЗДЫ
Пак каза болгондон бир жылдан кийин апасы Ён Ханын балалыгын, үй-бүлө мүчөлөрү менен болгон мамилесин, шоу-бизнестеги дебютун, Японияны кантип багындырганын баяндаган мемуар жазып, китеп кылып чыгарган. Китептен актёр эч ким менен бөлүшкүсү келбеген табышмактуу жеке жашоосун, корей жана япон жылдыз кыздары менен түзгөн жакын мамилелерин, акыркы интервьюларын, буга чейин гезит беттерине жарыяланбаган сүрөттөрүн табууга болот.
КОРЕЯДА ЖЫЛДЫЗДАРДЫН АСЫНЫП ӨЛҮҮСҮ КӨП КАТТАЛАТ
Жылдыздар арасындагы суицид темасына кененирээк кайрылсак, анда Түштүк Корея өзүнүн өмүрүнө кол салган атактуулар эң көп катталган өлкө. Айрыкча соңку жылдары түштүк кореялык жылдыздардын арасында бул көрүнүш абдан көбөйүп кеткен. 2009-жылы 20 жаштагы топ-модель Дол Ким Парижде өз жанын кыйса, 2008-жылы актриса Чой Жин Силдин жуунуучу бөлмөсүнөн ток өткөргүч зымга асылган денеси табылган.
2005-жылы 190 миллиондук байлыгы бар “Самсунг” компаниясынын мураскору, 26 жаштагы Ли Юн Хунг Нью-Йорк шаарында асынып өлгөн.
Биз билген “Мыкты жигиттер” тасмасындагы “4 гүл” тобун жактырган үч кыз бар эмеспи, ошолордун биринин ролун ойногон жаш актриса Жанг Жа Енг да өзүнө-өзү кол салган.
“Кийинки кезекте эч ким болбой эле койсунчу...” деп корей күйөрмандары көз жаш төгүшөт.
Лунара Бекиева
star@super.kg