РОЗА ОТУНБАЕВАНЫН УУЛУ ҮЧҮН МАНАСТЫН ЭСТЕЛИГИ ЖӨН ГАНА ТЕМИРДИН БИР КЕСЕГИ...

Роза Отунбаеваны кыргыздын башын бириктирип, намыс үчүн, илгертен келе жаткан салт үчүн өз баласын өлүмгө тике кароого буюрган Курманжан даткага теңеп келебиз. "Өлкө оор абалда турганда баш болду, журт энеси болду, татыктуу башкара алды" деген мактоого татып келген Роза айымдын жалгыз уулу Атай Садыбакасовдун бир билдирүүсү кейишке салбай койгон жок.
Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын баш калаасында Манастын эстелигин ачып келбедиби. Роза айымдын уулу Атай ошол иш-чара тууралуу өз пикирин жазыптыр, интернетте социалдык тармактагы баракчасына. Атай мырзанын пикиринен кыскача үзүндү келтирсек:
Президент Манастын кезектеги эстелигин Москвада ачты. Ал 80 миллион сомду, башкача айтканда,
1 миллион 739 миң долларды чапчыды.
Орусиялыктарга каяктагы жомоктун баатырына бир жарым миллион доллар коротуунун эмне кереги бар? Бирок бул алардын акчасы дечи, мага десе өрттөп салбайбы, акчаларын.
Мага түшүнүксүз болуп жаткан жери, биз менен силердин акчаңардан 370 миң долларды, кайдагы темирди (Манастын эстелигин айтып жаткандагысы!) башка өлкөнүн кайдагы бир көчөсүнө коюу үчүн сарптоонун кереги бар беле? (Билишибизче, эстеликти жасап, тургузууга мамлекеттин казынасынан акча коротулбаган. Атамбаев, Бабанов баштаган чоңдордун акчасынан жасалган).
Депутаттар мамлекеттин 10 литр бензини үчүн биринин этин бири жешет, 100 доллардык айлыгы бар мамкызматкерлерди кыскартып жатышат. Анан эле миллион доллардын үчтөн бир бөлүгүн түзгөн акчаны каяктагы темирге (!), болгондо да мекенден 3 миң чакырым алыска жайгаштырууга коротушат...”
Экс-ажонун уулу, “башка өлкөгө темирдин бир кесегин ушунча акча коротуп койгондон көрө, ал акчаны өз өлкөбүздөгү маселелерди чечүүгө коротушпайбы” деген мааниде учурдагы ажону сынга алыптыр. Анын “өлкөбүздөгү маселелер чечилбей жатат” деп күйүп-бышканына ыраазы эле болдук дечи, бирок анын бүткүл кыргыз журту туу туткан Манасты темирдин бир кесегине теңегени таң калтырбай койгон жок.
Роза Исаковна Союз кезинде, кийин эгемендүү Кыргызстандын атынан көптөгөн чет өлкөлөрдө иштеп жүрдү. Албетте, мунун артынан уулу Атайга илим-билимдин очогу болгон өлкөлөрдөн билим алууга шарт түзүлдү. Кыргыздын канчалаган таланттуу, зирек, жигердүү жаштарынын көзү чачырап жетпей жүргөн жерлерде билим алды, жашады, тарбияланды. Ошентип жүрүп жан дүйнөсү эли үчүн маанилүү болгон руханий баалуулуктардан куру калган өңдүү. Атайдын мындай билдирүүсүн окуп, Чыңгыз Айтматовдун маңкурт тууралуу баяны эске кылт дей түшөт. Курсактын камы, экономика деген маселелер, албетте, алдыңкы орунда. Бирок жан дүйнө, руханий баалуулуктарды сызып салууга болбойт да. Алмаз Атамбаевдин: “Кыргыздын өнүгүп кетишине төрт гана нерсе катуу тоскоол жаратып келет: коррупция, улутчулдук, жердешчилдик, анан маңкурттук”,- деп бир кейигенин уктум эле. Бекеринен чыкпайт да мындай кейиштер.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
Bash-alaman
2012-03-13 13:09:57
"Илиада", "Одиссея"жазылган кундон бери ошол бойдон турат.Ал эми Манас кундон кунгу кобойуп 1млн саптан ашып кеттии .Атайчик ..сен бир аз китеп окуу.ЕВропада осконун менен сен Кыргыздын Манасын жоомок дегенин Акылдын тайкылыгы.
Сен КЫРГЫЗ бол..... Киргиз болбой...
0
asil-08
2012-03-13 15:04:03
чонураак кылып жасаса болмок жаш балага эшек мингизип койгондой болуп калган а оштогу эстелик нак манасты элестетет сурдуу болуп
0
Kyrgyz_jigit
2012-03-13 17:55:51
Мен бул иш аракетти эң туура деп балайт элем. Манасты кыргыздардан башка чет жакта эч ким билбейт...Ал эми гректердин Одиссеясын ким гана билбейт... Бүткүл дүйнө билет. Бул да болсо кыргыздын жүзүн, анын баатырлыгын, рухун, духун, башка элдерге таанытуу...
0
Kyrgyz_jigit
2012-03-13 17:59:39
Жогоруда жазышыптыр андан көрө балдар үйлөрүнө сарптаса туура болмок деп.Мени өзгөчө кыздар жазганы таң калтырбайт, келечектеги энелер мындай ойлогону албетте жакшы.Бирок мен ойлойм бул иш аракет кичине болсо Орус элдеринин кыргыздарга болгон мамилесин өзгөртүү менен көптөгөн пайдаларды алып келет деп
0
chikabom
2012-03-14 02:59:56
туура
0
Ханбийке
2012-03-14 03:34:41
Бул эстеликти курдуруш учун мамлекеттен бир тыйын корогон жок, эмнеге башка жерге эстеликтин кереги жок болчу? Абдан керек бул биз учун сыймык Москвада канчалаган кыргыздар эмгектенип, балдарын ошо жактан тарбиялап журушот алар Кыргызстанга келе албаса да балдарын ээрчитип барып турушат да.
0
bosmos7
2012-03-16 16:41:21
Ханбийке, Эн туура копчулук эмгектенип жургон Кыргыздар учун жакшы эле болду. Бирок бир аз окшошпой калган. Ошентсе да мейли. Ушул нерсени да жасашыптыр да Кыргыздар.
0
Azura
2012-03-14 07:42:54
Мен Атай мырзанын, темир деп кесе айтканы болбосо башка айтканына кошулам, элибиз жакырчылыкта жашап жатса, жолдорубуздун кебетесин карагыла, турак жайсыз адамдар, карылар уйу, балдар уйлоруно жумшаса кобуроок пайда болмок...
0
Taalaibek
2012-03-14 08:36:41
Менимче Атамбаевдики туура деп ойлойм. Бул эки олкону докстука чакыруу деп ойлойм. А Атайда кымындай деле акыл жок экен. Себеби Манас атабызды темирге тенеп койду. Мумкун Роза апасына кийин эстелик койулуп калса, аны дагы темир атайбызбы? Я Атай?
0
duba
2012-03-16 19:07:18
Tuugandar,bul nerse tuura ele boldu.Atambaevdi koldoym Manastin esteligin Moskvaga koydurganina.Biz Moskvadagilar ayabay siymiktandik,emne degende Manasti taanibagan chet eldikter taanidi jana bul nerse eki eldin birimdigin saktoo dep bilem.Oozuna ali kelbegender dooduroy bersin.
0
jonne
2012-03-16 20:11:57
эмне кереги бар жок жерден талашып, анда коро сыймыктанбайсынарбы чет олкодо манас атабыздын эстелигин турганга!Эми европага да бир эстелик орнотуш керек....
0
Таллас
2012-03-17 01:18:03
Атай ЭҢ ТУУРА сөздү айткан. Эстелик менен эч нерсени чечпейсиң. Ошол темирге акча короп жатканда Кыргызстанда бир бөйрөгүнө коротулчу акчадан көзү өткөн, жүрөгүнүн оорусун кетирчү операцияга каражат таба албай мүңкүрөгөн жарандар.. гана Атайдын сөзүн тушүнбөсө.. ал эми бүгүн курсагы ток, кийими бүтун "мен - патриотмун"
0
Таллас
2012-03-17 01:21:09
деген КУРУ СӨЗДҮ ооздун жели менен кошо сыртка айдап чыгуунун оор-жеңилдигин ошондой абал башына түшкөндө эле түшүнбөсө..
0
kurchunka
2012-03-17 13:36:19
Тан калыштуу... Бал ким бул кишиники да оз учурунда туурадыр бирок ушул кундо туура эмес айтып жатат.Манас Кыргыз элинин бирден бир тарыхы.Мисалы Пирамидалар Египеттин тарыхынын далили сыяктуу.Эгер эстеликтти же болбсо Эпостту тушурууго кеткен каражатты эсептесек анда чындап эле Манкуртизимдике баратбызбы деп ойлоп кетем.Атамбаевдин ушул созун угуп алып жаман жиним келген эле.оз элин манкуртка тенеп жатат деп корсо чын эле ошондойлорубуз бар окшойт арабызда
0
Oimo
2012-03-17 14:21:34
Озу деги бул эстелик кандай максатта коюлган.?Кыргыздар оруссяга барып турсун дегениби?Мага жаккан жок бул корсоткон эрдиги.Андан коро биздин ТАЛАСТА аыйлдын аттары орусча ат менен аталып турат.Бишкекте гилейген 4 район орусча аталып турат эмне президент мындай нерселерди корбойбу??
0
M.Lancer
2012-03-18 20:17:24
Ушундай пикириңди элге чыгараардан алдында энең менен кеңешип көрсөн болмок. (эмкиден кийин ошондой кылчы Атай) Антесең сени маңкуртка теңеп атышат.
0
№ 488, 9-март - 15-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан