АЖО АПАЛАРДЫН БАТАСЫН АЛДЫ

Кечээ, 8-Март күнү бүткүл Кыргызстан, дүйнө жүзү жаз күнүндөй жайдары кирип келген аялзатынын майрамын белгиледи. Ааламга көрк берип, мээрим төгүп турган асылзаттардын дарегине көптөгөн жылуу сөздөр, куттуктоолор айтылды. Ал эми биздин жамааттын мырзалары кыздарга өзгөчө белек тартуулашты:) Сүрөттөн сиз да көрсөңүз болот, окурман. Жумушка ушундай куттуктоонун коштоосунда, жакшы маанайда кирген кыздардын кубанычында чек жок.
Өмүрбек Текебаев баш болгон “ата мекенчи” мырзалар болсо, партиялаш жана ММКнын өкүлү болгон айымдарды гүл менен тосуп алып, ыр менен узатышты. Баарынан да таасирленткени, залдын босогосунда Өмүрбек Текебаев баш, министрлер төш болгон бир нече азаматтын улуу акын Омар Хайямдын аялзатка арналган ыр саптарын тартуулап, айымдардын алдында баш ийгени болду.
Акчаңарды аябай апаңардын колун аягыла, кышы-жайы жылуу суу болсун үчүн бирден Аристон сатып бергиле” деген президент Атамбаевдин куттуктоосу аялдардын жүзүндө жылуу жылмаюуну жаратты. Бул күнү президенттик аппарат Кыргызстандын булуң-бурчунан көп балалуу энелерди чакырып, ажо өз колу менен “Баатыр эне” төш белгисин, белегин берип кубантты. Бир гана жагымсыз жери, апаларды “үй кызматчысы” деп атагандары болду. Орусча ойлонуп, кыргызча жазганыбыздын кесепетиби? “Домохозяйканы” ушинтип которушкан өңдүү. Жакшысы, "баланча баланын энеси, баланча айылдын тургуну" деп эле коюшса болмок.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 488, 9-март - 15-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан