БАҢГИСООДАГЕРЛЕРГЕ ПОГОНЧОНДОР ДА КЫЗМАТ КЫЛЫШАТ...
ОРУСИЯ КОРГОО МИНИСТРЛИГИ Кыргызстандын аймагында жайгаштырылган орусиялык аскер объектилердин ижара акысы үчүн 15 миллион 466 миң 238 доллар которду.
“Жогорку Кеңеште кабыл алынган мыйзамдын аткарылышын азыркыдай 1 жылда эмес, 6 айдан кийин текшерүү керек”,- дейт ЖКнын ДЕПУТАТЫ КУРМАНТАЙ АБДИЕВ.
Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы болуп келген АБДИЛ СЕГИЗБАЕВ 2-март күнү аталган жумушу менен катар Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды.
“Кыргызстан көгүлтүр отун үчүн Казакстанга болгон 7 миллион сомдук карызын төлөбөсө, казак тарап биздин өлкөгө газ берүүнү токтоторун билдирди”,- дейт ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ МИНИСТРИ АСКАР ШАДИЕВ.
“Баңгизатын сатуучулар үчүн погончондор да кызмат кылышат, тагыраак айтсак, биздин эле кызматкерлер”,- деди БАҢГИЗАТЫН КӨЗӨМӨЛДӨӨ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН ТӨРАГАСЫ ВИТАЛИЙ ОРОЗАЛИЕВ.
2007-жылы жаңгак токоюн кыюуга 5 жылдык мораторий киргизилип, учурда анын мөөнөтү аяктаганын жана тыюу салууну дагы 5 жылга узартуу керек экенин депутат ТАЛАНТБЕК УЗАКБАЕВ билдирди.
Мектеп рэкетин кыскартуу үчүн рэкетчилик кылган балдардын ата-энелерине айып салуу керектигин ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРИ ЗАРЫЛБЕК РЫСАЛИЕВ маалымдады.
Орусиянын инвесторлору Кыргызстанда тигүү фабрикаларын иштетүүгө кызыкдар экенин «Мадина» соода комплексинин ээси, ДЕПУТАТ ТУРСУНТАЙ САЛИМОВ айтты.
ИИМдин 60% кызматтык унаасы начар абалда болгондуктан, алар өкмөттөн 100 кызматтык унаа сурап, аларды GPS МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУНУ пландаштырып жатат.
НАРЫН ОБЛУСУНУН КОЧКОР РАЙОНУНДА ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге жеткен шамал болуп, “Соң-Көл” соода борборунун 200 даана шифер менен рейкаларын, ал эми Ишеналы Арабаев атындагы орто мектептин 6 шиферин алып кеткен.
22 жаштагы кыргыз жараны АЛИНА РАСТУЛБЕКОВАНЫН төрөтүн Москва шаарынын метросунда кабыл алып, баласын аман сактап калган метро кызматкери Татьяна Бубнованы Орусиянын ИИМи куттуктады.
“Бизде бийликтеги коррупция тууралуу фактылар көп. Баарын чыгарабыз. Антпесек, мамлекет жок болуп кетүү коркунучунда турат”,- дейт ДЕПУТАТ КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ.
2010-жылдын Июнь окуяларына экстремисттик-диний уюмдардын тиешеси болушу мүмкүн экенин КЫРГЫЗСТАНДЫН МУФТИЙИ ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВ билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.