Шаардык Кеңеш мэрди шайлайт
4-март күнү Кыргызстандын Токмок, Каракол жана Ош шаарларында шаардык Кеңешке, 13 айыл өкмөтүндө айылдык Кеңешке шайлоо болуп өттү. "Көнгөн адат калабы..." дегендей, бул ирет да шайлоо шаарларда митинг менен коштолду. Жаңы мыйзамдын негизинде эми шаардык Кеңештин 30 депутаты мэрди шайлоо укугун алат.
Депутат болом дегендер көп
Үч шаардагы жергиликтүү Кеңештин депутаттыгына ат салган талапкерлердин саны боюнча Каракол алдыга озду. Анткени Каракол шаарында 1000ге жакын талапкер чыккан. Экинчилик Токмокто, анда 800 талапкер көрсөтүлгөн. Ал эми Ош шаарынан 597 талапкер катышкан.
Мырзакматов утту
Ошто өткөн шайлоого шаардын "шефи" Мелис Мырзакматов 6-класстагы баласы Рысбек менен бирге келип өз добушун берди. Оштогу шайлоодо бир нече каталар катталганын БШКнын башчысы Туйгунаалы Абдраимов билдирди. Оштогу шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Мелис Мырзакматовдун партиясы болгон “Улуттар биримдиги” 47,3 пайыз добуш алып, алдыга чыкты.
Токмокто добуштар кайра саналат
6-март күнү Токмок шаарында 50гө жакын адам жергиликтүү Кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууну талап кылып чыгышкан. “Мындай коррупцияга белчесинен баткан шайлоо эч жерде болгон эмес. Шайлоонун таза болушун каалайбыз”,- дейт “Замандаш” партиясынын мүчөсү Алмаз Усубаев. Алдын ала жыйынтык боюнча, эң көп добушту “Республика” партиясы алды. "Шайлоо таза өтпөдү" деген арыздардан, митингден улам БШК тарабынан добуштарды кайра санап чыгуу чечими кабыл алынды.
Караколдо митингдер парады
Каракол шаарында шайлоо процесси жабылган соң жаш балдар менен укук коргоо кызматынын кагылышуусу болуп өттү. Найтыйжада, бир канча адам жабыр тарткан. Жаш балдардын тобу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан. “Эгер биздин талаптар аткарылбаса, 12-мартта Каракол шаарында чоң митинг өтөт”,- дейт "Кыргызстан жаштар Кеңеши" кыймылынын мүчөсү Жеңиш Молдокматов.