“Пара алган” деп айыпталып, 2012-жылдын февраль айында кылмыш иши козголгон Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Оморбай Нарбековдун ден соолугу начар. Ошондуктан эч кандай көрсөтмө бере албайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги отурумда башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев билдирди. Эске салсак, У.А. аттуу жаран анын үстүнөн арыз жазып, бул боюнча чара көрүү тууралуу кайрылган. Арызда Нарбеков аталган адамды Ысык-Көлдөгү стоматологиялык ооруканага башкы врач кылып дайындоо үчүн 4000 доллар акча алып, бирок бул ишти аткара албай калган. Акчанын 2300 долларын кайра ээсине кайтарып берген.
Депутат Исмаил Исаков пара берген жаранды да кылмыш жообуна тартуу керектигин белгиледи. “Биз азыр "пара алды" деп Нарбековду гана каралап жатабыз. Бирок кызматты пара берип сатып алууну көздөгөн жаран да жоопко тартылышы керек. Нарбековдун жаш курагын, жасаган эмгегин эске алган жокпуз. Үч күн бою телекөрсөтүүдөн байма-бай берип жатып, анын ден соолугуна залакасы тийди. Натыйжада, ал оор абалда ооруканада жатат”,- деди.
ЖКнын тиешелүү комитети бул кылмыш иши боюнча тергөө аяктаганга чейин кийлигишпей туруу чечимин кабыл алды.