“Жол эрежесин бузду” десе эле айдоочуларды эстейбиз. Эми жөө адамдар да жолдо баратып эреже бузгандыгы үчүн мурдагыдан 4-5 эсе көп өлчөмдө акчалай айып төлөп калышы мүмкүн. Бул маселени Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева көтөрүп чыкты. “Мурда административдик айып 20-30 сом болсо, биз 100-200 сомго чейин айып салууну сунуштап жатабыз”,- деди депутат. Ушундай жол менен административдик эреже бузуулардын жана жол кырсыктарынын алдын алса болот деп эсептейт. Ыргал айым белгилегендей, өткөн жылдагы жол кырсыктарынын 20 пайызына жөө адамдар күнөөлүү болушкан. Ошондой эле депутаттар таштандыларды уруксат берилбеген жерге таштагандарга
1000 сомго чейин айып салып, ал акчаны банк аркылуу төлөө эрежесин киргизүүнү сунуш кылышты.