Бишкектин мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев Токмок шаардык соту тарабынан 7 жылга шарттуу түрдө соттолгонун Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Буга чейин бул иш Токмок шаардык сотунун судьясы Алмаз Калпаев тарабынан каралып, жабырлануучу тараптын макулдугу менен токтотулган болчу. Буга коомдо түрдүү сын-пикирлер да айтылган. Эске салсак, Азамат Исаев өткөн жылдын август айында автоунаасы менен каршылаш келе жаткан автоунааны сүзүп, кырсыктан 3 адам каза тапкан.