Мамлекеттик кадр кызматына тапшырган бир жылдык декларациясы боюнча бир катар чиновниктердин кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат чыкты. Мисалы, төрага Асылбек Жээнбековдун мүлкүнүн баасы 23,5 миллион сомду түзөт. Анын 1988-жылы 50 миң сомго үй, 2004-жылы 5 миллион сомго заңгыраган имарат, жабдуу, өндүрүштүк ишкана сатып алгандыгы белгиленет. Дагы 5 кыймылсыз мүлкү бар экени ачыкталган. Ошондой эле 2011-жылы катардагы депутат болуп турганда
616,2 миң сом, жумушунан сырткары 2 миллион 250 миң киреше тапкан.
Ал эми президент Алмазбек Атамбаевдин декларациясында анын 5 миллион 100 миң доллар чапчыган мүлкү бар экени жазылган. Атамбаевдин капчыгына өткөн жылы негизги жумуш орду боюнча эле 1 миллион 213,9 миң сом киреше түшкөн. Кыймылсыз мүлкү: 1995-жылы сатып алган 100 миң долларлык үйү, 3 миллион доллар деп бааланган жер тилкеси, 1989-жылы сатып алган 2 миллион долларлык имарат, жабдуу, өндүрүштүк жай жана 250 миң жана 80 миң сом турган унаа каражаттары бар.
Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун иш орду боюнча бир жылдык тапкан пайдасы 879 миң сом өлчөмүндө. Кызыгы, декларацияда Бабановго тиешелүү бир дагы кыймылсыз мүлк көрсөтүлгөн эмес.