Кечээ жакында УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталиновдун сот залына байкалбай кирип отуруп алганы дүң дей түштү эле, эми сенсация кезеги Ахматбек Бакиевде. 6-март күнү ЖКнын депутаты Дастан Бекешев: “Азыр Ахматбек Бакиев темир тордо жок, качып кетти дешүүдө. Бул маалымат боюнча Ички иштер министрлиги текшерсин”,- деп айтты. Көп өтпөй Жаза аткаруу кызматы "Ахматбек Бакиевдин 3-март күнү качып кеткени анык" деп билдирүү таратты.
Ал январь айында №35-жатак абагына которулган. Бир ай өтпөй "ден соолугу начарлап кетти" деген себеп менен Бишкектеги №6-ооруканага жаткырылган болчу. Ал жердеги "жашоо" да жакпадыбы, айтор, 6-февралга чейин жатып, андан кийин Ахматбек мырза жеке менчик ооруканалардын бирине “көчкөн”. Анан эмне болду? 3-мартта абактын кызматкерлери ооруканага келип эле Ахматбек Бакиевди сыйпалап таппай калышкан.
Эске салсак, Ахматбек Бакиев "2010-жылдын май айында тополоң уюштурган, улут аралык чыр-чатакты күчөткөн, мыйзамсыз курал-жарак алып жүргөн жана жерлерди басып алган" деп айыпталып, Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 7 жылга кесилген болчу.
"Азыр бул боюнча бардык тийиштүү бөлүмдөргө тапшырма берилди" деп ИИМ билдирүү жасады. Коомчулукта “атайылап эле качырып жиберишти. Кантип качмак эле?” дегендер чыгууда.