«СҮЙГӨН АДАМЫМ АГАМ БОЛУП ЧЫКТЫ»

«Бул окуя мени бүтүндөй өзгөрттү. Адамдарга болгон көз карашым, мүнөзүм, кыскасы, жашоом толугу менен башка нукка түштү. Башыма түшкөн окуяны сиздерге айтып алсам, жеңилдейт белем деген ой менен кайрылдым»,- дейт каарманыбыз.

«ЖЫЛУУЛУК ТАПТЫМ»
– Ал күнү аялдамада автобус күтүп тургам. Аңгыча жаныма кара түстөгү машина келип токтоп калды. Терезени түшүрүп:
– Кайда барасыз?- деди бир жигит.
Барар жеримди айтсам, “отуруңуз, жеткирип коёюн” деди. Мен да коркпой эле отуруп алдым.
– Атыңыз ким, ушул райондо жашайсызбы?
– Ооба, ушул аялдаманын артындагы үйдө турам. Атым – Мира.
– Меники Болот...
Барчу жериме жетип, жылуу коштоштук. Бейтааныш жигит андан ары кетти. Мен машинанын номерин эстеп калдым. Эки күндөн кийин дагы аялдамада турсам, алдыма келип токтоду. Түшүп баратканымда телефонумдун номерин сурады. Күндөрдүн биринде телефон шыңгырап, Болот:
– Эгер эртең бош болсоң, кечки тамакка барып келбейлиби?- деди.
– Макул.
Эртеси кечке жумуш менен алек болуп жүрүп кечке жуук үйгө келдим. Аялдамага чыксам, Болот бир кучак ак роза гүлү менен тосуп алып, бетимден назик өөп, машинага отургузду. Жан дүйнөм башкача бактылуу, мындай сезимге биринчи жолу кабылышым. Көчөлөрдү аралай кафелердин биринин алдына токтоп, алдын ала заказ кылынган столдон жай алдык. Кенен сүйлөшүп, өзү тууралуу да айтып отурду.
– Убагында Орусияда иштеп жүрүп орус кызга үйлөнүп, бул жакка келгем. Бирок көнбөй кайра кеткенбиз. Эми ажырашып кеттик.
Экөөбүз бири-бирибизден көп окшоштуктарды таптык. Убакыт өтө берди, тез-тез жолугуша баштадык. Жеңилимди жерден, оорумду колдон алып, көп жумуштарыма жардамдашып жүрдү. Болоттой эркектер чанда кезиксе керек.
Мен үйгө, Жалал-Абадга жөнөп жаткам. Ал күнү Болот убакыт бөлүп мага келип, таттууларды алып берди. Жөнөп жатканда эмнегедир “апаңа белек алдыңбы?” деп сурады, мен “ооба” деп жооп бердим.
– Бул дүйнөдө энеден ашкан ыйык эч нерсе жок, бирок менин энем кайда экенин билбейм... Мейли, бул теманы токтотолу, сен жакшы барып кел...- деп маанайы суз коштошту.

«ТАГДЫРЫБЫЗДЫ ӨЗГӨРТКӨН ТҮН»
– Арадан эки-үч күн өтүп, шаарга кайттым. Болотту сагынып келгем, андыктан ал үйүнө чакырганда каршы болгон жокмун. Ал түндү биз бирге өткөрдүк. Көзүмдү ачсам, таң сүрүп калыптыр, Болот чыгып кеткен экен. Текчеде турган буюмдарга көз жүгүртүп, аларды кызыгуу менен карап жаттым. Чоң эски альбомго көзүм түштү. Аскердеги сүрөттөрү альбомдун жарымына чейин экен. Аларды кызыгып карап жатканда Болот бөлмөгө кирип келди. Жаныма отуруп, сүрөттөрдү чогуу көрө баштадык. Барактап жатып өзүмдү, апамдын сүрөтүн көрүп шок болуп калдым. Мен бул сүрөттү бала кезимде өз үйүмдөн да көргөн болчумун. Аны үй жыйнап жатып шкафтын алдынан таап алгам. Анда апам колуна мени алып отуруп, жанында 5-6 жаштагы бала турган. Апама көрсөтүп, сүрөттөгүлөр ким экенин сураганымда “колумдагы кыз сенсиң, бул – курбумдун баласы. Аты – Болот” деген болчу.
Ал сүрөттөгү кыз мен экенимди Болотко айта албадым. “Булар кимдер?” десем, “бул менин апам жана карындашым...” деп оор үшкүрүнүп алды.
– Менин апам түштүктөн болгон экен, атам экөө бул жерде окуп жүрүп эч кимге айтпай баш кошуп алышыптыр. Төрөлгөнүмдү апамдын туугандары укканда мени атама таштатып, апамды алып кетишиптир. Апам карындашымды дарылатып жүргөндө атама жолугуп, “жок дегенде баламды бир көрүп кетейин” деп эстеликке мени менен сүрөткө түшкөн экен. Мунун баарын атам жашоосунун акыркы күндөрүндө айтып кетти. Атамдын айтканы боюнча, апамдын бактылуу турмушу, балдары бар экен. Карасаң, апам мага окшош,- деп бекем кучактап койду.
Жүрөгүм кансырап, жер астын-үстүн болуп, көзүм караңгылап кетти. Ал бөлмөдөн чыгып кетери менен сумкамды алып сыртка чуркап чыктым. Үйүмө жетсем эле тынчтанам деп ойлодум, бирок андай болбоду. Мен сүйгөн адам өзүмдүн бир тууганым экенине ишене албай, жүрөгүм эзилип жатты. Менде бир эле жол бар экенин түшүндүм, кетишим керек.
Ошол эле күнү агенттикке барып, батиримди жарнамага берип койдум. Андан соң таксиге отуруп Жалал-Абадга жол тарттым. Чарчап барганыма карабай үй жыйнамыш этип, ошол сүрөттү издей баштадым. Бирок таппай, апамдан сураганга туура келди. “Менин сүрөттөрүм бар эмес беле, ошону чоңойтоюн дегем” десем, апам бир заматта таап келди. Бул сүрөттүн сырын билеримди, ичимдеги бушайман ойлор муунтуп жатканын айта албадым. Себеби апамдын кан басымы жогору эле, апамды жоготуудан корктум. Түн бир убак болуп калганына карабастан, бул окуяга чекит койгум келип, апамдын бир тууган эжесиникине жөнөдүм. Колумдагы сүрөттү көрсөтүп, баарын айтып бердим. Көрсө, апамдын мурдагы турмушу болгонун эч ким билбейт экен, жадакалса атам да ушул күнгө чейин билбептир. Таежем гана билчү экен. Баары чечилди, сырдын бети ачылды...
Болот, мунун баарын өзүңө жолугуп айтып бере албайм. Билем, сен мени көп жолу издедиң. Мени кечир, Болот ага! Сен ушул гезитти дайыма калтырбай окуйсуң. Бул окуяны окуп түшүнөрсүң. Сага бакыт каалайм!
Мира

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (72)
tursunkulov
2012-03-15 23:47:52
балким чын, айбай кайгулу болуптур ушу око бирге жатбаганда айта алат еле
0
talan
2012-03-16 04:38:10
кордунорбу кыздар жеткизип койойун деген еле машинеге олтура бербегиле ато акенер чон атанар таякенер чыгып калышы мумкун
0
elnnura
2012-03-17 01:05:50
кайгылуу окуя болуптур го.ошон учун кошогого кирмейинче эч ким м.н кошулбаш керек да
+1
ezsuyu
2012-03-17 09:57:10
anday tagdyrdan kuday saktasyn
0
kyzia
2012-03-17 19:49:20
Билбейм негедир Бадыеванын клипин элестетип кеттим,Болот эшке чыкканда качып кеткенге чейин!
0
u4kunu4kun.
2012-03-17 22:45:03
никеси жок жигиттер менен жаткан озундо куноо!дура!ошондойлорго ким боорооруйт?!тем более ал жигит биринчиси эмес,и непоследний!мало тебе дура!!!
0
Jerry
2012-03-18 16:10:06
бирок Болот менен Мирага ото кыйын туйшук тушуптур башына.
0
bara
2012-03-18 19:30:35
энкыйын мааал эекоонотен.
0
Gulnisa23
2012-03-18 21:57:55
Кудайым ушундай тагдырды эч кимге жазбасын.Бул деген тиги апасынын жазаланышы го.куйоосунун никесине таза кирбей анан кызына корунуп жатпайбы.ар бир адам озунун намысынын астында таза болсо экен.Кудайым шайтандын жолунан куткар.
0
777bazamat
2012-03-30 16:50:41
калпко
0
mistersher
2012-04-06 13:10:40
bolushu mumkun.
0
Shekerbek
2012-04-14 15:38:17
жакшы калп экен
0
Venita
2012-04-18 23:21:11
Турмушта бардык нерселер болот экен, ушуга окшош мисалды укканым бар, эн кейиштуу окуя экен бул жашоодо ар бир адам бактылуу болууга укуктуу,бирок мындай нерселерден кудай озу сактасынын.
0
milashka90
2012-04-29 08:45:20
Чын эле го деп ойлойм.бирок ушундай нерселерди окусам эле жиним келет не азыр кыргыздарда намыс жок калганбы не бала.?отур десе коркпой таныбаган адамдын жанына отуруп алып.анысы аз келгенсип сраз никесиз жатып алып.муну окуган жигитер баардык кыздар ушундай деп ойлошот да.ушундайлардын айынан баардык кыздар жаман корунуп жатабыз.
0
nuri1972
2012-05-02 14:55:48
кыздар жаман эмес,ар бир кыз оз агасын жакшы корот.А Мира жакшы коруу сезимин суйууго алмаштырып алган Бул ата-эненин куноосу курбумдун баласы дебей эле аган бар деп айтуу керек болчу,Аты жонун да,,,
0
№ 488, 9-март - 15-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан