“Аль-Каиданын” лидери Усама бен Ладенди америкалыктардын жок кылгандыгы тууралуу тартылып жаткан фильм "Zero Dark Thirty" (“Түнкү он эки жарымда”) деп аталды. Бен Ладен өлтүрүлгөн Пакистандын Абботабад шаарында фильмди тартууга уруксат бербей койгондуктан, ал Индиянын Чандигархе деген жеринде тартылып баштаган эле. Бирок пакистандыктарды жактыра бербеген индустар ачуусу келип көтөрүлүшкө чыгышкан. Алар “бул жакта Пакистандын желегинин илинишине каршыбыз. Индияда кино тартылбасын” деген талаптарды коюшту. Тасма тартуучуларды полиция гана сактап калды.