“Трансформерлердин” төртүнчү бөлүгүнө роль жаратуу үчүн кастингдин башкача түрүн колдонушту. Дегенибиз, бир канча секунддук ролду аукционго коюп, аны 21 миң долларга сатышты. Мындан түшкөн акча балдар ооруканасына жардам катары жөнөтүлөт. Жеңүүчүлөр Сэнди жана Фрэд Стандли деген жубайлар болушту. Тасмага алардын кызы тартылмакчы. Тасма 2014-жылы сатыкка чыгат.