Валерий Николаев менен Ирина Апексимова “Буржуйдун туулган күнү” аттуу тасмадан кийин атактуу болушкан. Алар жашоодо да чогуу жашап, тасмада да сүйүшкөндөрдүн ролун ойношкон. Бирок тасманын экинчи сезонунда Ирина аткарган каарманды өлтүрүп салыш керек болот. Анткени ошол учурда жубайлар ажырашып кетип, Апексимова Валерий менен иштешкенден да баш тарткан эле. Ал экөө кайрадан чогуу жүрө башташты. Сыягы, 19 жаштагы кызы бар Ирина менен Валерийге бири-биринин кадырын түшүнүүгө 12 жыл кеткен өңдүү.